Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

Новости за 01.12.2023

Базарбеков: УКМК сот ишинин сапатына жооп бере албайт

Azattyk.org 

“Бийлик сырлары” берүүсүнүн коногу - Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков. Ал сот реформасынын күңгөй-тескейи, коррупцияга малынган соттор, сот системасынын көз карандысыздыгы, мурдагы президенттер Бакиевдин, Атамбаевдин сот иштери, Кемпир-Абад ишине байланыштуу суроолорго жооп берди.

Өзбекстанда бийликти сындап келген блогер сегиз жылга кесилди

Azattyk.org 

Фергана райондук соту блогер Олимжон Хайдаровду “опузалап ири өлчөмдө акча талап кылган”, “бийлик өкүлүнүн беделине шек келтирген”, “жалаа жапкан” деген кинелер менен сегиз жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Озодлик радиосу 1-декабрда жазды. Хайдаров социалдык тармактарда бийликтин дарегине ачуу сындарды жазып келгени менен белгилүү болчу. Андан тышкары сот блогерге караштуу бардык социалдык тармактардагы каналдарды, баракчаларды жана топторду жабууну өкүм кылды. Буга чейин прокурор Хайдаровду 9,5 жылга эркинен ажыратууну соттон өтүнгөн. Читать дальше...

Назарбаев жашыруун үй-бүлөсүнүн сырын ачты

Azattyk.org 

Жаңы салык эрежелерине байланыштуу нааразылык акциялары Бишкек, Ош, Талас, Каракол, Кара-Балта шаарларында уланды. Мурдараак митингге чыккан базардагы ишкерлердин айрымдары суракка чакырылып, кармалды. Газа секторунда Израил армиясы согуш операцияларын кайра жандантты. 32 жай тургун набыт болгону кабарланды. Кыргызстанда башталгыч класстын окуучуларынын бир маал тамагына бөлүнчү акчаны көбөйтүү каралууда. Эми 7 сомдон 14 сомго көтөрүлүшү мүмкүн.

Израил Газага чабуулун жандантты

Azattyk.org 

Израил армиясы Газа секторунда согуштук аракеттерин кайрадан жандантканын расмий жарыялады. Мекеме АКШда жана Евробиримдик аймагында террордук деп таанылган ХАМАС тобун "атышпоо режимин бузуп, Израилдин аймагын аткылады" деп айыптады. Газа тилкесинин саламаттыкты сактоо министрлиги 32 жай тургун набыт болгонун билдирди. Соңку кырдаалга кабарчыбыз Элвира Будайчиева токтолот.

Жапаров Климат боюнча дүйнөлүк саммитке катышууда

Azattyk.org 

Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) Дубай шаарында бүгүн 1-декабрда өтүп жаткан Климат боюнча иш-аракеттердин бүткүл дүйнөлүк саммитине Кыргызстандан президент Садыр Жапаров баштаган расмий делегация катышууда. Саммит Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) колдоосу менен өткөрүлүүдө. Быйыл ага 70 миңдей адам, анын ичинде 140тан ашуун өлкөнүн лидери катышууда.   Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, "Саммиттин катышуучулары климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин, парник газдарын чыгарууну азайтуу... Читать дальше...

БУУ Газадагы аскердик аракеттердин жанданышына өкүнүчүн билдирди

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюму Газа тилкесинде “катастрофалык” аскердик аракеттердин жанданышы боюнча өкүнүчүн билдирип, тараптарды ок атышууну токтотууга чакырды. Уюмдун Женевадагы гуманитардык кеңсесининин өкүлү Йенс Лаерке билдиргендей, согуштук аракеттердин жанданышы “Жердеги тозок Газага кайра кайтканын" айгинелейт. Израил менен ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмдун ортосунда ок атышууну токтотуу жана туткундарды айырбаштоо боюнча баш-аягы бир жумага созулган макулдашуунун мөөнөтү 1-декабрга караган түнү соңуна чыкты. Читать дальше...

Фейсбуктагы посту үчүн иш козголгон Бектемир Төлөн уулунун кылмыш иши кыскарды

Azattyk.org 

Коомдогу түрдүү маселелер боюнча өз оюн ачык жазып жүргөн Фейсбуктун активдүү колдонуучусу Бектемир Төлөн уулуна козголгон кылмыш иши тергөөдөн кыскартылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" анын адвокаты Агзам Дүйшөналиев 1-декабрда билдирди.  "Биз кошумча экспертиза өткөрүүгө өтүнүч келтиргенбиз, ага психолог, социолог катышып, иште "кастыкты козутуу жок" деп кортунду чыгарган. Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин тергөөдөн ноябрь айында кыскартты", - деди Дүйшөналиев. Бектемир Төлөн уулу... Читать дальше...



Газада согуштук аракеттер кайра башталды

Azattyk.org 

Израил армиясы Газа секторунда согуштук аракеттерин кайрадан уланта баштаганын расмий түрдө жарыялады. Жети күндүк тыныгуудан кийин Хан-Юнис жана Рафах шаарларына абадан сокку урулду. Газа тилкесинин Саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы соккуларда 32 жай тургун набыт болгонун билдирди.   Бириккен Улуттар Уюму аскердик аракеттердин жанданышына өкүнүчүн билдирди.  "Бизде эмне күнөө" 1-декабрда таңда Израилдин түштүгүндө аба соккусу коркунучун эскерткен сирена жаңырды. Израил армиясы ХАМАС... Читать дальше...

Соттордогу жемкорлук: Ташиевдин сыны, Жогорку соттун жообу

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси Камчыбек Ташиев сот системасындагы коррупцияны айыптап, судьяларга пара берүүдө адвокаттар ортомчулук кылып жатат деп сындады. Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков "УКМК соттордун ишинин сапатына баа бере албайт" деп жооп берди. Сотторго нааразылык коомдо да бар.  Кыргызстанда бардык президенттердин тушунда соттордун чыгарган чечимдерине нааразылык айтылып, бийликтен чыныгы сот реформасын жүргүзүү талап кылынып келе жатат. ... Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасы: Ташиев менен Ятимов жолугушту

Azattyk.org 

1-декабрда Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов жолугушту. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы анда чек аранын калган тилкелеринде долбоордук линиянын өтүүсүнүн сыпаттамасын аяктоо боюнча ишти активдештирүү зарыл экени белгиленгенин билдирди. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо... Читать дальше...

Жогорку Сот төрагасы мурдагы президент Атамбаев дарыланып бүтсө токтотулган сот иштери улантыларын айтты

Azattyk.org 

Сот иштери аягына чыга элек мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин чет өлкөгө кетиши мыйзамдуу болгон. Бул тууралуу бүгүн 1-декабрда «Азаттыкка» курган маегинде Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков билдирди. Төраганын айтымында, Атамбаевдин сот иштери боюнча териштирүү аяктай элек, ал дагы көрсөтмө бериши керек: “Ал ден соолугуна байланыштуу чыккан экен. Мыйзамдуу чыккан. Азыр анын башка да кылмыштуулугу, эпизоддору боюнча иш жүрүп жатат, кайра улантылган. Ошол иш да созулуп жатат, себеби жабыркаган тарап да... Читать дальше...

Амангелдиев: Соодагерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз

Azattyk.org 

Кыргызстанда соңку жумада Бишкек, Ош шаарларында жана аймактагы башка базарларда иштеген соодагерлер көзөмөл-кассалык машиналарды колдонууга каршы нааразылык акцияларына чыгып жатат. Бүгүн, 1-декабрда борбордогу Аламүдүн жана Оштогу, Таластагы, Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы базарлардын сатуучулары митингге чыгышты. Соодагерлердин койгон талаптары боюнча Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен учкай маектештик. - Данияр мырза, соңку күндөрү салыктык эрежелерге байланыштуу Бишкектеги... Читать дальше...

Министр Амангелдиев "соодагерлердин акциялары атайын уюштурулган болушу мүмкүн" экенин айтты

Azattyk.org 

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кыргызстандын аймактарында базарлардагы соодагерлердин нааразылык акциялары атайын уюштурулган болушу мүмкүн экенин “Азаттыкка” 1-декабрда билдирди. Ал буга “бир учурда базарлардын баарын көтөрүү кыйын экенин” жүйө келтирип, бирок ага кызыкдар тараптарды тактаган жок. Министр өзгөчө салыктык режим “Дордой” жана Кара-Суудан башка базарларга берилбей турганын айтты. “Анткени "Дордой" менен "Кара-Суу" - эки чоң логистикалык борбор. Товарлар эң биринчи ошол жакка келип... Читать дальше...

Замирбек Базарбеков: УКМК соттордун ишинин сапатына баа бере албайт

Azattyk.org 

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин сот системасындагы коррупция боюнча айткандарына комментарий берди. Ал 1-декабрда “Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” программасына берген маегинде Конституция боюнча соттордун ишине эч ким кийлигише албай турганын, атайын кызматтын төрагасы сот бийлигиндеги коррупция тууралуу сөз кылганын билдирди. “Соттордун ишинин сапатына Улуттук коопсуздук комитети жооп бербейт жана бул алардын укугуна кирбейт. Читать дальше...

Бакуда көз карандысыз басылманын дагы бир журналисти кармалды

Azattyk.org 

Азербайжанда Abzas Media көз карандысыз иликтөөчү сайтынын дагы бир журналисти аткезчилик ишине байланыштуу кармалды. Наргиз Абсаламованын жакындары билдиргендей, 30-ноябрда ал экинчи жолу суракка чакыртылып, көп өтпөй акча аткезчилигине айыпталып кармалды. Маалыматты 1-декабрда Ички иштер министрлигинин өкүлү Ибрагим Амирасланды  "Туран" агенттигине ырастады. Абсаламова соңку күндөрү кармалган Abzas Media сайтынын төртүнчү өкүлү. Эки апта мурда агенттиктин директору, башкы редактору жана дагы бир журналисти кармалган. Читать дальше...

Эгемен элдин жүрөгүндөгү кызыл туу

Azattyk.org 

Мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун парламент биринчи окууда кабыл алды. Ал арада коомчулук, жаштар бул демилгеге каршы экенин билдирүүдө.

Мигрант ата-эненин жоопкерчилигин күчөтүү үчүн келишим түзүлөт

Azattyk.org 

Кыргызстанда эмгек миграциясына кетип жаткан ата-энелер менен келишим түзүп, баласынын коопсуздугун, билим алуусун камсыздоо аракети көрүлөрүн бүгүн 1-декабрда Жогорку Кеңеште депутаттарга маалымат берип жатып билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди. Министрдин айтымында, бүгүнкү күндө 300 миңге жакын баланын же атасы, же апасы, дагы 100 миңдей баланын атасы да, апасы да миграцияда: “Бул өтө оор маселе. Аны жөнгө салуу үчүн ата-энелер менен келишим түзүү долбоорун иштеп... Читать дальше...

УКМК опера жана балет театрынын директору кармалганын билдирди

Azattyk.org 

1-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрынын башкы директору Алмазбек Истамбаев кармалганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, опера жана балет театрында мекеменин карамагындагы мүлктү узак мөөнөткө ижарага берүү келишимдерин түзүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголуп... Читать дальше...

ВИЧ менен жашап, мигранттарга жардам берген Санжар

Azattyk.org 

1-декабрь - Бүткүл Дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү. Ооруга кабылгандардын эң көбү Чүй облусунда, Бишкек шаарында жана Ош облусунда. Эскертүү: Санжар Нишанбаев тууралуу маалымат өзүнүн макулдугу менен жарыяланды. "ВИЧ экенимди укканда депрессия болгом" "Азаттык" ВИЧ статусу менен жашап келген Санжар Нишанбоевди маекке тартты. Ал өзүнүн диагнозун жети жыл мурда билген. Азыр Санжар Нишанбоев ВИЧке кабылган мигранттарга жардам берет. 43 жаштагы Санжар ВИЧ-статусун билген күндөн тартып, терапиядан өтүп, дары ичет. Читать дальше...

Навальныйга каршы жаңы кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Оппозициячыл саясатчы, түрмөдөгү Алексей Навальныйга каршы вандализм боюнча жаңы кылмыш иши козголду. Бул тууралуу маалымат саясатчынын социалдык тармактарында жарыяланды. Билдирүүгө караганда, кылмыш иши тууралуу Навальный Тергөө комитетинин катынан билген. "Алар мага ар үч ай сайын жаңы кылмыш ишин ачып жатышат. Бир кишилик камерада отурган камактагы адамдын эч качан меникиндей кызыктуу коомдук-саясий жашоосу болбосо керек”-деп жазылган постто. 47 жаштагы Навальный быйыл августта “экстремисттик... Читать дальше...

Жээнбеков абактын жетекчилигинен аны китепканачы кылып дайындоону суранды

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков өзү кармалып турган абак жетекчилигине 30-ноябрда түрмөнүн китепканачысы кылып иштетүүнү суранып арыз берди. Ал арызды Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. “Түрмөдө китепканачы жок. Китепкананы пайдалануу механизми иштелген эмес. Китептер эски. Түрмөдө Куранды, Ислам эрежелерин үйрөнүүчүлөр көп, бирок зарыл болгон исламдык теологиялык китептер жок”, - деп жазылган арызда. Кыргыз-өзбек чек арасындагы... Читать дальше...

Быйыл Ысык-Көлдө эс алгандар 1,3 миллионго жетти

Azattyk.org 

Быйыл жайкы сезондо Ысык-Көлгө келип эс алгандар 1,3 миллиондой турист болгонун бүгүн 1-декабрда президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров көл жээгиндеги эс алуу жайларынын ээлери менен жолугушуу өткөрүп, жайкы сезондун жыйынтыгын талкуулады. «Биздин аймакта туристтер көбөйүп жатканы байкалууда, андыктан тейлөө сапатын жогорку деңгээлге чыгарышыбыз керек. Негизги маселе – экологияны... Читать дальше...

Орусияда сот "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун журналистинин камактагы мөөнөтүн 5-февралга чейин узартты

Azattyk.org 

Орусиядагы Казань шаарынын Совет райондук соту 1-декабрда тергөөнүн өтүнүчү менен "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун журналисти Алсу Курмашеванын камактагы мөөнөтүн дагы эки айга, 5-февралга чейин узартты. Радионун татар-башкыр кызматында 25 жылдан ашуун эмгектенип келген, Прагада жашаган Алсу Курмашева быйыл майда Орусияга жеке маселелерине байланыштуу барган. 2-июнда аны Чехияга кайтарда аэропортто кармап, эки паспортун тең тартып алышкан. Ал Орусиянын жана АКШнын жараны. Журналист 23-октябрда... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *