Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2021

Новости за 15.11.2021

Эл добуш берүүнүн жаңы эрежесин билеби?

Azattyk.org 

Кыргызстанда парламенттик шайлоо алгачкы жолу аралаш система менен өткөрүлө турган болууда. Ага ылайык добуш берүүнүн эрежеси да өзгөрдү. Аны коомчулукка түшүндүрүү кандай жүрүп жатат?    Коомчулукта маалымат жетишсиз болуп жатат "Азаттык" радиосу "Туура добуш берүүнү түшүндүңүзбү?" деген суроо менен Бишкектин айрым тургундарына микрофон сунду. “Шайлоо чейин дагы түшүнөбүз да. Кагазда көрүнүп турат, акылы жеткендин баары эле билсе керек". “Мен билбейм, үйдө балдар түшүндүрүп жатат. Бир мандаттуу деген бар экен... Читать дальше...

Добуш берүү жобосун билесизби?

Azattyk.org 

Алдыдагы парламенттик шайлоо аралаш система менен өткөндүктөн добуш берүүнүн эрежеси да өзгөрдү. Коомчулук кандай добуш берилерин билеби?

COVID-19: Вирустун жаңы толкуну кооптондурууда

Azattyk.org 

Европаны коронавирустун кезектеги толкуну каптап жатат. Австрияда эмделбеген жарандарга карантин жарыяланды. Германияда күнүмдүк көрсөткүч бир аптадан берип жогорулап, 20 миңден ашып жатат. Кытайда коронавирустун дельта түрүнө байланыштуу айрым чектөөлөр киргизилди. Коронавируска каршы вакцина ала элек австриялыктар эми кең-кесири каалаган жагына бара алышпайт. 15-ноябрдан тартып аларга зарыл иштери менен гана үйдөн чыгууга уруксат берилет. Бул тууралуу Австриянын канцлери Александр Шалленберг жекшемби күнү билдирди. Читать дальше...

Мигранттар кризиси: Путин Лукашенкону актады

Azattyk.org 

Евробиримдик Беларуска каршы жаңы катаал санкцияларды салууга жакындады. Польша көптөгөн мигранттарды чек арага ташып келгендин айынан чыңалуу күчөгөнүн билдирди. Поляк чек арачылары тилкенин өзүндө Беларустун күч түзүмдөрүнө кайрылып, аргасыз мигранттарды чек араны бузуп өтүүгө мажбурлап, анын артынан өлүмгө айдактап жатканын айыптады. 2 миңден ашуун мигрант 15-ноябрь күнү түшкө жуук поляк-беларус чек арасына, Брузги-Кузница өткөрмө бекетине келип, аларды тез арада Евробиримдиктин аймагына киргизүүнү талап кылды. Читать дальше...

Варшава НАТОдон жардам сурады

Azattyk.org 

Польша НАТОну кеңешке чогулуп, Беларус менен миграциялык кризисти конкреттүү кадамдар менен жөнгө салууга чакырды.  Латвия Беларуска жакын аймакта аскердик машыгуу өтөрүн жарыялады. Батыш Орусиянын Украинага кол салуу коркунучу өскөнүн эскертти. Киев Беларус менен чек арасын күчөтүлгөн тартипке күзөтүп жатат. "НАТО азыр жөн эле карап турганы жарабайт" Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий чек арада кысым күчөп бараткандыктан НАТОну кеңешүүгө чакырды. Аскердик союздун келишимине ылайык... Читать дальше...

Доскул Бекмурзаев: Энергокризис болбойт, Камбар Ата -1 ГЭСин салабыз

Azattyk.org 

Кыш келгени калкты жарык, көмүр менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр пайдаланылууда. Электр энергиясын чет өлкөдөн импорттоо техникалык себептерге байланыштуу убактылуу токтоп турат. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев "Азаттыкка" курган маегинде билдирди. Министр ошондой эле энергетика тармагын өнүктүрүүгө байланышкан дымактуу пландары менен бөлүштү.

Ливерпулдагы жардыруу теракт катары иликтенүүдө

Azattyk.org 

Британ полициясы Ливерпулдагы жардырууну теракт катары иликтеп жатат. Жекшембиде гинекология клиникасынын жанында такси жарылганда, анда отурган киши жан берген, айдоочу жарат алган. Түндүк Англиянын терроризмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Русс Жэксон 15-ноябрда билдиргендей, машинедеги жүргүнчү алып бараткан колго жасалган жабдуу жарылган. Окуяга байланыштуу 4 киши кармалды. Ливерпулдун бийлиги жана премьер-министр Борис Жонсон айдоочу жардыргыч затты байкап калып, таксиден чыга качкан, жүргүнчүнү болсо бекитип койгон деп билдиришти. Читать дальше...

Дастан Бекешев УКМКда сурак берип чыкты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгында 15-ноябрда үч саттан ашык сурак берип чыкты. Ал мекеменин алдында күтүп турган тарапташтары, укук коргоочулар жана адвокаттарга жолугуп,   шайлоонун үгүт мыйзамдарын бузууга байланыштуу сурак бергенин айтты. "Менин балдарым үгүт иштери менен жүрүшкөн. Алардын жанында жашы жете элек балдар бар экен. Жардамдашып жүргөнбү билбейм. Аларды кармап алып, "мына, үгүт кылып жүрөсүңөр" дешиптир. Читать дальше...



Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин башчысы Иранга барат

Azattyk.org 

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башчысы жакында Иранга баруу тууралуу чакыруу алды. Ислам жумуриятынын Тышкы иштер министрлиги 15-ноябрда билдиргендей, Рафаэл Гроссинин визитинин датасы сунуш кылынды, азыр Тегеран жоопту күтүп жатат. Жетекчи Ирандын тышкы иштер министри Хоссейин Амир-Абдолахиан жана атомдук энергетика тармагынын башчысы менен жолугушмакчы. Өткөн жумада Гросси Иран өкмөтү менен байланыштардын жоктугун сындап, “талкуулана турган тизме узун” деп айткан. Акыркы... Читать дальше...

Депутат Дастан Бекешев УКМКда сурак берип жатат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгында сурак берип жатканын социалдык тармактагы баракчаларына жазды. Ал "УКМК ага каршы кылмыш ишин ачканы жатканын, бирок анын үстүнөн бир да арыз даттануу түшпөгөнүн" билдирди. Атайын кызматтын Бишкек шаардык башкармалыгынын алдында турган укук коргоочу Азиза Абдирасулова Дастан Бекешевдин суракка алынышы тууралуу буларды айтты. "Бул жерде эки адвокат турат. Бирок имараттын ичине эч кимди киргизбей жатат. Читать дальше...

Садыр Жапаров элге көмүр 3000 сомдон сатыларын айтты

Azattyk.org 

Кыргызстанда 50гө жакын менчик чакан гидроэлектрстанцияларын курууга күбөлүк берилди. Үгүт иштери башталгандан бери шайлоо эрежесин бузган 128 факты катталды. Беларус менен Польшанын чек арасында турган мигранттардын ичинен сегиз киши каза болду.

Столтенберг Орусияны украин чек арасындагы аскердик ишмердигин жашырбоого чакырды

Azattyk.org 

НАТОнун Баш катчысы Йенс Столтенберг Орусияны украин чек арасындагы аскердик ишмердигин жаап-жашырбоого чакырды. Столтенберг орусиялык күчтөр чек арага жакын жерге "мурда болуп көрбөгөндөй санда жана масштабда" топтолуп жатканын белгиледи. АКШ жана Европанын расмий адамдары Украинанын чыгыш чек арасында орус аскерлеринин активдүүлүгүнө тынчсыздануу билдирип келатышат. "Орусиянын кырдаалды курчуткан чагымчыл же агрессивдүү аракеттери кабатырлануу жаратат", – деп айтты 15-ноябрда Баш катчы украин... Читать дальше...

Орусияда кул болгон мигранттар Европа сотунан акыйкат издейт

Azattyk.org 

Адам укуктары боюнча Европа соту 2012-жылы Москвада кулчулуктан куткарылган казакстандык жана өзбекстандык мигранттардын арызын карайт. Беш мигрант аялдын арызы сотко 2016-жылы жөнөтүлгөн. Биринчи арыз 2016-жылы Казакстандын жарандары эже-сиңди Фатима жана Алия Мусабаевалардан жана Өзбекстандын жарандары Гүлжанар Назанова менен Бакия Касымовадан түшкөн. Экинчи арызды 2018-жылы казакстандык Несибели Ибрагимова жөнөткөн. Борбор азиялык мигранттардын кулчулукка кабылган окуясы мындан тогуз жыл мурун Москва шаарында катталган. Читать дальше...

Бийлик жарандык коом тууралуу саясатын ачыктады

Azattyk.org 

Бишкекте 15-ноябрда жарандык коомдун өкүлдөрү менен кызматташтык талкууланган жыйында бийлик жарандык коом, бейөкмөт уюмдар боюнча позициясын билдирип, мындан аркы саясатын ачыктады. Бийликтин жарандык коомго сунушу Кыргызстандагы коомдук, бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн жана бийлик менен кызматташуусун талкуулаган жыйында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бийликтин жарандык коом менен иштешүү планы тууралуу баяндама жасады. Ал азыркы кабинет демократиялык баалуулуктарды бекем сактайт деп убада берди. Читать дальше...

Дүйнөлүк океанга 25 тонна таштанды ташталды

Azattyk.org 

Роботтоштурулган протездер колу-бутунан ажыраган мугалимди кайра ишине кайтарды. Музыка угуу менен Альцгеймер оорусуна таасир берүүгө болот. COVID-19га байланыштуу 25 миң тонна пластик таштанды дүйнөлүк океанга түшкөнү белгилүү болду. Бионикалык мүчөлөр мугалимди ишине кайтарды Мындан эки жыл мурун лондондук мугалим Кэт Трегенндин жашоосу толугу менен өзгөргөн. Ал жумуш убактысында өзүн жаман сезе баштагандыктан иштен суранып кетүүгө мажбур болгон. Дене табы түшпөгөн Кэт тез жардам кызматына байланышат. Читать дальше...

Орусия: зордуктоого шектелген полициянын мурдагы кызматкерлери акталды

Azattyk.org 

Екатеринбург шаарынын Ленин райондук соту 22 жаштагы казак жаранын зордуктоого шектелген полициянын мурдагы үч кызматкерин актады. Судья алардын аракетинде кылмыштын белгилерин тапкан жок деп айтылат соттун сайтындагы маалыматта. Бул тууралуу “Интерфакс” агенттиги кабарлады. Тергөөнүн версиясы боюнча 2019-жылы 18-августта Вадим Мустафин, Андрей Бессарабов жана Вячеслав Тропин аттуу тартип коргоочулар казакстандык кызды күчтөп кызматтык машинеге отургузуп зордукташкан. Үчөө тең кийин иштен алынган. Читать дальше...

Президент Жапаров: өкмөт көмүрдү 3000 сомдон сата баштайт

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров өкмөт Бишкекте Кара-Кече кенинен казылган көмүрдү 3000 сомдон сатып баштарын билдирди. Бул тууралуу ал 15-ноябрда Бишкектин четиндеги ЖЭБ-2 ишканасынын жанындагы жашоочулар менен жолугушууда айтты. "Көмүрдүн баасы бүгүн 3000 сомго түшөт. Бишкекте бир жерге түшүрүп жатабыз. Дарегин билбейм. Маалымат социалдык тармактарга, телевидениеге чыгат. Муну өкмөт уюштуруп жатат. Ташып келгендер 6000 сомдон сатып жатат. "Бааны түшүр" десек түшүрбөй коюшту. Эми өзүбүз колго алып 3000 түшүрүп салалы деп атабыз. Читать дальше...

Тбилисиде Саакашвилини колдоо акциясы өтүп жатат

Azattyk.org 

Грузин парламентинин оппозициялык "Бирдиктүү улуттук кыймыл" партиясынан 9 депутат жекшембиде мурдагы президент Михаил Саакашвилини колдоо иретинде ачкачылык жарыялашты. "Новости-Грузия" сайтынын маалыматына караганда, алар ачкачылыкты парламент имаратында кармашмай болду. Партиянын кеңсесинде депутаттарга лидерлердин бири Георгий Барамидзе кошуларын билдирди. Дагы бир мыйзам чыгаруучу, "Дроа" партиясынын жетекчиси Елена Хоштария 3-ноябрдан бери ачкачылык кармап келатат. Алар Саакашвилини кадимки ооруканага которууну талап кылышууда. Читать дальше...

Өкмөттө Бишкектеги ыш маселеси талкууланды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 15-ноябрда өкмөттүн жыйынында борбордогу ыш маселесин көтөрүп, муниципалитет менен биргеликте экологиялык маселелерди чечүүдө ишти күчтөндүрүүнү тийиштүү мекемелерге тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Мындан сырткары мамлекеттик органдарга көмүрдү арзандатуу, элди көмүр жана күйүүчү-майлоочу майлар менен үзгүлтүксүз камсыздоо тапшырмалары коюлду.  Бишкекте акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды. Читать дальше...

Балдар арасында сасык тумоо менен пневмония көбөйдү

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда,  курч респиратордук инфекциялар (ОРВИ) менен катталгандардын саны август айында 11,9 миң учур болсо, октябрь айында 31,3 миң учурга көбөйгөн. Сасык тумоо менен катталган бейтаптардын эң көбү чоңдор жана балдар арасында жана Бишкек шаарына (ооругандардын жалпы санынын 41%  ашыгы) туура келет. Кийинки орунда Чүй облусу (25%  жакыны) менен Ысык-Көл облусу (13% ашыгы) турат. Октябрь айында сентябрь айына салыштырганда 2,3 эсеге, августка салыштырганда 2,6 эсеге көбөйдү. Читать дальше...

ИИМ диний экстремисттик уюмдардын соцтармактагы ишмердүүлүгүнө каршы күрөшөт

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) диний экстремисттик уюмдардын социалдык тармактагы ишмердүүлүгүнө күрөш күчөтүлөрүн билдирди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, ушул жылдын 9 айында социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүлүп, диний-экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдардын идеологияларын таркатуу жана пропагандалоо менен алектенген жалпы 63 сайт жана 20 аккаунт аныкталды. Соттук-эксперттик кызматтын корутундусунун негизинде соттун чечими менен 38 сайтка бөгөт коюлду. Читать дальше...

Улуттук олимпиада комитетинин аткаруу комитети жыйын курду

Azattyk.org 

Бүгүн 15-ноябрда Бишкекте Улуттук олимпиада комитетинин (УОК) аткаруу комитетинин отуруму өттү. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна аткаруу комитетинин мүчөсү, Кыргызстандын Спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы Кабыл Макешов билдирди. Жыйында 2017-2020-жылдардагы ишмердүүлүк боюнча УОКтун башкы катчысы Саламат Эргешов баяндама жасады. Күн тартибиндеги экинчи маселеге ылайык, комитетке жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу планы каралды. Башкы ассамблеянын жыйынында төрт жаңы федерация кабыл алынмай болду. Читать дальше...

Кыргызстан “Мегаком” боюнча эл аралык арбитраждык сотто биротоло утту

Azattyk.org 

Кыргызстан 300 миллион доллардан ашык суммадагы “Мегаком” уюк операторуна байланыштуу ишти Лондон шаарында эл аралык арбитраждык сотто биротоло утту. Бул тууралуу Юстиция министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, Penwell Business Limited компаниясы 2017-жылдын июль айында Кыргызстанды эл аралык арбитраждык сотко берип, өлкө “БиМоКом” (“Мегаком”) компаниясынын инвестицияларын ээлеп алган деп даттанган.  298 миллион доллар өндүрүүнү талап кылып келген. Быйыл, 8-октябрда арбитраждык сот аны четке каккан. Читать дальше...

Пашинян азери аскерлерин "чек араны бузду" деп айыптады

Azattyk.org 

Армениянын президенти Николь Пашинян азери аскерлерин "чек араны бузду" деп айыптады. Өткөн ишемби-жекшембиде Ереван менен Баку ок атышпоо келишимин бузгандыгы үчүн бири-бирине доомат артышкан. 15-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөгөн Пашинян «Азербайжан менен чек аранын чыгыш бөлүгүндө азери аскерлери Армения жумуриятынын аймагына кирип келишкенин» билдирди. Баку тараптан азырынча комментарий түшө элек. Премьер-министр канча аскер чек араны бузганын тактаган жок, бирок ал окуя үчүн коргоо... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *