Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2021

Новости за 13.11.2021

Дарыгердин арманы...

Azattyk.org 

Үч жылдан бери дүйнөнү эңги-деңги кылган апаат кары адамдын эң жакын адамын – небересин алып кетти. Тоосу урап, күнү батты, күндөр суз, супсак. Ырысбай Абдраимовдун “Сүйдүргү да, күйдүргү” аңгемесинде ушу тапта адамзат башынан кечирип жаткан алаамат сүрөттөлгөн. Жан кызым Таятасы менен небересин байланыштырган телефон, күн алыс кызынын “ата” деген үнүн укканда дүйнөсү түгөл, андан башка бакыттын абышкага кереги деле жок. Бир укмуш элжирейт, бир сөзгө ушундай балкыйт. Мурда кантип жүрдү экен десең. Читать дальше...

Эл жакшыларын эске салган көргөзмө

Azattyk.org 

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде сүрөтчү Асан Турсункуловдун "Алтын уютку" деп аталган көргөзмөсү өттү. Анда көрүнүктүү маданият өкүлдөрүнүн портреттери жана сүрөтчүнүн эркин темадагы 200дөй эмгеги коюлган. Алардын арасында “Азаттык” радиосунун көзү өтүп кеткен чыгаан журналисттери Зайырбек Ажыматов жана Уланбек Эгизбаевдин дагы сүрөтү бар.

Боршайком Шыкмаматовго 7,5 миң сом айып пул салды

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке "Ынтымак" партиясынан талапкер Алмамбет Шыкмаматовго 7,5 миң сом айып салды. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди. Шыкмаматовдун үстүнөн Социал-демократтар партиясынын катчылыгынын башчысы Таалайбек Усубалиев арызданган. Ал парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү расмий баштала электе Коомдук биринчи канал "Биздин айыл" деген 25 мүнөттүк берүү көрсөткөнү, анын басымдуу бөлүгүн Шыкмаматов менен маек ээлегени билдирген. БШК Таалай Усубалиевдин арызын карап... Читать дальше...

Кара-Буурадагы убактылуу кармоочу жай талапка жооп бербейт

Azattyk.org 

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы кылмышка шектүүлөрдү убактылуу кармоочу жайды текшерип, андагы начар шарттарды аныктады. Бул тууралуу аталган борбордон кабарлашты. "Камактагы №1 камерада беш адам отурган, алардын ар бирине 2,3 кв метрден гана туш келип жатканын, ал эми санитардык нормага ылайык, ар бир адам 3,25 кв метрге туш келет. Мындан сырткары камактагылар кир төшөнчүлөргө, керебеттердин жана жууркан-төшөктүн жоктугуна, ал эми кээ бирлери... Читать дальше...

Таласта үгүткө окуучулар катышты деген маалыматты милиция текшерүүдө

Azattyk.org 

№21 Талас шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эмилбек Абдыкадыров үгүт иштерине окуучуларды катыштырды делген маалыматты милиция текшерүүдө. Бул тууралуу 13-ноябрда Талас облустук милициясынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди. 12-ноябрда Фейсбук колдонуучусу Болот Байысов видео жарыялаган. Анда Эмил Абдыкадыров жана анын тарапташтары "Манас ордо" комплексине кирип келе жаткан учурда көйнөк кийген үч окуучу кыз нан көтөрүп чыкканын, комплекстин эки кызматкери, мындан... Читать дальше...

Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада үч коло байге алды

Azattyk.org 

Кыргызстандык окуучулар физика боюнча эл аралык олимпиадада үч коло медалды багындырышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. 19 өлкөнүн окуучулары катышкан Ахмад ал-Фергани атындагы физика боюнча эл аралык олимпиада 8-ноябрдан 13-ноябрга чейин Өзбекстандын Фергана шаарында онлайн жана офлайн форматтарда болуп өткөн. Кыргызстандык окуучулар Фергана шаарына барып катышкан. Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча 11-класстын окуучулары: Денис Сапарбек уулу (Кадамжай), Нияз Жусупбеков... Читать дальше...

Европа өлкөлөрү коронавирустан улам кайрадан чектөө киргизе баштады

Azattyk.org 

Европанын бир нече өлкөлөрү коронавирус жугузгуп алгандар көбөйгөнүнө байланыштуу кайрадан чектөөлөрдү киргизе баштады. Эмдөөнүн көрсөткүчү жана саламаттык сактоо системасынын салыштырмалуу жогору экенине карабастан Европада коронавирус жугузган адамдардын саны октябрдын башынан бери өсүп жатат. Акыркы жети күндүн ичинде Европада 2,1 миллиондон ашык учур катталып, 2020-жылдын ноябрь айынын биринчи жумасында белгиленген рекордду жаңыртты. Беш мамлекет – Британия, Германия, Орусия, Түркия жана Украина ... Читать дальше...



Кубанган, ызаланып ыйлаган балдар. Шахмат боюнча Президенттин кубогунан видео

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Бишкекте шахмат боюнча балдар арасында КР президентинин кубогу өттү. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан 6дан 14 жашка чейинки 350 шахматчы катышты. Алар жаш курагы боюнча 5 категорияга бөлүнүп, кыздар менен уул балдар өзүнчө таймашты.

"Азаттык" партиясы журналист Ыдырыс Исаковдун үстүнөн БШКга арызданды

Azattyk.org 

"Азаттык" партиясы эркин журналист Ыдырыс Исаковдун үстүнөн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылды. Аталган партиянын арызында Ыдырыс Исаков YouTube каналы аркылуу "партия Ош шаарынын борбордук аянтындагы шайлоочулар менен жолугушууда административдик ресурсту пайдаланып жатат деп жалган маалымат таратканы" айтылат. "Азаттык" партиясы "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга таянып Ыдырыс Исаковдон YouTube каналы аркылуу төгүндөө материалын акысыз жайгаштырууну талап кылган. Читать дальше...

Аба ырайы: тоолуу аймактарда кар жаайт

Azattyk.org 

Синоптиктердин маалымдашынча, 14-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14; Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 9…14; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3... Читать дальше...

Бишкекте Тилек Мураталиевдин элесине арналган бильярд боюнча турнир өтүп жатат

Azattyk.org 

Бишкекте “Турар” басмаканасын негиздеген Тилек Мураталиевдин жаркын элесине арналган бильярд боюнча экинчи эл аралык турнир өтүп жатат. Бул тууралуу мелдештин башкы калысы, спорт журналисти Кабыл Макеш билдирди. Турнирге Кыргызстан менен Казакстандан 24 бильярд чебери катышууда. Тилек Мураталиев 1960-жылы Кочкордо туулган. 2020-жылы инфарктан улам көз жумган. Мураталиев 2016-жылы кыргыз маданиятына кошкон салымы үчүн «Даңк» медалы менен сыйланган. Маркум көзү тирүү кезинде кыргыз акын-жазуучуларына колдоо көрсөтүп... Читать дальше...

Байден Польша-Беларус чек арасындагы абалга тынчсыздануусун билдирди

Azattyk.org 

АКШнын президенти Жо Байден Польша-Беларус чек арасындагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирди. Ал жерде миңдеген мигранттар Евробиримдикке өтүүгө үмүттөнүп, Беларус тарапта оор шартта баш калкалап жатышат. Ушундай эле пикирин мурдараак вице-президент Камала Харрис Францияга жасаган иш сапары учурунда айткан. "Беларус абдан кооптуу иш менен алек. Бул нерсени мен президент Макрон менен талкууладым. Дүйнө жана анын лидерлери болуп жаткан окуяларга көз салып турат", - деди Харрис маалымат жыйынында. Читать дальше...

"Неберемди саттык...". Ооганстандагы ачкачылыктын арааны

Azattyk.org 

Эл аралык уюмдар менен финансылык институттар дүйнө коомчулугун Ооганстанды “кеңири жайылган ачарчылыкка” жеткирбөө үчүн чектөөлөр менен санкцияларды тезирээк карап чыгууга үндөштү. Суук түшүп, кыш жакындаганы ансыз да азап чегип келген эл ого бетер кыйын абалга дуушар болду. Ооганстандын түштүгүндөгү эң ири оорукана Кандагар шаарында орун алган. Акыркы жумаларда ал жакта азык-түлүк тартыштыгынан ооруга чалдыккан наристелер кескин көбөйдү. Ооганстандагы элдин айрымдары "Жокчулук, ачарчылык бизди ушундайга жеткирди... Читать дальше...

Москва районунда курал-жарак сакталган жер табылды

Azattyk.org 

Чүй облусунун Москва районунун аймагында курал-жарак сакталган жер табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) кабарлады. Маалыматка ылайык ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында Москва районунун аймагынан QSZ-92 үлгүсүндөгү эки даана магазини бар тапанча, бир нече гильза, тротил таякчасы, эки детонатор жана колго жасалган жарылуучу зат сакталган жер табылды. Алдын ала маалымат боюнча, алынган курал-жарак, ок-дары жана жардыргыч заттар өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн даярдалганы аныкталган. Читать дальше...

"Шамбала" тасмасынын режиссеру Түркияда эң мыкты номинациясын жеңди

Azattyk.org 

12-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарында өткөн "Коркут ата - Tүрк дүйнөсү" эл аралык фильм фестивалында Кыргыз Эл артисти жана режиссёр Артыкпай Сүйүндүковго "Мыкты режиссура" номинациясында сыйлык ыйгарылды. Сүйүндүков тарткан "Шамбала" тасмасы фестивалдын толук метраждуу фильмдер номинациясында ат салышкан. Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде жаралган бир жарым сааттык "Шамбала" тасмасы Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" студиясында 2020-жылы тартылып бүткөн. Фильмдин дүйнөлүк премьерасы... Читать дальше...

Шайлоо-2021: талапкерлер үчүн иштен кеткендер

Azattyk.org 

Кыргыз бийлиги 28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоодо административдик ресурсту колдонууга жана добуш сатып алууга жол бербей турганын байма-бай билдирүүдө. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу аралаш система менен өтүп жаткан парламенттик шайлоодо кандай өзгөчөлүктөр болушу мүмкүн? Ал тапта Ош облустук ички иштер башкармалыгы шайлоого катышып жаткан бир партиянын өкүлү акысыз бензин үчүн талон таратканы аныкталгандыгын билдирди. Буга чейин атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев талапкерлер... Читать дальше...

COP-26: Кыргызстандын жаштарынын атынан жалгыз делегат катышты

Azattyk.org 

Глазгодо өз ишин аяктаган Бириккен Улуттар Уюмунун климаттык өзгөрүүгө байланыштуу тараптардын 26-саммитине Кыргызстандагы жаштардын атынан студенттеринин жашыл экономика үчүн коомдук бирикмесинин директору Омар Дайыров жалгыз өзү катышты. Ал саммиттеги жаштардын кайрылууларына арналган 5-ноябрдагы иш- чарасына катыша албай калганын “Азаттык” радиосуна билдирди. “Британияга виза ачуу процесси узакка созулуп кеткендиктен, саммит бүтөрүнө үч күн калганда гана Глазгого келдим. Кыргызстандын жаштарынын... Читать дальше...

УКМК уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) опузалап ири өлчөмдө акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы кабарлады. Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү “З.Б” аттуу жаран “С.А” аттуу жарандан 2 млн. сом акча каражатын опузалап талап кылып, акчаны алып жаткан жеринен кармалган. Кармалган кылмыштуу топтун өкүлү УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо... Читать дальше...

Коронавирустан үч бейтап каза болуп, 70 учур жаңы катталды

Azattyk.org 

13-ноябрда Кыргызстанда коронавирустан дагы үч бейтап кайтыш болду. Үчөө тең вакцина албагандар экенин Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады. Ушуну менен өлкөдө коронавирус жугуп, кайтыш болгондордун расмий саны 2702ге жетти. Акыркы бир суткада 70 киши инфекцияны жугузуп алганы аныкталды. Оору жуктургандардын көбү Бишкек шаары менен Чүй облусунда. Ош шаары менен Жалал-Абад облусунда ооруну жуктуруп алгандар катталган эмес. Бишкек - 24 Ош шаары - 0 Ош облусу - 11 Чүй облусу ... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *