Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2021

Новости за 17.11.2021

Кабулда бир күндө эки жардыруу болду

Azattyk.org 

Ооганстандын борбору Кабулда 17-ноябрда эки жардыруу бир кишинин өмүрүн алып, алтоо жарадар болду. Биринчи жардыруу Кабулдун батыш тарабында болуп, бир нече кишини жаракат алган. Экинчиси бир нече сааттан кийин ошол эле аймактан алыс эмес жеринде орун алды. Азырынча жардыруу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Бирок жардыруулар “Ислам мамлекети” террорчул уюму буга чейин уюштуруп келген жардырууларга окшош экени айтылууда. Ооганстандагы бийликти колуна алган “Талибан” кыймылы өткөн жумада "ИМ" тобунун 600дөй мүчөсүн кармаганын кабарлаган.

Жаңы парламент кандай болот?

Azattyk.org 

Парламенттик шайлоого 10 күндөй убакыт калды. Учурда үгүт өнөктүгү активдүү жүрүп жатат. Жаңы Конституция жана шайлоо мыйзамдарына ылайык, шайлоодон кийин кандай парламент келет деген суроо кызуу талкууда. Жаңы шайланган Жогорку Кеңеш кандай болот? Кыргызстанга кандай парламент керек? Бул суроолорду «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө талкуулайбыз. Талкууга БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Элвира Сурабалдиева, укук коргоочу Динара Ошурахунова жана саясатчы Өмүрбек Суваналиев катышты.

Меркель менен Лукашенко миграция кризисин талкуулады

Azattyk.org 

Германиянын канцлери Ангела Меркель менен Беларустун лидери Александр Лукашенко 17-ноябрда дагы бир жолу телефондон сүйлөшүп, Беларус-Польша чек арасындагы миграция кризисин талкуулашты. Сүйлөшүү тууралуу алгачкылардан болуп Беларустун “БелТА” маалымат агенттиги жазып чыкты, бирок анын мазмуну белгисиз. Меркель Лукашенко менен 15-ноябрда да телефондон сүйлөшүп, чек арадагы миңдеген мигранттарга жана качкындарга гуманитардык жардам көрсөтүү маселесин талкуулаган. Евробиримдик Польша менен Беларустун... Читать дальше...

БУУ: Ооганстанда апийимдин көлөмү көбөйдү

Azattyk.org 

БУУ  билдиргендей, Ооганстанда апийимдин мыйзамсыз өндүрүшү былтыркы жылга караганда 2021-жылы 8%  өстү. Быйыл Ооганстанда 6800 тонна апийим чогултулган. Бул тууралуу Улуттар Уюмунун Маңзат жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү агенттигинин 16-ноябрда жарык көргөнбаяндамасында айтылат. Документтеги маалыматка караганда, апийимден оогандар 1,8-2,7 млрд. долларга чейин киреше табышкан. «Ооганстандан чет жакка мыйзамсыз каналдар аркылуу чыгарылган маңзаттан кыйла ири суммадагы каражат түшөт», - деп жазылат баяндамада. Читать дальше...

Евробиримдик мигранттарга жардам иретинде 700 миң евро бөлөт

Azattyk.org 

Евробиримдик Польша менен Беларустун чек арасындагы мигранттарга жардам катары 700 миң евро бөлүп берет. Мындай билдирүүнү Европа комиссиясы бүгүн расмий сайтына жарыялады. Бул каражаттан 200 миң евро Кызыл жарым ай жана Кызыл чырым эл аралык уюмдарынын Беларустагы өкүлчүлүктөрүнө берилип, мигранттарга гуманитардык жардам көрсөтүү, тамак-аш жана дары-дармек сатып алууга жумшалат. Калган 500 миң еврону Европа комиссиясы мигранттарга башка эл аралык гуманитардык жардам көрсөткөн уюмдар аркылуу бөлүп берет. Читать дальше...

"Ош электр" ишканасы жылыткычтарга мөөр басылганын ырастады

Azattyk.org 

"Ош электр" ишканасы өз кызматкерлери Баткен облусунун Кадамжай районунда үйлөргө рейд жүргүзүп, жылыткычтарга мөөр (пломба) басып жатканын ырастады. Мекеме мындай чаралар энергоресурстарды үнөмдүү пайдалануу жана авариялык абалды алдын алуу үчүн жасалып жатканын билдирди. Буга байланыштуу "Ош электр" Ош, Баткен облустарында жана Ош шаарында рейддерди уюштуруп жатканын кошумчалады. Анын жүрүшүндө, токту чектен ашыкча колдонгон учурлар аныкталып, энергияны көп талап кылган жылыткычтарга убактылуу мөөр асылган. Читать дальше...

“Алтын-Казык” конушунун жарыгы карыздан улам өчүрүлгөнү кабарланды

Azattyk.org 

“Түндүк электр” ишканасы Бишкектин четиндеги “Алтын-Казык” конушунда электр жарыгы эмнеге өчүрүлгөнү тууралуу түшүндүрмө берди. Мекеменин маалыматы боюнча, “Алтын-Казыкта” жашаган абоненттин карызы 301 миң 527 сомго жетип, 16-ноябрда конушта жарык өчүрүлгөн. Бул аймактын жер тилкеси трансформация боло электигине байланыштуу “Түндүк электр” конуштун тургундары менен келишим түзө албайт. Буга байланыштуу Келдибекова аттуу абонент жашоочулардын атынан бөлүштүрүүчү компания менен келишим түзгөн.... Читать дальше...



Бишкекте арзан көмүр талашка түштү

Azattyk.org 

Бишкектеги эки кампада тоннасы 3 миң сомдон сатылып жаткан арзан көмүргө узун кезек жаралды. Арасында кары-картаңдар, жаш балалуулар бар. Бул аралыкта көмүр ташыган автоунаалардын айдоочулары бааны арзандатууга каршылыгын билдирип чыкты. "Кечээ 731-болуп кезекке жазылып кеткем..." Бишкектин батыш тарабындагы арзан көмүр сатылып жаткан кампада эки күндөн бери ызы-чуу. Бир күн мурун эле миңден ашуун киши көмүр алууга кезекке турган. Бирок кечке алардын үчтөн биринин гана кезеги жетиптир. "Кечээ 731-кезекке жазылып кеткем. Читать дальше...

Бишкек: арзан көмүр талашка түштү

Azattyk.org 

Бишкектеги эки кампада тоннасы 3 миңден сомдон сатылып жаткан арзан көмүргө кезек күткөн элдин узун кезеги жаралды. Арасында кары-картаңдар, жаш балалуулар бар. Бул аралыкта көмүр ташыган автоунаалардын айдоочулары бааны арзандатууга каршылыгын билдирип чыкты. "Кечээ 731-болуп кезекке жазылып кеткем..." Бишкектин батыш тарабындагы арзан көмүр сатылып жаткан кампада эки күндөн бери ызы-чуу. Бир күн мурун эле миңден ашуун киши көмүр алууга кезекке турган. Бирок кечке алардын үчтөн биринин гана кезеги жетиптир. Читать дальше...

Айрым жерлерде көмүрдүн баасы 10 миң сомго чыкты

Azattyk.org 

Бишкекте көмүрдү 3000 сомдон саткан жайларда кезек узарды. Борбордо бир мандаттуу шайлоо округунан ат салышып жаткан талапкердин өкүлү добуш сатып алууга шектелип кармалды. Армения менен Азербайжан Москванын ортомчулугу менен ок атышууну токтотту.

Бишкектин өтүнүчү менен Орусияда Тажикстандын дагы бир жараны кармалды

Azattyk.org 

Тажикстандын Исфара шаарынын тургуну Комилжон Юлдошев Бишкектин өтүнүчү менен Москвадан кармалды. Бул тууралуу “Озоди” радиосуна Юлдошевдин туугандары кабарлады. Кармалган жарандын тууганы Осимжон Юлдошевдин айтымында, 29 жаштагы Комилжон 16-ноябрда Москванын “Домодедово” аэропортуна учуп  келгенде кармалган. “Ага Кыргызстандын өтүнүчү менен издөө жарыяланганын айтышкан. Комилжон ушул убакка чейин аэрпортто турат. Бүгүн ага прокурор келип, бөгөт чарасын аныкташы керек,” – деди Осимжон Юлдошев. Читать дальше...

Чүйдө жол кырсыгынан үч адам мерт болуп, алты киши жаракат алды

Azattyk.org 

17-ноябрда Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Чүйдүн Ысык-Ата районундагы тилкесинде УАЗ үлгүсүндөгү автоунаа менен "Тойота Ипсум" кагышып, унаалардын бири өрттөнүп кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен үч адам мерт болуп, алты киши жаракат алды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) куткаруучулар жабыркагандарды автоунаадан чыгарып, “Тез жардам” кызматкерлерине өткөрүп беришкенин билдирди. 16-ноябрда эле Кара-Суу районунда ири жол кырсыгынан сегиз адамдын өмүрү кыйылып, 14 киши жараат алган. Бир ай мурун Таластагы аварияда тогуз киши набыт болгон. Читать дальше...

Шайлоо: бийликтин эскертүүсү жана жоопкерчилиги

Azattyk.org 

Шайлоо башталган күндөн тартып президент Садыр Жапаров мыйзам бузгандар жоопкерчиликке тартыларын бир нече жолу эскертти. Ага карабай, бийликтин атын жамынгандар, добуш сатып алуу, үгүт эрежесин бузган фактылар катталууда. Президенттин кайра-кайра эскертүүсү Парламенттик шайлоого 10 күндөн ашыгыраак убакыт калып, үгүт иштери менен кошо мыйзам бузуулар дагы күчөдү. Ал ортодо президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун атын пайдалангандар жоопкерчиликке тартыларын... Читать дальше...

Жарыктын өчүрүлүшүнө нааразы болгондор айланма жолду тосуп алышты

Azattyk.org 

Бишкектин четиндеги Теңдик айылы менен “Алтын-Казык” конушунун жашоочулары электр энергиясынын өчүрүлүшүнө нааразы болуп, айланма жолду тосуп алышты. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы автожолдун торолгону тууралуу маалымат саат 18:00дөрдө түшкөнүн, милиция кызматкерлери окуя болгон жерде коомдук тартипти камсыздап жатканын билдирди. Социалдык тармактарга тараган видеолордо бир нече адам жолду тосуп, автоунааларды өткөрбөй жатканын көрүүгө болот. Быйыл Токтогул суу сактагычындагы... Читать дальше...

Сегиз өмүрдү жалмаган Кара-Суудагы авария

Azattyk.org 

Кара-Суу районунда ири жол кырсыгында мүрт кеткендердин жакындары мамлекеттен коопсуздукка көңүл бурууну суранышууда. 16-ноябрда бул райондогу аварияда сегиз адамдын өмүрү кыйылып, 14 киши жараат алды. Айрымдары ооруканага жаткырылды. Бир ай мурун Таластагы аварияда тогуз киши набыт болгон. Өлкөдө жыл сайын катталган миңдеген жол кырсыктарында 800гө жакын кыргызстандык жарык дүйнө менен кош айтышууда. Чак түштөгү каргаша Жаңы-Алай айылынын 60 жаштагы тургуну Абдыразак Обозов кичиавтобуста эч... Читать дальше...

Кыргыз киносунун архивин сактаган Федоров

Azattyk.org 

17-ноябрь - "Кыргыз кереметинин" туулган күнү. Улуттук майрамга айланган бул күнү кыргыз киносунун гүлдөгөн доорунун күбөсү, кино-сүрөтчү Александр Федоровду кепке тарттык. Александр Федоров 30 жылга жакын "Кыргызфильм" киностудиясында иштеп, "Ак кеме", "Көчө", "Караш-Караш", "Жалаң эркектер", "Махабат закымдары", "Бакайдын жайыты" өңдүү көркөм тасмаларда сүрөтчү-художник болгон. Ал Болот Шамшиев, Геннадий Базаров, Альгимантас Видугирис, Төлөмүш Океев баштаган кыргыз кинорежиссерлору менен чогуу иштеген. Читать дальше...

Таласта катуу шамалдан терек кулап бир киши мерт болду

Azattyk.org 

Талас облусунда 17-ноябрда болгон катуу шамалдан эки терек кулап, 46 жаштагы киши мүрт кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы маалымат таратты. Шамал Талас айылындагы Цыренин атындагы орто мектептин спорт залынын 120 м2 чатырын, Көк-Дөбө айылындагы Дүйшөнбиев атындагы мектептин 30 м2 чатырын учуруп кетти. Бала-Саруу айылынын “Бала-Саруу” мектебинин чатырынын 100 м2, Кызыл-Жылдыз айылындагы Рахманбердиев орто мектептин 120 м2 чатыры жабыркады. Кырсык болгон... Читать дальше...

Талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк түзүлгөнбү?

Azattyk.org 

Конституциялык жаңы мыйзамдарга негизделген парламенттик шайлоо пропорционалдык жана можаритардык (аралаш) системага ылайык өтөт. Анда шайлоочуларды, талапкерлерди кандай мүмкүнчүлүктөр, тобокелчиликтер күтүп жатат? Шайлоо жараянында талапкерлерге тең укуктар жана мүмкүнчүлүктөр түзүлдүбү?   “Азаттык” бүгүнкү “Арай көз чарай” талкуусунда ушул жана башка суроолорго жооп издейт. Талкууга Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев, “Жарандык платформа” коомдук фондунун жетекчиси Айнура... Читать дальше...

Президент сот бийлигинин ишин жөнгө салган мыйзамдарга кол койду

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын сот бийлигинин ишин жөнгө салган төрт конституциялык мыйзамга кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы 17-ноябрда билдирди. Биринчи «Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө» мыйзам. Документ Кеңештин статусун, түзүү тартибин аныктайт. Анын тогуз мүчөсүн президенттин, Жогорку Кеңештин, Элдик курултайдын жана юридикалык коомчулуктун өкүлдөрү түзөт. Экинчи «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» мыйзам. Ал судьялардын статусун... Читать дальше...

Юстиция министрлиги: Кыргызстан “Скай Мобайл” боюнча арбитраждык ишти жапты

Azattyk.org 

Кыргызстан “Скай Мобайл” (Beeline соода маркасы) уюлдук оператору боюнча арбитраждык ишти жапканын бүгүн 17-ноябрда өлкөнүн Юстиция министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 73,8 миллион долларлык иш Лондондогу эл аралык арбитраждык сотто каралып жаткан. 2018-жылдын ноябрында Menacrest AG жана VIP Kyrgyzstan Holding AG компаниялары “Скай Мобайл” иши боюнча 73,8 миллион доллар өлчөмүндө кенемте талап кылып Кыргызстанга каршы арбитраждык териштирүү баштаган. 2021-жылдын февраль айында... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *