2-апрель: Жапаров талаштуу мыйзамга кол койду, Түркияда өрттөн кеминде 29 киши набыт болду
2-апрелде Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
2-апрелде Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
Газада карапайым калкка азык-түлүк таратып жүргөн гуманитардык уюмдун кызматкерлери набыт болду. Алардын арасында Австралия, Британия, АКШ жана башка мамлекеттердин жарандары болгон. World Central Kitchen уюму чабуулду айыптап, аймактагы ишмердүүлүгүн токтотконун жарыялады. ЦАХАЛ кечирим сурап, окуя тыкыр иликтенерин билдирди. Мунун алдында Сириядагы Ирандын консулдугуна сокку урулган. Тегеран аны Израилден көргөн.
Ошто жүк ташуучу айдоочулар Өзбекстанга кирүү татаалдашканына нааразы. Кытайдан Кыргызстанга, Өзбекстанга каттаган айдоочулар 1-апрелден тарта Өзбекстанга кирүүдө атайын уруксат кагазы талап кылынарын айтып жатышат. Айдоочулар жумушсуз калуу коркунучунда турганын билдирип, транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев менен жолугууну талап кылышты.
Түркияда террордук уюмга мүчө делген борбор азиялыктар кармалды. Расмий маалыматта тажикстандык жигит кыргызстандык келин менен бирге куралдуу кол салууга даярданып жатканы айтылат. Серепчилер эмне себептен айрыкча тажикстандыктар террордук уюмдарга тартылып жатканын чечмелешти.
Газада Израилдин соккусунан World Central Kitchen эл аралык гуманитардык бейөкмөт уюмунун кызматкерлери каза болду. Израил армиясы кечирим сурап, окуяны териштирип жатканын билдирди. Бир катар жергиликтүү жана эл аралык уюмдардын тынчсыздануусуна карабай президент Садыр Жапаров бейөкмөт уюмдарга “чет элдик өкүл” деген макам берүүгө жол ачкан талаштуу мыйзамга кол койду. Кыргызстанда биринчи жолу 40 бийчиден турган заманбап балет труппасы түзүлөт. Классикалык балет жана заманбап бий элементтерин камтыган... Читать дальше...
Газада жөөт армиясынын аба соккусунан карапайым тургундарга азык-түлүк таратып жүргөн гуманитардык уюмдун кызматкерлери мүрт кетти. Алардын арасында Австралия, Британия, АКШ жана башка мамлекеттердин жарандары да болгон.
Президент Садыр Жапаров талаштуу "Чет өлкөлүк өкүл" боюнча мыйзамга кол койду. Муну менен өлкөдө жарандык коомго сокку урчу документ күчүнө кирмей болду.
Кыргызстанда алгач ирет кёрлинг боюнча өлкө чемпионаты өттү. Кёрлингдин mixed double түрүнөн өткөн мелдешке төрт команда катышты. Кыргызстанда спорттун бул түрү менен 2016-жылдан тарта машыга башташкан. 2018-жылдан бери кыргыз атлеттер ар кандай мелдештерге катышып жүрөт. Өлкөдө кёрлинг менен 40ка жакын спортчу машыгат.
“Ата-Бейит” - постсоветтик чөлкөмдөгү даректүү далилдер менен табылган репрессия курмандыктарынын көрүстөнү. Ага бөлүнгөн жылдык бюджет айлык-акыдан, социалдык төлөмдөрдөн жана кеңсе иштеринен артпайт. Музейди кармоо үчүн кошумча чыгымдарга акча табуу - талылуу маселе. Комплекстин жетекчиси Болот Абдрахманов тарыхый жайдын бүгүнкү абала менен тааныштырды.
Казакстанда суу каптаган аймактардан миңдеген киши көчүрүлдү. "Азаттыктын" казак кызматы селдин кесепеттерин жоюу боюнча штабдын маалыматына таянып, ушул тапта Казакстандын он аймагында суу каптоо коркунучу бар экенин жазды. Бир катар шаарларда жана райондордо өзгөчө кырдаал жарыяланды.