Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

Новости за 09.12.2023

"Желекти жерибегиле". Бишкекте тууну коргогон митинг өттү

Azattyk.org 

Бишкектин Горкий гүлбагында 9-декабрда мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы нааразылык акциясы өттү. Чогулгандар бийликке кайрылып, желекти өзгөртпөөгө, элдин пикирин угууга чакырышты. Акцияда тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активист Афтандил Жоробековду бошотуу талабы дагы айтылды.

Навальныйдын тарапташтары саясатчы менен байланыш үзүлгөнүн айтышууда

Azattyk.org 

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын жактоочулары аны менен байланыш үзүлгөнүн айтып чыгышты. Руслан Шаветдинов жана Кира Ярмыш Навальныйдын кайда экени үч күндөн бери белгсиз болуп жатканын социалдык тармактарга жазышты. Жактоочулар соңку маалыматтарга таянып Навальный камерада өзүн жаман сезип, ага асма укол коюлганын билдиришкен. Шаветдинов менен Ярмыш белгилегендей, саясатчыга тамак-аш берилбей, желдеткичи жок жаза камерасында (карцер) кармалып, сейилдөө убактысы минималдуу кыскарган. Читать дальше...

УКМК Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын кызматкерлери кармалганын билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамелкеттик комитет (УКМК) Медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын (МСЭК) үч кызматкери пара алууга шек саналып кармалганын бүгүн, 9-декабрда кабарлады. Алар жарандардын майыптык тобун аныктоо үчүн туруктуу негизде акча талап кылууга шек саналып жатат. Атайын кызмат тараткан маалыматта, Ош облусунун Араван районунунда МСЭКтин мүчөлөрүнүн опузалап акча талап кылуусуна байланыштуу 22 факты катталган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, жарандарды кабыл алган бир күндө ушундай жол менен 60-70 миң сом түшүп турган. Читать дальше...

"Тууну коргоо кылмышпы?". Кар алдындагы акция, камалган активист

Azattyk.org 

Бишкектин Горкий гүлбагында 9-декабрда мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы нааразылык акциясы өттү. Чогулгандар бийликке кайрылып, желекти өзгөртпөөгө, элдин пикирин угууга чакырышты. Акцияда тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активист Афтандил Жоробековду бошотуу талабы дагы айтылды.  "Азыркы туу сакталсын" Үйүндө дайыма илинип турган мамлекеттик тууну көтөрө келген Бишкек шаарынын тургуну Афтандил Эшмамбет мындай деди: “Отуз жылдан бери сиңген, жакшы көргөн, биз желбиреткен желекти өзгөртөбүз деген демилгеге каршы болуп келдим. Читать дальше...

Гүлбактагы нааразылык

Azattyk.org 

Бишкектин Горкий гүлбагында 9-декабрда мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы нааразылык акциясы өттү. Чогулгандар бийликке кайрылып, желекти өзгөртпөөгө, элдин пикирин угууга чакырышты.

Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт

Azattyk.org 

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 10-декабрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5; Талас жергесинде түнкүсүн -7…-12... Читать дальше...

АКШ Газадагы ок атышууну токтотуу боюнча БУУнун резолюциясына вето койду

Azattyk.org 

Кошмо Штаттары БУУнун Газа тилкесинде ок атышууну токтоосуз токтотууну талап кылган резолюциясынын долбооруна вето койду. Документти БУУнун Коопсуздук кеңешинин 15 мүчөсүнүн 13ү, анын ичинде Орусия да колдоду. Британия добуш берүүдө калыс калды. Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) иштеп чыккан долбоорго 97 өлкө авторлош болгон. АКШнын БУУдагы элчисинин орун басары Роберт Вуд резолюцияны "тең салмаксыз жана чыныгы турмуштан алыс" деп атап, ал оң өзгөрүүлөргө алып келбей турганын билдирди. Вуд документтин... Читать дальше...

Туунун өзгөрүшүнө каршы митингге чыккандар активист Жоробековду бошотууну талап кылышты

Azattyk.org 

Бүгүн, 9-декабрда мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы митингге чыккандар активист Афтандил Жоробековду бошотууну талап кылышты. Максим Горький атындагы гүлбакка чогулган 50дөй киши бийликти тууну өзгөртпөөгө чакырып, кайрылуу жасап, тарап кетишти. 7-декабрда мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан активист Афтандил Жоробековду милиция суракка чакыргандан кийин камаган. Анын бөгөт чарасын Свердлов райондук соту 8-декабрда кечинде карап, эки айга Бишкектеги №1 тергөө абагына камоо чечимин чыгарды. Читать дальше...



Мадуро Эссекибо аймагын аннексиялоо жарлыгына кол койду

Azattyk.org 

Венесуэланын президенти Николас Мадуро Гайананын мунайга бай Эссекибо аймагын аннексиялоо боюнча алты жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Венесуэланын Ultimas Noticias гезити билдирди. Кабыл алынган чечимдердин арасында Венесуэланын жаңы картасын ратификациялоо жана өлкөнүн 24-штаты деп жарыяланган жана Гайана-Эссекибо деп аталган аймактын бирдиктүү жетекчисин дайындоо бар. Аннексия тууралуу чечим Венесуэладагы референдумдун жыйынтыгы менен кабыл алынды. Расмий маалыматта, добуш бергендердин 95% Эссекибонун кошулушун колдогон. Читать дальше...

Төлөндү Макеев Кыргызстандын Словакия жана Чехиядагы элчиси болуп дайындалды

Azattyk.org 

Төлөндү Макеев Кыргызстандын Словакия жана Чехиядагы элчиси болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 8-декабрда кол койду. Макеев бул кызматты Венадагы (Австрия) резиденциясы менен айкалыштырып алып барат. 65 жаштагы Макеев Австриядагы элчи, Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ЕККУ) жана Вена шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп 2021-жылы дайындалган. Ага чейин Германия, Швеция, Данияда элчи кызматын аркалаган. Читать дальше...

Бишкекте мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы митинг өтүүдө

Azattyk.org 

Бүгүн, 9-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы митинг өтүп жатат. "Азаттыктын" кабарчысынын билдиришинче, ага 50дөй киши топтолду. Чогулгандар "Тууга тийбе" жана "Афтандилге боштондук" деп кыйкырып жатышат. 7-декабрда мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан активист Афтандил Жоробековду милиция суракка чакыргандан кийин камаган. Анын бөгөт чарасын Свердлов райондук соту 8-декабрда кечинде карап, эки айга Бишкектеги №1 тергөө абагына камоо чечимин чыгарды. Читать дальше...

Энергетикадагы абал: суу тартыш, керектөө көп

Azattyk.org 

Энергетика министрлиги жыл башынан бери 3 млрд кВт/саат көлөмдөн ашыгыраак электр энергиясын коңшу өлкөлөрдөн импорттогонун маалымдады. Жыл соңуна чейинки дефицит мындан көбүрөөк деп эсептелген. Кыргызстан быйыл 17 млрд кВт/саат керектесе, өзү анын 14 миллиардын гана өндүрүүгө чамасы жетти. Себеби, суу тартыш жана керектөө жылдан жылга жогорулап баратат. Кыргыз өкмөтү кеминде үч-төрт жылда бул айланкөчөктөн чыгууга мүмкүн экенин билдирүүдө. Бирок андан күмөн санагандар арбын. Импортко көз карандылык... Читать дальше...

ИИМ активист Жоробековдун кармалышы боюнча маалымат берди

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан активист Афтандил Жоробековдун кармалышы боюнча маалымат берип, ал "массалык башаламандыктарга алып келүүчү чакырыктарды жасоого шек саналып" жатканын билдирди. ИИМ Жоробековдун жашаган жерин тинтүү маалында далил катары бир нече уюлдук телефондор, фотоаппарат, Dell, MacBooК, Leonovo жана башка үлгүдөгү ноутбуктар, компьютерлер, планшеттер, ар кандай техникалык каражаттар жана банк карталары табылганын кабарлады. "Шектүүгө... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *