Парламент туунун элементтерин өзгөртүүнү колдогондон кийин социалдык тармактын колдонуучулары желектин өзгөрүшүнө каршы постторду жарыялап, түрдүү флешмобдорду өткөрүүдө. Элге таанымал маданий ишмерлер, окумуштуулар да пикирлерин ачык жазууда.
"Азаттык" Кыргызстан катышкан учак соодасынын чоо-жайын талдап көрдү.
Газада Израил армиясынын кезектеги чабуулунан ондогон адамдын өмүрү кыйылды. Израил барымтадагы жарандарын бошотуп алуу үчүн согуштук аракеттерин токтото турууга даяр экенин билдирүүдө. БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Газадагы кырдаал боюнча резолюция кабыл алуу маселеси улам кийинки күнгө калууда.
Газада жөөт армиясынын кезектеги чабуулунан ондогон адамдын өмүрү кыйылды. Израил бийлиги барымтадагы калган жарандарын бошотуп алуу үчүн согушту токтото турууга даярдыгын билдирүүдө. БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Газадагы кырдаал боюнча резолюция кабыл алуу улам кечеңдеп жатат.
«Бийликтин басып алуу аракети» беренеси менен айыпталгандар президент Садыр Жапаровдун «кемпирабадчылар” кайсы бир мамлекеттин элчисинен акча алган» деген сөзү боюнча териштирүү жүргүзүүнү талап кылышты. 20-декабрда сот жараяндарын ачык өткөрүү талабын да кайталашты.
20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун дароо эки окууда талкуусуз кабыл алды. Эми өлкө эгемендикке ээ болгондо кабыл алынган желек өзгөрүшү керек. Президент Садыр Жапаров парламентте сунушталган демилгенин артында өзү турганын өткөн аптада билдирген. Бирок коомчулукта бул маселе кызуу талкууланып, парламент элдин пикирин эске алган жок деп сындагандар да арбын. “Эксперттер талдайт” берүүсүндө өзгөртүлгөн туу, анын айланасындагы нааразылык жана бийликтин жүйөлөрүн талкуулайбыз.
Жогорку Кеңеш тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун талкуусуз кабыл алды. Документке президент кол койсо желектеги күндүн нуру менен түндүктүн чамгарагы өзгөрөт. Газада Израил армиясынын кезектеги чабуулунан ондогон адам өмүрү кыйылганы кабарланды. БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Газадагы кырдаал боюнча резолюция кабыл алуу улам кечеңдеп жатат. Ошто Кытайга жүк ташыган жүздөй айдоочу митинг өткөрдү. Алар кыргыз-кытай чек арасындагы тыгынга нааразы.
Лейлек районундагы Андарак айылында быйыл 10 аял өз өмүрүнө кол салып, алтоо каза тапты. Төртөөнүн өмүрүн дарыгерлер сактап калган. “Азаттык” айылдагы суициддин себептерин иликтеди.
"Эркиндик үнү" подкастында кыргыз саясатындагы ырым-жырымдарга кайрылдык.