Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2024

Новости за 16.04.2024

Ататүрк паркындагы хансарайлар эмне болот?

Azattyk.org 

Өткөн аптада Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Ататүрк атындагы сейил бактын чек арасын 1992-жылдагы абалга келтирүү боюнча токтомго кол койду. Ага ылайык парктагы мыйзамсыз курулуштар түшкөн жер тилкелери Бишкек мэриясына өтүп, жооптуу адамдар менен прокуратура иштеши зарыл. Бул токтом кандай иштейт? Ататүрк паркына курулган үй-жайдын тагдыры кандай болот? "Азаттыктын" студиясында: Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Кадыров, Бишкектин Октябрь районунун акими Жаныбек... Читать дальше...

Тажикстан түрк жарандарына виза режимин киргизди

Azattyk.org 

Тажикстан түрк жарандарына виза режимин киргизди. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү 15-апрелде "Азаттыктын" тажик кызматына билдиргендей, виза режими быйыл 20-апрелден тарта күчүнө кирет. Бул Түркиянын Тажикстандын жарандары үчүн визасыз режимди жойгонуна жооп катары каралууда.

Жалал-Абадда, Аксыда үйлөрдү суу каптады

Azattyk.org 

Кара-Суу районунда беш жашар кызды зордуктоого шектелип 31 жаштагы киши кармалды. Отуз-Адыр айылында 100гө чукул киши чогулуп, кылмышты дыкат иликтөөнү талап кылды. Грузияда “чет элдик агент” мыйзамына каршы митингде 14 киши кармалды. Оппозициянын сынына карабай талаштуу документ парламент комитетинде биринчи окууда жактырылды. Бишкектин мэриясы Ататүрк паркындагы курулуштарды сүрдүрүү чечими кабыл алынып, мыйзамсыз жер тилкелердин ээлерине эскертүү берилгенин билдирди. Ал арада участоктордун айрым кожоюндары мэриянын алдына чогулду.

"Чет элдик өкүл" мыйзамы: "Соростун" билдирүүсү, бийликтин жообу

Azattyk.org 

Кыргызстанда медицина, билим берүү, адам укугу сыяктуу социалдык долбоорлорду жүзөгө ашырып келген “Сорос-Кыргызстан” фонду өз ишин токтотууда. Уюм жабылышына өлкөдө кабыл алынган бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам себеп болгонун, анда “чектөөчү жана так эмес эрежелер” бар экенин белгиледи.



"Чет өлкөлүк өкүл" мыйзамы: "Сорос-Кыргызстан" ишин токтотууда

Azattyk.org 

Кыргызстанда медицина, билим берүү, адам укугу сыяктуу социалдык долбоорлорду жүзөгө ашырып келген “Сорос-Кыргызстан” фонду өз ишин токтотууда. Уюм жабылышына өлкөдө кабыл алынган бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам себеп болгонун, анда “чектөөчү жана так эмес эрежелер” бар экенин белгилди.

"Моралдык колдоо маанилүү". Кыргыз блогерлеринин демилгеси

Azattyk.org 

Жалпысынан Казакстанда сел каптаган айыл-шаарлардан эвакуация кылынгандар бүгүнкү күнгө карата 108 миңден ашты, алардын дээрлик 38 миңи балдар. 12 миң киши кайра үйүнө кайтты. Азыркы тапта 7,5 миңдей киши убактылуу ачылган жайларда жашап жатат.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *