Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

Новости за 04.12.2023

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын айыл чарбасына 40 млн доллар бөлөт

Azattyk.org 

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын айыл чарба тармагына 40 миллион АКШ долларын бөлөт. Анын 20 миллиону грант түрүндө, 20 миллиону насыя катары берилет. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков 4-декабрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде макулдашуунун долбоору каралып жатканда билдирди. “36 миллиону айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн логистикалык борборлорун түзүүгө, ага керектүү шаймандарды сатып алуу, технологияларды алып келүү, тамак-аш коопсуздук стандарттарын киргизүүгө сарпталат. Читать дальше...

Орусиянын соту журналист Алсу Курмашеванын доо арызын четке какты

Azattyk.org 

Татарстандын баш калаасы Казан шаарынын Совет райондук соту “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун журналисти Алсу Курмашеванын биринчи иши, тактап айтканда кош жарандуулугу тууралуу боюнча доо арызын четке какты. Буга чейин сот Курмашева Американын жарандыгын алганы жөнүдө бийликке эскерткен эмес деген кине менен он миң рубль айып пул салган. Адвокат журналист 1998-жылдан бери туруктуу чет өлкөдө жашарын жүйө келтирип, сотко доо арыз менен кайрылган. Курмашева ага каршы ачылган башка кылмыш иш боюнча... Читать дальше...

Акылбек Жапаров эсеп-фактура колдонбоо экспортко терс таасир этип жатканын билдирди

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров базарларда иштеген соодагерлердин кассалык-көзөмөл машинанын ишке киришине нааразылыгы тууралуу “Азаттыкка” комментарий берди. Ал “ишкерлерге ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн, бардык соодагерден эле салык алуу максаты жок экенин” билдирди. “8 миллион сомго чейин бир тыйын да төлөбөгүлө. ККМ коюп, товарды каяктан алганыңар боюнча электрондук эсеп-фактурасын берип койгула деп жатабыз. Товарлар Кыргызстандан башка жакка чыгып кетип жатса, реэкспорт үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп бердик. Читать дальше...

Президент Жапаров бийлик "паспорттук мафия менен күрөшүп жатканын" айтты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров мамлекет көп жылдар бою тамырлап, өлкөгө миллиарддаган сомдук зыян келтирген паспорттук мафияны жеңүү үчүн эки жылдан бери күрөшүп жатканын белгиледи. Мамлекет башчы бул тууралуу пикирин 4-декабрда Бишкектеги “Учкун” ишканасына барган учурда билдирди. Ал азыркы маалда “Учкун” ишканасы керектүү техника менен жабдылганын, мамлекеттик маанидеги документтерди, паспортторду өз алдынча чыгара аларын маалымдады. Президентке басмаканадан чыгарылып жаткан жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарынын көлөмү... Читать дальше...

Өзбекстанда кримтөбөл, "мыйзамдагы ууру" кармалды

Azattyk.org 

Өзбекстандын укук коргоо органдары "Салимбай байбача" деген каймана ат менен таанымал ишкер Салим Абдувалиев 1-декабрда кармалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганы кабарланды. "Бахти Ташкентский" деген лакап аты менен белгилүү кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү, 52 жаштагы Бахтияр Кудратиллаев да кармалган. Мындан тышкары күч кызматкерлери кримчөйрөдө "Кара Гафур" атыккан дагы бир ишкер Гафур Рахимовду да издеп жатканы айтылууда. Азырынча расмий Ташкент бул кармоолор тууралуу маалымат бере элек. Читать дальше...

Газа: Согуш уланууда, жөөт аскерлери түштүккө жылды

Azattyk.org 

Ок атышпоо режими аяктагандан кийин үч күндүк бомбалоону улай Израил армиясынын (ЦАХАЛ) жөө аскерлери Газа тилкесинин түштүгүнө жылды. Дүйшөмбү күнү эртең менен Хан-Юнис шаарында аба соккусунан эки киши каза тапканын "Рейтерс" агенттиги кабарлады. Анын алдында Израил бийлиги ал жердеги жашоочуларга шашылышы эвакуацияланууну эскерткен. Палестинанын маалымат каражаттары өткөн ишемби, жекшемби күндөрү качкындар лагерлери, ооруканалар бомбаланганын жазышты.

Сүлүктүдө депутаттар Ильяскожо Ажибаевди наамынан ажыратты

Azattyk.org 

Сүлүктү шаардык кеңеши кримтөбөл Камчы Көлбаев менен түшкөн сүрөтү интернетке жарыяланган Ильяскожо Ажибаевди буга чейин берилген “Сүлүктү шаарынын ардактуу атуулу” наамынан ажыратуу чечимин чыгарды. Шаардык кеңештин кезексиз жыйынына катышкан 19 депутаттын 16сы бул сунушту колдогону белгилүү болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык кеңештин депутаттарынын бири 4-декабрда ырастады. Мындай чечимди кабыл алууга Сүлүктү шаарынын тургундарынын кайрылуусу себеп болгон. Алардын шаардык кеңешке жолдогон... Читать дальше...



ККМге каршылык: Салыктан качуубу же кошумча түйшүкпү?

Azattyk.org 

Өлкөнүн базарларында ККМге каршы нааразылык акциялары уланууда. 4-декабрда Бишкекте “Дордой Моторстогу” соодагерлер чыгып, патент системасын калтырууну талап кылышты. Президент Садыр Жапаров атайын комиссия түздү. Ал арада өкмөт соода-сатык менен алектенген ишкерлерди текшерүүгө жана айып пул салууга жарым жылга мораторий киргизгени белгилүү болду.

Замирбек Базарбеков паракор соттор, Ташиевдин сыны, Атамбаевдин соту, Кемпир-Абад иши тууралуу

Azattyk.org 

“Бийлик сырлары” берүүсүнүн коногу - Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков. Ал сот реформасынын күңгөй-тескейи, коррупцияга малынган соттор, сот системасынын көз карандысыздыгы, мурдагы президенттер Бакиевдин, Атамбаевдин сот иштери, Кемпир-Абад ишине байланыштуу суроолорго жооп берди. - Замир мырза, кечээ Кыргызстандын атайын кызматынын жетекчиси Камчыбек Ташиев жылына ондогон сот иштери каралат, сот системасындагы коррупциялык көрүнүштөр тыйылган жок, сотторго пара берүүдө адвокаттар ортомчулук кылышат деп айтты. Читать дальше...

“Женго” каймана аты бар Досонов Оштогу абактан Бишкекке которулду

Azattyk.org 

Ош облусунда тергөө абагында кармалып турган “Женго” каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кадырбек Досонов Бишкекке которулду. Бул маалыматты “Азаттыкка” анын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева ырастады. Анын сөзүнө караганда, Досонов 24-ноябрда дагы башка кылмыш ишине байланыштуу күбө катары көрсөтмө берүү үчүн Бишкекке которулган. Ал борбордо кайсы абакта экенин тактаган жок. Быйыл 13-январда Ош шаарында топ адам бир кишини арматура менен койгулап жатканы тартылган видео коомчулукта талкуу жараткан. Читать дальше...

Базардагы митингдер: Жагдайды жайгаруунун жолу кандай?

Azattyk.org 

Акыркы күндөрдө көзөмөл кассалык машиналарга байланыштуу өлкөнүн "Дордой" баштаган бир катар базарларында ишкерлердин нааразычылык митингдери өттү. Президент Садыр Жапаров андан улам атайын комиссия түздү. Бүгүн биз салык саясатын жана ага байланыштуу соңку окяларды талкуулайбыз. Студиябызда Салык кызматынын төрагасынын орун басары Ислам Кыдыргычов, Экономика жана коммерция министринин мурдагы орун басары, эксперт, экономист Элдар Абакиров жана ишкер Нурбек Шайбылдаев.

Президенттин маалымат катчысы жаңы аэропорт Ош, Жалал-Абадга куруларын айтты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов эл аралык жаңы аэропорттор Ошко да, Жалал-Абадга да куруларын маалымдады. Ал 4-декабрда Фейсбуктагы баракчасындагы билдирүүсүндө соцтармактарда "Ош шаарына пландалган аэропорт Жалал-Абад шаарына салынмай болуптур, Ошко салынбай калыптыр" деген кабарлар чындыкка дал келбесин айтты.  Алагөзов муну "чагымчыл мүнөздө" деп баалап, мындай маалымат таркаткандарга  жоопкерчилик каралганын эскерткен.   Анын айтымында, "быйыл май айында президент... Читать дальше...

Сот активист Ырыс Жекшеналиевди толук актады

Azattyk.org 

4-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту активист Ырыс Жекшеналиевди толук актап, ага коюлган бардык айыптарды алды. Мындай чечимди судья Мирбек Сатарбек уулу чыгарды. 16-ноябрдагы соттук отурумда прокурор аны жети жылга эркинен ажыратууну сураган. Ырыс Жекшеналиев жана анын адвокаты коюлган киненин баарын четке кагып, соттон аны актоону суранган. Ырыс Жекшеналиев былтыр августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу... Читать дальше...

Өзбекстанда кылмыш дүйнөсүнүн “Бахти Ташкентский” атыккан өкүлү кармалды

Azattyk.org 

Өзбекстандын баш калаасында “Бахти Ташкентский” деген лакап аты менен белгилүү кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү, 52 жаштагы Бахтияр Кудратиллаев кармалды. Бул тууралуу шаардын ички иштер башкармалыгына таянып Kun.uz сайты 4-декабрда жазды. Ал "маңзатты мыйзамсыз даярдаган, сактаган" жана "ири өлчөмдөгү акча опуза кылган" деп айыпталууда. 2-декабрда Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо боюнча жапырт рейддер өткөрүлүп жатканын билдирген. Ал эми Ички иштер министрлиги... Читать дальше...

Быйыл жарым жылда 1163 адамга пробациялык көзөмөл өкүмү чыгарылган

Azattyk.org 

Жогорку соттон "Азаттыкка" маалымдашкандай, 2023-жылдын биринчи жарым жылында сот чечими менен 1163 адамга пробациялык көзөмөл колдонулган. Пробациялык көзөмөл былтыр 2188 адамга, 2021-жылы 2896 адамга өкүм кылынган. Маалыматта пробациялык көзөмөл колдонулган адамдардын саны гана ачыкталары, чечим кандай кылмышка колдонулганы боюнча маалымат жоктугу жазылган. Оор кылмышка айыпталган адамдарга да соттор пробациялык көзөмөл өкүмүн чыгарганы коомчулукта Селекцияда келиндин кулак-мурду кескиленген окуясынан кийин катуу сынга алынган. Читать дальше...

Хайитхон Хусан кызы парадзюдо боюнча эл аралык мелдеште алтын алды

Azattyk.org 

Кыргызстандын парадзюдо боюнча курама командасынын мүчөсү Хайитхон Хусан кызы Жапонияда өтүп жаткан эл аралык мелдеште алтын медал алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди. Кыргызстандык спортчу 4-декабрда 48 килограммга чейинки салмак ченинде чейрек финалда монголиялык Токтобаяр Сувд Эрденени, жарым финалда аргентиналык спортчу Ледесма Дуре Рокиону утту. Ал эми финалдык беттеште жапониялык Хангаи Шизукини жеңип, алтын медал алды. 23-октябрда Кытайда өткөн Пара Азия оюндарында да Хангаи Шизукини финалда утуп... Читать дальше...

Алматы: Шинжаңда камалгандардын туугандары Кытай консулдугуна киргизилген жок

Azattyk.org 

Шинжаңда камакта жаткандардын туугандары 4-декабрда Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдына пикетке чыгышты. Туугандарынын бошотулушун талап кылган жарандар дипломатиялык мекемеге кирүүгө аракет жасашканда, казак полициясы алардын жолун тосту. Пикетке чыккандардын айтымында алардын консулдуктун алдында акция уюштуруп жатканына 1000 күн болду. Алар “Кытай Шинжаңда геноцидди токтотсун"” деген ураанды чакырышты. 2017-жылдан бери Шинжаңда жүз миңдеген казак, кыргыз, уйгур жана башка аз улуттар «кайра... Читать дальше...

Филиппиндеги жардыруу үчүн "ИМ" экстремисттик тобу жоопкерчилик алды

Azattyk.org 

Филиппинде католиктердин диний иш-чарасында болгон жардыруу үчүн өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган радикал топ жоопкерчилик алды. 3-декабрда болгон окуяда төрт кишинин өмүрү кыйылып, 50дөн ашыгы жараат алган. Иш-чара өлкө түштүгүндөгү Марави шаарындагы университеттик гимназияда өтүп жаткан. Бул калааны 2017-жылы беш ай радикал жоочулар басып турушкан. Филиппиндин президенти Фердинанд Маркос “чет элдик террорчулар ишке ашырган маанисиз жана жийиркеничтүү аракеттерди” айыптады. Өлкө түштүгүндө... Читать дальше...

Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар дагы көбөйдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар улам көбөйүп жатат. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен 4-декабрда билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, 28-ноябрдан бери сасык тумоолоп дарыгерге кайрылгандар бир апта ичинде 5737 адам болду. Бул ага чейинки аптага салыштырганда 687ге көп. Ал эми андан мурунку аптада 385 бейтапка көп катталган. Ооругандардын 67 пайызы 14 жашка чейинки курактагы балдар. Буга чейин сасык тумоо көбөйгөн кырдаал сентябрь айында катталган. Читать дальше...

Кыргызстанда бир жумада 500дөй мас айдоочу кармалды

Azattyk.org 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) кызматкерлери тарабынан акыркы бир жумада 494 айдоочу мас абалында рулга отурганы аныкталды. Жалпысынан жол кыймылынын эрежеси бузулган 20 миңден ашуун учур катталган. Булардын ичинен 386 айдоочу унаасын тийиштүү документтери жок айдап жүргөнү үчүн айып пулга жыгылган. 1136 айдоочу жөө адамдарды өткөрбөй койгон, дээрлик 4 миң айдоочу ылдамдыкты ашыра айдаганы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылды. 1 863 унаа айып токтотмосуна киргизилген. Читать дальше...

ККМге нааразылык: өкмөт ишкерлерди текшерүүнү токтотот

Azattyk.org 

Кыргызстандагы ири базарлардагы соодагерлердин көзөмөл-кассалык машинелерге (ККМ) каршы нааразылык акциясы 4-декабрда да уланды. Бул күнү Бишкекте жана Токмокто ишкерлер патент системасын калтырууну талап кылып чыгышты. Ал арада өкмөт Кыргызстанда соода-сатык менен алектенген ишкерлерди текшерүүгө жана айып пул салууга жарым жылга мораторий киргизип жатканы белгилүү болду. Бишкектеги жана аймактардагы базарлардын сатуучуларынын ККМге каршы нааразылык митингдери өткөн жумада башталып, айрым соодагерлер иш да таштаган. Читать дальше...

"Дарыгердин депозити" программасы кеңейтилүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстанда “Дарыгердин депозити” программасын кеңейтүү каралып жатканын бүгүн 4-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Анын айтымында, азыр бул программа аркылуу 175 жаш дарыгердин эмгеги каржыланууда, алардын санын 285ке жеткирүү каралып жатат: “Окууну жаңы бүткөн 175 дарыгер “дарыгердин депозитин” алып жатат. Өзүнүн айлыгы 12-15 миң сом болсо, депозит үчүн дагы 15 миң сом кошулат. Читать дальше...

Индонезияда вулкан атылып, 11 киши каза тапты

Azattyk.org 

Индонезиянын Суматра аралындагы Марапи вулканы атылып, кеминде 11 кишинин өмүрү кыйылды. 12 адамдын дайыны белгисиз болууда. Аларды издөө иштери коопсуздуктан улам убактылуу токтотулду. Марапи жанар тоосу 3-декабрда күндүз атыла баштаган. Маалыматка ылайык, ал райондо болжол менен 75 киши болгон. Алардын 45и коопсуз жакка көчүрүлдү. Вулкандан атылган күл үч чакырым бийиктикке чейин көтөрүлүп, бир нече айылды каптады. Жанар тоонун бийиктиги 2800 метрден ашат. Марапи — Суматра аралындагы активдүү вулкандардын бири. Читать дальше...

Соода менен алектенгендерди текшерүүгө жарым жылга мораторий кирди

Azattyk.org 

Кыргызстанда соода-сатык менен алектенген ишкерлерди текшерүүгө жана айып пул салууга жарым жылга мораторий киргизилди. Бул тууралуу 4-декабрда “Азаттыкка” Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов билдирди. Ал мындай чечим Бишкектеги жана башка аймактардагы чоң-чоң базарлардын соодегерлеринин Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы нааразылык акцияларын иликтөө үчүн президент Садыр Жапаров түзгөн жумушчу комиссиянын жыйынында кабыл алынганын айтты. “Жарым жыл түшүндүрүү иштери гана жүргүзүлөт. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *