Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2024

Новости за 06.04.2024

"Эс алуучулардан таштанды калып жатат". Ала-Арча коркунучтабы?

Azattyk.org 

Дүйнөдөгү экологиялык жактан таза өлкөлөрдүн рейтингинде Кыргызстан 180 мамлекеттин ичинен 126-сапка жайгашып, Борбор Азия боюнча да эң акыркы орунда калды. Анткен менен өкмөт экологияны коргоо иштери жүргүзүлүп, буга удаа эле экологиялык туризмге көңүл бурулуп жатканын билдирүүдө.

"Апрель окуясы бардык бийликке сабак". Таластагы эскерүү

Azattyk.org 

14 жыл мурда ушул күнү Таласта башталган элдик толкундоо бир күндөн кийин Бишкекте уланып, ошол кездеги бийликтин кулашына алып келген. Анда президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккан элге ок атылып 90го жакын киши набыт болуп, миңден ашууну жараат алган.

Аксы: Бир айылга жарык берген чакан ГЭС

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунда он чакан ГЭС курулуп жатат. Жакында алардын экөөнүн курулушу бүтүп, ишке кирди. Аксыда бир айылды жарык менен камсыздаган чакан ГЭСти жеке ишкер өз каражатына курган.

"Алты балам менен көчөдө калдым". Каржы пирамидасына алданган келиндер

Azattyk.org 

“500 сомду 1000 сом кылып көбөйтүп берем! Кичинекей суммада инвестиция салсаң, олчойгон киреше табасың!”. Дал ушундай адамдын кызыгуусун арттырган сунуштар менен карапайым элдин каржысын алдап кеткендер тыйыла элек. Алсак, ушул жылдан башында Charge fast деп аталган каржы пирамидасы миллиондогон жабылып калган.



Адамга жамалган чочконун бөйрөгү, мээ башкарган дрон

Azattyk.org 

Америкада биринчи жолу чочконун бөйрөгүн кишиге ийгиликтүү жамашты. 62 жаштагы бейтап өзүн жакшы сезип, ооруканадан үйүнө чыкты. Окумуштуулар суу алдында бир ай жүрүп, деңиздин түбүн изилдөөгө кызыкдар. Бул үчүн атайын капсуланы үч мерчемдүү принтер басып чыгат. Кытайда мээ менен башкарылчу дрондор күнүмдүк турмушта пайдаланыла баштады. Акыл-эс башкарган технологиялар Альцгеймер оорусун эрте аныктоого шарт түзөт.

"Ымыркайы да чарчап калды". Төрөттөн дагы бир келин каза тапты

Azattyk.org 

Түп районунун тургуну, 18 жаштагы келин төрөттөн каза болду. Маркумдун жакындары буга медиктерди айыпташууда. Дарыгерлер болсо келин кош бойлуу кезинде каттоого кеч турганын, толгоо башталган күнү ооруканага дене табы көтөрүлүп келгенин билдирди.

Тажрыйба менен дараметти сынаган Балыкчы - Барскоон жолу

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү Ысык-Көлдүн тескейиндеги Балыкчы - Барскоон жолун курууда көйгөй жаралып, иш создугуп жатканын моюнуна алды. Эксперттер жергиликтүү компаниялардын жол куруудагы тажрыйбасы менен материалдык-техникалык дарамети жетишсиз болуп жатканын айтышууда.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *