Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2021

Новости за 03.11.2021

Баткен коогасы: Ак-Таштагы кара так

Azattyk.org 

Кыргызстандын эгемен тарыхында "Баткен коогалаңы", "Баткен окуясы" жана "Баткен согушу" деген аталыштар менен калган каргашалуу окуя Жалал-Абаддагы Чаткал районунда да болгон. 2000-жылы 11-сентябрда "Өзбекстан ислам кыймылы" террордук тобунун жети жоочусу Чаткалдагы Ак-Таш айылына өтүп келген. Бир канча саатка созулган атышууда согушкерлердин баары жок кылынган, Кыргызстандын күч органынын эки кызматкери - милициянын ага лейтенанты, 33 жаштагы Муратбек Туйтунов менен милициянын сержанты, 24 жаштагы Мирдин Тугельбаев окко учкан. Читать дальше...

Сибирде беларустук Ан-12 учагы кулаганы маалымдалды

Azattyk.org 

Орусиянын Иркутск шаарынын жанында Ан-12 учагы кырсыкка учурады. Бул тууралуу Сибирдин авиациялык куткаруу борбору билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, бортто жети киши бар болчу. ТАСС агенттигинин чукул кызматтагы булагы учак Якутскиден Иркутск шаарына баратканда радарлардан жоголгонун, аэропортко жакын жердеги Пивовриха айылы жакка кулаганын айтып берди. Беларустун “Гродно” авиакомпаниясына таандык Ан-12 учагы жүк ташып бараткан. "Росавиация" билдиргендей, учак Чукотск автономдуу облусуна азык-түлүк... Читать дальше...

Тышкы саясатта тең салмактуулук сакталабы?

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Глазгодогу климаттын өзгөрүүсүнө каршы саммитке катышты. Анын алкагында Жапаров бир катар дүйнөлүк лидер менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул окуя соңку күндөрдөгү кыргыз медиасынын күн тартибинин башкы сабына чыгып, талкууланууда. Бул сапардан соң Кыргызстандын тышкы саясатында эмне өзгөрөт, дүйнөлүк лидерлер менен жолугушуудан эмне жыйынтык чыгат? Дегеле Кыргызстандын эл аралык аренадагы аброю кандай? "Эксперттер талдайт" программасы ушул теманы талкуулады.

"Талибан" чет элдик валютаны колдонууга тыюу салды

Azattyk.org 

"Талибан" Ооганстанда чет өлкөлүк валюталарды колдонууга тыюу салды. Талиб өкмөтү мындай валютаны колдонгондор жоопко тартыларын эскертти. Ооганстанда талибдер бийликти колго алгандан бери каатчылык күчөп жатат.

Варшава Минскиден чек арадагы окуяга байланыштуу түшүндүрмө талап кылды

Azattyk.org 

Варшава Беларустан куралдуу адамдардын Польша аймагына кирип келишине байланыштуу түшүндүрмө талап кылды. Маалыматка караганда, окуя 2-ноябрга караган түнү Беларус менен чек арага 300 метр жакын жерде болду. Поляк аскерлери куралчан 3 адамды байкашкан. Польшанын коопсуздук кызматы маалымдагандай, ал адамдар аскерлерди көргөндө, куралдарын октоп, кийин "беларус тарапка жол тартышкан". Поляк тышкы иштер министринин орун басары Петр Вавжик Беларустун дипломатиялык миссиясынын жетекчиси Александр... Читать дальше...

Коопсуздук кеңешинин катчысы кызмат адамдары үгүткө аралашканын айтты

Azattyk.org 

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов айрым мамлекеттик кызматкерлер тарабынан мыйзам бузуу фактылары жана алардын үгүт иштерине аралашкан учурлары бар экенин билдирди. Бул тууралуу Иманкулов 3-ноябрда Жогорку Кеңештин шайлоосуна даярдык боюнча өткөргөн жыйында айтты. Иманкулов мамлекеттик органдар таза шайлоолорду өткөрүүгө болгон күч аракетин жумшап, мыйзам бузууларга ыкчам реакция кылып, тийиштүү чаралар көрүлүшү керек экенин белгиледи. Ал президенттин шайлоону таза өткөрүү боюнча жарлыгын эске салып... Читать дальше...

Казак тектүү Омарова АКШда чоң кызматка сунушталды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту оппозициячыл саясатчы, парламенттик шайлоодо талапкер Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасын карап, аны абакта калтырды. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда бир литр бензиндин баасы 75-77 сомго чыкты. "Фейсбук" социалдык тармагы кишинин жүзүн сүрөт жана видеодон дароо тааныган технологиядан баш тартууну чечти.



Бишкек мэриясында экстремизмге каршы күрөш талкууланды

Azattyk.org 

Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева борбор калаадагы диний кырдаал, экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Жыйында район жетекчилери, шаардык милициянын, билим берүү башкармалыгынын жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун өкүлдөрү катышты. Вице-мэр Мозгачева жарандардын, өзгөчө өспүрүмдөр арасында психолог жана эксперттер менен бирге түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Президент Садыр Жапаров... Читать дальше...

Казакстанда азык-түлүк жана бензин кымбаттады

Azattyk.org 

Казакстанда күйүүчү май баасынын өсүшү азык-түлүктүн жана күндөлүк турмушка керектүү товарлардын кымбатташына алып келди. Бул калктын аялуу катмары жашоо-шартына терс таасир этти. Жүк ташуучулар жана сатуучулар күйүүчү май менен кошо жол акы, керектүү товарлар кошо кымбаттап жатканын айтышууда. Казак өкмөтү күйүүчү май баасы кошуналардан кирген автоунаалардын эсебинен өскөн суроо-талап менен байланыштырды.  “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчылары Алматы шаарында жүргүзгөн сурамжылоодо айрым... Читать дальше...

Кара-Кече көмүр кенинде жер көчүп, экскаваторду басып калды

Azattyk.org 

Жумгал районундагы Кара-Кече кенинде 3-ноябрда жеке ишканалардин бири көмүр казган жайда жер көчүп, бир экскаваторду басып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Мекеме кырсык болгон учурда экскаватордун айдоочусу болбогонун, учурда көчкүнүн көлөмү такталып жатканын билдирди. Кырсык болгон жерде Жарандык коргонуу комиссиясы жана ӨКМдин кызматкерлери тазалоо иштерин жүргүзүп жатат. Социалдык тармактарда тараган видеодо “тоо көчтү, бир топ жерди басып калды” деп кишинин сүйлөп жатканын угууга болот. Читать дальше...

Мамлекеттик ипотекалык компания октябрь айында 318 насыя берди

Azattyk.org 

Мамлекеттик ипотекалык компания 2021-жылдын октябрь айындагы үч жумада 318 үй-бүлөгө ипотекалык насыя берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Мамлекеттик кызматкерлер үчүн жеңилдетилген ипотека боюнча 270 насыя (698 млн. 734 миң сом) жана бардык жарандарга арзан ипотека багыты боюнча 48 насыя (128 млн. 569 миң сом) берилди. Мекеме бул сандар дайыма өзгөрүп тураарын билдирди. Мамлекеттик ипотекалык компания 25 миллион сомго батир сатып алуу үчүн тендер жарыялады. “Ижарага... Читать дальше...

Электр жарыгы: Бийликтин убадасы аткарылабы?

Azattyk.org 

Кыргызстандын энергетика тармагынын жетекчилери 3-ноябрда күз-кыш мезгилине даярдык тууралуу маалымат курду. "Улуттук энергохолдинг" ишканасынын жетекчиси Таалайбек Байгазиев кышында маал-маалы менен электр жарыгын өчүрүү болбойт деп убада берди. Анткен менен Токтогул суу сактагычындагы суу 12 млрд. куб.метрден азайганы белгилүү болду. Айрым эксперттер бийликтин убадасын шайлоо менен байланыштырып, ал саясий жараян өткөндөн кийин жарык маал-маалы менен өчүрүлөрүн, мындай чара азыр деле колдонулуп жатканын билдиришүүдө. Читать дальше...

Сузакта окуучуга коронавирус жугуп, 31 жаран карантинге алынды

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы 10-класстын окуучусу коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу “Азаттыкка“ президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков билдирди. Ал окуучу менен байланышта болгондор да текшерилип жатканын кошумчалады. "Бизге эртең менен маалымат келип түштү. Учурда аны менен контакта болгондор жана 10-класстын окуучулары онлайн окуп башташат. Анткени вирустун алдын алуу аракеттери жүрүүдө. Эгер мектеп алгоритмди сактабаса, балким жабууга туура келет", - деди Ызабеков. Читать дальше...

Шайлоо: Талапкер Равшан Жээнбеков абакта калды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 3-ноябрда оппозициялык саясатчы, парламенттик шайлоого Бишкектен талапкерлигин койгон Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасын карап, аны абакта калтырды. Атап айтканда, адвокат Замир Жоошевдин парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин Жээнбековду абактан бошотуу жана ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө дарыланып келүүсүнө уруксат берүү боюнча өтүнүчү канааттандырылган жок. Судья Азирет Медеров саясатчынын өтө оор абалда экенин тастыктаган медициналык аныктамалар жок деген жүйө келтирди. Читать дальше...

Шайлоо: Жээнбековдун маселеси БШКнын жыйынында көтөрүлөт

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Кайрат Маматов үгүт иштеринде бардык талапкерге бирдей шарт түзүлүшү керектигин эске салып, Боршайкомдун жыйынында абакта жаткан талапкер Равшан Жээнбековдун маселесин көтөрө турганын билдирди. Маматов Равшан Жээнбековдун үгүт иштеринде шарт түзүү үчүн мыйзамдарды карап чыгуу керек экенин “Азаттык” радиосуна маалымдады. Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 3-ноябрда саясатчы Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасын карап, аны абакта калтырды. Адвокат... Читать дальше...

Ошто талапкердин жолугушуусуна келген студенттердин окуясы териштирилет

Azattyk.org 

Ош шаарында 3-ноябрда "Азаттык" партиясынын жолугушуусуна студенттер мажбур катыштырылганы боюнча маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгы териштирүүдө. Шаардык милиция ондон ашык студент суралып, түшүнүк кат жазып бергенин билдирди. "Азырынча мыйзам бузуу болгонун же болбогонун айтуу эрте. Эгер студенттер өз эрки менен келсе, алардын укугу тебеленбейт. Социалдык тармактарда жазылып жаткандай, аларды кайсы бир мугалим коркутуп, үгүт иш-чарасына катыштырган болсо мыйзам чегинде чара көрүлөт"... Читать дальше...

Жогорку Кеңешке аттанган спортчулар. Олимпиада чемпиону, спорт чебери да бар

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңешке депутат болом деген талапкерлерди каттап, партиялардын тизмесин жарыялады. Шайлоого аттанган ар кыл чөйрөнүн өкүлдөрүнүн катарында спортчуларды көрүүгө болот.

ЖЭБдин ишке киргенине 60 жыл болду

Azattyk.org 

Бишкекти жылуулук менен камсыз кылган жылуулук электр борбору (ЖЭБ) 1961-жылы сентябрда ишке кирген. Учурда ишканада 1600 киши иштейт.

Крестинин: Кыргыз футболун өнүктүрүү аракети жок

Azattyk.org 

Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди. Ал эмне үчүн Кыргызстанда футбол өнүкпөй жатканын, машыктыруучунун жоопкерчилиги тууралуу пикирин ортого салды. - Кепти өзүңүздөн баштайлы, Орусияда футболдук жылдызыңыз жана баштаганда кандай тилектерди алдыга койгонсуз, глобалдык максат-мүдөөлөр кийин өзгөрүп кетпедиби? - Жаӊыдан баштаган жаш футболчу катары шаардын, өлкөнүн курама командасында ойногонду каалайт элем. 18 жашка чейин жаштардын курама командасында ойнодум. Читать дальше...

Дүйнөдөгү токойлорду сактап калууга 19,7 миллиард доллар бөлүнөт

Azattyk.org 

Шотландиянын Глазго шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүүсү боюнча 26-конференциясы уланууда. Анын 1-2-күнүндө сөз сүйлөгөн дүйнө лидерлеринин дээрлик бардыгы кооз сөздөн ишке өтүү убактысы келгенин айтышты. Ошондой эле, токойлорду коргоо, метан газынын абага бөлүнүп чыгуусун азайтуу жана жашыл технологияга өтүүнү тездетүү боюнча милдеттемелерди алышты. Дүйнөнүн 114 өлкөсү 2030-жылга чейин кыртыштын бузулуусун токтотуп, токойлорду сактап калууга милдеттеме алышты. Бул үчүн климаттын... Читать дальше...

Кытай, Орусия Түндүк Кореянын санкцияларын жеңилдетүүгө чакырды

Azattyk.org 

Кытай жана Орусия БУУнун Коопсуздук кеңешин Түндүк Кореяга каршы санкцияларды жеңилдетүүгө чакырышууда. Тиешелүү резолюциянын долбоорунда ал өлкө туш болгон экономикалык каатчылык, карапайым элдин кыйынчылыктары тууралуу айтылат. Документ деңиз азыктарына жана текстиль экспортуна, кайра иштетилген мунай продукциясынын импортуна киргизилген чектөөлөрдү, түндүк кореялык жарандардын чет өлкөлөрдө иштөөсүнө салынган тыюуну алууга үндөйт. Долбоор Кытай менен Орусия 2019-жылы иштеп чыккан документтин кеңейтилген варианты. Читать дальше...

Блаттер менен Платиниге көз боёмочулук үчүн айып тагылды

Azattyk.org 

Швейцариянын прокуратурасы Футбол боюнча эл аралык федерациянын (ФИФА) жана Европа футбол ассоциацияларынын биримдигинин (УЕФА) мурдагы жетекчилерине көз боёмочулук үчүн айып такты. Мындай маалыматты өлкөнүн Башкы покуратурасы таратты. Зепп Блаттер жана Мишел Платини 2 миллион швейцариялык франкты (2 миллион доллардан бир аз ашат) кымырып алган, документтерди бурмалап жасашкан деп айыпталууда. Тергөөнүн версиясына ылайык, Блаттер Платиниге ФИФАда иштегендиги үчүн федерациянын эсебинен мыйзамсыз акча төлөөнү арткы дата менен жактырган. Читать дальше...

Чукул эскертүү: 4-ноябрда кар жаайт

Azattyk.org 

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 4-5-ноябрда түнкүсүн аба ырайы кескин өзгөрөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, өрөөндөрдө жаан карга айланышы мүмкүн. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 4-ноябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан карга айланат. Тоо этектерине жана тоолуу райондорго кар түшөт. Читать дальше...

Сот Равшан Жээнбековду абакта калтырды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 3-ноябрда саясатчы Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасын карап, аны абакта калтырды. Адвокат Замир Жоошевдин парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин Жээнбековду абактан бошотуу жана ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө дарыланып келүүсүнө уруксат берүү боюнча өтүнүчү канааттандырылган жок. Судья Азирет Медеров саясатчынын өтө оор абалда экенин тастыктаган медициналык аныктамалар жок деген жүйө келтирди. Жараяндын алдында саясатчы журналисттердин суроосуна жооп берип... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *