Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

Новости за 11.12.2023

"Көлбаев, Матраимовго катышы бар 180ден ашык киши иштен кетти". Райымбек Матраимов кайда?

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бажыда Райымбек Матраимовдун коррупциялык схемасы иштебей калгандан бери көп акча чогулуп жатканын кыйытты. Ал тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кримчөйрөнүн анабашы атыккан маркум Камчы Көлбаев жана мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун “мафиясына” байланышы бар 180ден ашуун киши мамлекеттик кызматтардан алынганын билдирди. Бирок алардын башында турган Райымбек Матраимов өзү кайда экени белгисиз. "Бажыдан көп киреше алып жатабыз"... Читать дальше...

Астана: Абактагы кыргыз ишкерди колдогондор митингге чыкты

Azattyk.org 

УКМК "Көлбаев-Матраимов" мафиясына байланышы бар делген 180ден ашуун мамлекеттик кызматкер иштен алынганын билдирди. Бирок мурдагы бажычы Раим Матраимов өзү кайда экени белгисиз. БУУ газалыктардын качар жери калбаганын билдирип, гуманитардык апааттын алдын алуу үчүн ок атууну токтотууга чакырды. Бишкектеги “Баткен-Комфорт” базарына ээлик кылган фирманын үч жетекчиси камалды.

Өзбекстанда блогер Отабек Саттори жатак абакка которулду

Azattyk.org 

Өзбекстанда 6,5 жылга эркинен ажыратылган блогер Отабек Саттори жалпы режимдеги түрмөдөн жатак абакка которулду. Бул тууралуу “Эзгулик” укук коргоо уюму билдирди. 41 жаштагы Сатторини 2021-жылдын жазында Сурхандарыя облусунун Музрабат райондук соту 6,5 жылга кескен. Кийин Өзбекстандын Жогорку Соту өкүмдү күчүндө калтырган. Telegram жана YouTube каналдары аркылуу «Эл пикири» деген видеоблогду алып барган 41 жаштагы Саттори жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн сындап жүргөн. Ал 2021-жылдын башында Термез... Читать дальше...

Иранда аялдарга тилектештик билдирген актер Садеги беш жылга кесилди

Azattyk.org 

Аялдардын укуктарын жактап жүргөнү менен белгилүү актер Мохаммад Садеги өзүнүн активдүү ишмердүүлүгү үчүн беш жылга кесилгени маалым болду. Инстаграмдагы баракчасына 10-декабрда жарыяланган видеодо актер сот аны “ улуттук коопсуздукка каршы багытталган чакырыктарды жасаган” деген айып менен эркинен ажыратканын билдирди. Кийин бул маалыматты сот дагы ырастады. Быйыл жайда Садегинин үйүндө тинтүү жүрүп, 16-июлда кармалган. Аны алдында Садеги социалдык тармактар аркылуу милдеттүү түрдө хижаб оронуу мыйзамдарын сындап чыккан. Читать дальше...

Навальныйдын кайсы түрмөдө экени белгисиз болууда

Azattyk.org 

Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын адвокаттары билдиргендей, ал Владимир облусундагы Мелехово түрмөсүндө жазасын өтөп жаткандардын катарында жок. Саясатчынын маалымат катчысы Кира Ярмыш билдиргендей, бул тууралуу аларга түрмөнүн өкүлдөрү айтышкан. Навальный учурда кайда экени белгисиз. Буга чейин саясатчынын тарапташтары аны менен алты күндөн бери байланыша албай жатканын айтышкан. Адвокатын да түрмөгө киргизбей жатканы белгилүү болгон. Кира Ярмыштын айтымында, түрмөнүн кызматкерлери... Читать дальше...

Чет жакка чыгууга тыюу салынган орусиялыктар паспортун тапшырышы керек

Azattyk.org 

Орусияда 11-декабрдан тарта күчүнө кирген мыйзамга ылайык, Орусиядан чыгууга тыюу салынган жарандар беш күндүн ичинде паспортторун тапшырышы керек. Бул эреже армияга чакырылгандарга да тийиштүү. Өкмөттүн токтомуна ылайык, жарандар паспортту документти берген же чет жакка чыгууга тыюу салган мекемеге тапшырышы зарыл. Убагында тапшырылбаган паспорт жараксыз деп эсептелет жана аны тийиштүү кызматкерлер чек арадан алып коюшу мүмкүн. Орусияда июнь айында мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык,... Читать дальше...

Султан Ибраимов. Өкмөт башчынын Ысык-Көлдөгү сырдуу өлүмү

Azattyk.org 

Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасы (премьер-министр) Султан Ибраимов жана дагы эки адам киши колдуу болгон окуядан бери туура 43 жыл өттү. 1980-жылы 3-декабрдан 4-декабрга караган түнү Ысык-Көлгө эс алууга барган Султан Ибраимовду, анын айдоочусун жана Чолпон-Атадагы өкмөттүк дачанын кароолчусун атып кетишкен. Чуулгандуу окуя ошол кезде катуу иликтенип, расмий маалыматтарда кылмышты орус улутундагы чолпонаталык жигит жасаганы, кийин ал Куйбышев облусунда өзүн-өзү асып алганы айтылган. Читать дальше...



Ошто 12 мечиттин имамы аттестациядан өтпөй калды

Azattyk.org 

Ош шаарында аттестациядан өтпөй калган 12 мечиттин имамдары алмашууда. Бул тууралуу Ош шаардык казыятынан "Азаттыкка" 11-декабрда билдиришти. Маалыматка ылайык, аттестациядан өтпөй калгандардын арасында үч диний окуу жайдын жетекчилери да бар. "Азаттыктын" жеке булактары айрым мечиттердин имамдары мындай чечимге макул болбой, шаардык казыятка нааразылык билдирип жатканын айтты. Казыят кайсы мечит имамдары алмаша турганын тактаган жок. Буга чейин өлкөнүн бардык аймактарындагы мечиттерди атайын кызмат текшерип чыккан. Читать дальше...

Финкөзөмөл транспортту камсыздандыруу мыйзамын жылдыруу тууралуу маалымат берди

Azattyk.org 

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы (Финкөзөмөл) азыркы мыйзамга жана токтомдорго ылайык, авто транспортторду милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирерин ырастады. Аталган мекемеден “Азаттыкка” билдиришкендей, ошол эле маалда машинелерди камсыздандырууну жарым жылга артка жылдыруу сунушу бар. Ал кабыл алынар-алынбасы азырынча белгисиз. Өзгөртүү кабыл алынбай калса, жарандардын баары... Читать дальше...

"Жокчулук карын эне болууга аргасыз кылды"

Azattyk.org 

Cоциалдык тармактарда карын энелерди издеген жана кызматташууга чакырган жарыялар көбөйгөнүн байкоого болот. Аларга ылайык, башкаларга бала төрөп берүүгө макул болгон кыргызстандык энелер негизинен чет өлкөгө, көбүнесе Грузияга жөнөтүлүүдө. "Азаттык" кыз-келиндерди карын эне болууга түрткөн жагдайларды иликтеди. P.S. Бул материал карын энелик кызматты айыптоону же аны жарнама кылууну көздөбөйт. "Азаттыктын" кабарчылары бул тармактагы соңку тенденцияларды гана көрсөтүп берүүнү максат кылат.

Казакстан: камактагы кыргыз ишкери Маркабаевдин жакындары акцияга чыкты

Azattyk.org 

Алматыдагы “Алтын ордо” базарынын жетекчисинин мурдагы орун басары, камактагы кыргызстандык ишкер Эрмек Маркабаевди бошотууну талап кылган жакындары жана кесиптештери 10-декабрда Астанада митингге чыгышты. Алар Маркабаевге каршы козголгон кылмыш иши “ойдон токулган” деп эсептешет. Катуу суукка карабай Астана циркинин алдында өткөн акцияга кыркка жакын адам катышты. Алардын теңи Алматы менен Кыргызстандан барышкан. "Тергөө да, сот да бир тараптуу болуп жатат" деген Маркабаевдин туугандары президент Касым-Жомарт Токаевден көмөк сурашты. Читать дальше...

Рысбек Акматбаевдин тууганын өлтүргөн деген шек менен эки киши кармалды

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2008-жылы Чолпон-Ата шаарында кримтөбөл, маркум Рысбек Акматбаевдин тууганы Кубанычбек Коноевди атып кеткен деген шек менен эки киши кармалганын билдирди. Мекеменин маалыматы боюнча, иликтөө иш-чараларында 15 жыл мурдагы адам өлтүрүү фактысынын бети ачылып, мурда соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү, 40 жаштагы К.А жана 54 жаштагы К.Н. камакка алынган. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары кармалгандардын бири маркум Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу... Читать дальше...

Навальный менен алты күндөн бери байланыша албай жатканын тарапташтары билдирди

Azattyk.org 

Орусияда түрмөдө отурган оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды Владимир облусундагы Ковров шаардык сотуна 11-декабрда видео аркылуу байланышка чыгарышкан жок. Навальныйдын тарапташтары аны менен алты күндөн бери байланыша албай жатканын айтышууда. Бул тууралуу алар саясатчынын Телеграм-каналы аркылуу кабарлашты. Адвокатын дагы түрмөгө киргизбей жатканы белгилүү болду. Саясатчынын маалымат катчысы Кира Ярмыштын айтымында, түрмөнүн кызматкерлери “7-декабрдан бери электр жарыгын калыбына келтире... Читать дальше...

Айтматовдун каармандары жашаган айыл

Azattyk.org 

Быйыл залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы. Жазуучунун дүйнөлүк адабияттан ордун тапкан чыгармаларындагы каармандар анын замандаштары, айылдаштары болгон. “Данисте” бул жолу Айтматовдун балалыгы өткөн Таластын айылдарын кыдырып, анын каармандары тууралуу айтып бермекчи.

Токтогул ГЭСинин дагы бир агрегаты 48 жылдан бери алгачкы ирет жаңыланды

Azattyk.org 

Кыргызстандын эң ири – Токтогул гидроэлектр станциясынын (ГЭС) №2 агрегатын реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады. Кеп болуп жаткан агрегатты жаңылоо жана оңдоо жумуштары быйыл 1-мартта башталган жана аны аяктоо мөөнөтү декабрь айына коюлган. Бул аралыкта гидроагрегаттын негизги жабдуулары, көмөкчү системалары менен бирге монтаждоо иштери 100% аткарылды. Станциянын №2 агрегатынын кубаттуулугу мурда 300 мВт болсо, жаңыланган соң 360 мВт болуп калды. Читать дальше...

УКМК Фейсбук колдонуучусун "башаламандыкка чакырган" деген айып менен кармады

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстанда массалык башаламандык уюштурууга чакырган деген шек менен Фейсбуктун колдонуучусу кармалганын 11-декабрда маалымдады. Мекеме Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык)  менен иш козголгонун, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Фейсбукта “Айман Манап” деген аккаунттун колдонуучусу, 1983-жылы туулган жаран кармалганын билдирди. Маалыматта "ал баракчасына жапырт башаламандыкка жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу... Читать дальше...

Акылбек Жапаров өкмөт салык саясатын аягына чыгарарын билдирди

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөт жаңы салык саясатын аягына чыгарып, Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ), электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) сөзсүз ишке киргизе турганын билдирди. Бул тууралуу ал 11-декабрда парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айтты. Өкмөт башчы ноябрдын аягы, декабрь айынын башында Бишкекте жана аймактарда ККМге каршы нааразылык акцияларды уюштургандар тууралуу маалыматтар бар экенин, алардын аты-жөнү ачык жарыяланарын кошумчалады. Читать дальше...

CDC: Казакстан кызамыктын жайылышы боюнча үчүнчү орунга чыкты

Azattyk.org 

АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун (CDC) маалыматына караганда, Казакстан кызамыктын (корь) жайылышы боюнча дүйнөдө үчүнчү орунга чыкты. Анын алдында Йемен менен Индия турат. Ноябрь айынын статистикасына ылайык, Йеменде бул илдетке чалдыккандардын саны 23 миңге жетсе, Индияда 15 миңдин тегерегинде, ал эми Казакстанда 13 миңге чамалады. Тизмеде кийинки орундарды Эфиопия, Пакистан, Конго Демократиялык республикасы жана Орусия турат. CDC кызамыктын күтүлгөндөн көбүрөөк жайылышын коронавирус пандемиясына байланыштырат. Читать дальше...

Депутат Каракол шаарынын саркынды суусу Ысык-Көлгө куюлуп жатканын айтты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети 11-декабрда мамлекеттик органдардын Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча аткарып жаткан иштери тууралуу маалыматын укту. Бул багыттагы маалыматтар менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары Самат Жантелиев тааныштырды. Ал Чолпон-Ата шаарында жаңы тазалоочу курулманы куруу үчүн анын техникалык экономикалык негиздеме даярдоо... Читать дальше...

Газадагы аянттын алдында туннелдер аныкталганы кабарланды

Azattyk.org 

Израилдин армиясы Газа шаарындагы Палестина аянтынын алдында ири туннелдер түйүнү аныкталганын билдирди. “Палестина аянтында Яхья Синвардын кеңсеси, ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмдун лидерлеринин кыймылсыз мүлктөрү, кеңселер жана террорчулардын туннелдери аныкталды”,- деди ЦАХАЛдын расмий өкүлү Даниэл Хагари. Анын айтымында, бул туннелдердин Ас-Шифа ооруканасы менен байланышы болгон. Буга чейин ХАМАС куралдуу тобунун башчысы Яхья Синвар Газа тилкесинин түндүгүндө... Читать дальше...

“Фейк” мыйзамы боюнча Маданият министрлиги 20 арызды карады

Azattyk.org 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда быйыл жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча түшкөн 77 арыз боюнча түшүндүрмө берди. Мекеменин маалыматына ылайык, “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамдын негизинде министрликте 2023-жылы 20 кайрылуу каралган. Анын ичинен жети басылма арыз түшкөн маалыматты өз ыктыяры менен сайтынан алган. Маалыматтын толук эместигине байланыштуу төрт арыз каралган эмес жана тартипке ылайык толуктап иштеп чыгуу сунушу берилген. Читать дальше...

Коргоо министрлиги быйыл беш аскер кызматкери каза болгонун билдирди

Azattyk.org 

Быйыл Кыргызстанда Коргоо министрлигинин алдындагы мекемелерде кызмат өтөп жаткан беш аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу министр Бактыбек Бекболотов жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында билдирди. Министр алар жол кырсыгынан жана оорудан каза тапканын, бир аскер кызматкери өз жанын кыйганын белгиледи. Бекболотов аскер жайларында мурдагыдай чоңсунуу түшүнүгү азайганын айтты. “Бул багытта көп иштер жасалып жатат. Азыр бардык аскер бөлүктөрүндө бир убакта чакырылган аскерлер кызмат кылып жатат. Читать дальше...

12-декабрдын аба ырайы

Azattyk.org 

Шашылыш билдирүү 11-12-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетет. 10-11-декабрларда абанын температурасы акырындык менен төмөндөп,Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…+2... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *