Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2024

Новости за 18.04.2024

Оштогу шайлоо: Таарынычын так айтпаган Маматов

Azattyk.org 

Кара-Суу бир мандаттуу округунда мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан парламенттик шайлоодогу талапкерлердин бири “тоскоолдуктардан улам” жарыштан чыкканын Фейсбукка жазды. Бирок ким тоскоолдук кылып жатканын ачык айткан эмес. 28-апрелде өлкөнүн түштүгүндөгү бир мандаттуу үч округда шайлоо өтөт.

Жети киши набыт болду. Казакстанда селдин экинчи толкуну башталды

Azattyk.org 

Казакстанда суу ташкын жети кишинин өмүрүн алганын Ички иштер министрлиги билдирди. Суу каптаган он облустан 117 миңдей киши эвакуацияланды. Анын 40 миңдейи балдар. Үй-мүлкү суу астында калгандар бийликтен кенемте маселесин чечип берүүнү талап кылууда. Орусияда да кырдаал оор экени кабарланды.

Улуу көч уланат. "Манас" театры жаңы имаратка көчтү

Azattyk.org 

Улуттук “Манас” театры жаңы имаратка ээ болду. Маданий жай мурдагы "Манас айылы" этнографиялык комплекси жайгашкан жерге салынган. Имаратта 300 орундуу концерттик зал бар. “Манас” театры мындан үч жыл мурун тузүлүп, байыртан келаткан төкмөлүк, манасчылык, дастанчылык өнөрдү аркалагандардын башын кошкон. Буга чейин алардын өзүнчө өнөрканасы болгон эмес.



Оппозиционер Жээнбеков абакта кысымга кабылганына даттанды

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, камакта жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков абактагы дагы бир саясатчы Азимбек Бекназаров экөөнө психологиялык кысым көрсөтүлүп жатканын билдирди. Азырынча Жаза аткаруу кызматы мындай дооматка жооп бере элек.

Талас университети: отургуч эски, спорт зал жок

Azattyk.org 

24 жыл мурда негизделген Талас мамлекеттик университети облустагы жогорку билим берген жалгыз окуу жайы. Анда үч жарым миңдей студент билим алат. Окуу жайдын жатаканасы жана спорт залы жок, жыйындар залындагы эмеректин эскилиги жеткен. Аны жаңылоого университеттин чама-чаркы жетпей келет. Аймактагы активисттер шаарда бир катар жаңы мамлекеттик мекемелер курулуп жатканы менен билим уясы көңүл сыртында калганын белгилешет.

"Мага тагылган айыптар акылга сыйбайт". Алсу Курмашеванын камалганына жарым жыл болду

Azattyk.org 

18-апрелде “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун татар-башкыр редакциясынын журналисти Алсу Курмашеванын камалганына жарым жыл болду. Көптөгөн эл аралык укук коргоо уюмдары ага коюлган айыптарды "саясий" деп атап, көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарына басым көрсөтүү катары баалап жатышат.

Иманкулов: Динге тартылгандан эмес, динди жамынгандардан коркуш керек

Azattyk.org 

Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов террордук коркунучтардын алдын алуу аракеттери жана Сириядагы кыргызстандык аялдар менен балдарды кайтарууга байланыштуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *