Газалыктар Орозо айтты согуш шартында белгилеп жатышат. Ачкачылык коркунучу тооруган анклавдын тургундары мурункудай майрамдоо үчүн шарты да, маанайы да жоктугун айтышат. Анын үстүнө Израил аскерлери чабуулдары токтотпой жатат. Ал арада АКШнын президенти Израил өкмөт башчысынын Газадагы саясатын “жаңылыш” деп атады.
Москвада бул жолку айт намазы мигранттарга каршы маанай күчөп турган шартта өтүп, борбордук мечитке мигранттар адаттагыдан аз келгени кабарланууда. Майрамга карата Орусиянын баш калаасында коопсуздук чаралары күчөтүлүп, темир тосмолор коюлуп, жүздөгөн полиция кызматкерлери күзөткө чыкты.
Газалыктар Орозо айтты согуш шартында белгилеп жатышат. Ал арада АКШнын президенти Израилдин өкмөт башчысынын Газадагы саясатын “жаңылыш” деп атады. Журналисттерди коргоо комитети кыргыз бийлигин камалган журналисттердин баарын бошотуп, аларга коюлган айыптарды алып салууга чакырды. Тышкы иштер министрлиги Москвада маңзат сатууга шек саналып кармалган Кыргызстандын жараны Нурмухаммед Токобаевге укуктук жардам берүүнү караштырып жатканын билдирди. 20 жаштагы уулун айыпсыз деген эне кыргыз бийлигине жардам сурап кайрылган.
Газалыктар Орозо айтты согуш шартында белгилеп жатышат. Ачарчылык коркунучу тооруган анклавдын тургундары майрамдоого шарты да, маанайы да жоктугун айтышат. Анын үстүнө Израил аскерлеринин чабуулдары токтобой жатат. АКШнын президенти Израил премьеринин Газадагы саясатын “катачылык” деп атады.
Москвада бул жолку айт намазы мигранттарга каршы маанай күчөп турган шартта өтүп, борбордук мечитке мигранттар адаттагыдан аз келгени кабарланууда. Ал эми Кыргызстанда быйылкы Орозо айт намазы коопсуздук маселесинен улам мечиттерде гана окулду.
Кыргызстанда камактагы журналисттердин жарым-жартылай бошотулду. Эл аралык коомчулук тынчсыздануу билдирүүдө.
Кыргызстанда быйылкы Орозо айт намазы коопсуздук масесинен улам мечиттерде гана окулду. Коомдук коопсуздукту сактоо максатында өлкө боюнча 10 миңден ашуун милиция кызматкери тартылып, мечиттерди кайтарууга алды. Өлкөдө буга чейинки Орозо айт намазы өкмөт үйүнүн алдындагы аянтта окулуп келген.
Бири-бирин жактырган эки жаш окуусун бүткөн соң жолдошторун чакырып чай берип, баш кошконун айтып, мындан ары бирге түтүн булатарын билдирген. Алардын айылдагы ата-энелери болсо калыңдан улам таарынышып, сүйлөшпөй калышкан.
Мындан эки жыл мурун Бишкектеги эл аралык медициналык институту атайын изилдөө жүргүзүп, кыргызстандык студенттердин 70 пайыздан ашыгы тез татым жана таттуу суусундуктар менен тамактанарын айтып чыккан. Ал арада бул тармактагы адистер соңку жылдары ашыкча салмак менен жабыркаган жаштар көбөйгөнүн айтып, коңгуроо кагышууда.
Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Кыргызстандын жетекчилигине кол салууну пландаган деген шек менен кармалган беш азери жаранын мекенине өткөрүп берди.