Минтранс готовит прорыв Минтранс, пробивая международные коридоры, настойчиво работает над усилением транзитного потенциала государства: на...
Читать дальше...2023-жыл саясий окуяларга бай болду. Был жылы Жогорку Кеңештеги оппозициянын лидери саналган Адахан Мадумаров камалып, пикири үчүн суралган, эркиндиги чектелген активисттер да болду. Кыргыз-өзбек чек арасы толук такталса, кыргыз-тажик чек ара маселеси да соңуна чыгып калганы айтылып жатат.
Кыргызстан мамлекеттик казыналык облигацияларын эки улуттук валютада Кыргызстан менен Орусиянын рынокторуна жайгаштырды.
Ошентип 2023-жыл соңуна чыгып баратат. Бийлик бул жылдагы жетишкендиктер катары экономикадагы өсүштү, маянанын жогорулашын жана социалдык мекемелердин курулушун айтып жатат. Ошол эле учурда демократия, жарандык коомго, оппозицияга кысым күчөгөнүн билдиргендер да жок эмес. Алар эркин медиалардын айланасындагы окуяларды, пикири үчүн суралып, камалгандарды мисал келтирип атышат. “Эксперттер талдайт” берүүсүндө узап бара жаткан жылдын сабагын, кийинки жылдын багытын талдадык.