Шаардык сот “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айыпталган дагы үч журналистти абакта калтырды. Көз карандысыз экспертиза жазуучу Олжобай Шакирдин камалышына негиз болгон видеодо “башаламандыкка чакырык жок” деген бүтүмгө келди. Казакстанда сел каптаган аймактардан 12 миңдей киши көчүрүлдү.
Катар калкынын саны жагынан Кыргызстандан кеминде эки жарым эсе, аянты жагынан 17 эсе кичинекей өлкө. Перс булуңундагы бул мамлекет ички дүң жыйымдын жан башына үлүшү боюнча дүйнөдөгү эң бай өлкөлөрдүн бири. Катардагы кыргызстандык мекендештердин саны айрым маалыматтарга караганда 1000ге жакын. “Азаттык” бул жолу Катардын жашоосун бул өлкөдө жашаган кыргызстандыктар аркылуу тааныштырат.
Көз карандысыз экспертиза жазуучу жана публицист Олжобай Шакирдин камалышына негиз болгон видеодо "жапырт башаламандыкка чакырык жок" деп корутунду чыгарды.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту тынч чогулуштарды өткөрүүнү чектөө чечимин дагы үч айга узартты. Тийиштүү чечим 29-мартта кабыл алынган. Укук коргоочулар Конституцияда каралган адам укуктарынын бири болгон тынч жыйындарга чогулуунун минтип чектелип келатканына тынчсызданып жатышат.