НАТОнун Баш катчысы Йенс Столтенберг Орусияны украин чек арасындагы аскердик ишмердигин жаап-жашырбоого чакырды. Столтенберг орусиялык күчтөр чек арага жакын жерге "мурда болуп көрбөгөндөй санда жана масштабда" топтолуп жатканын белгиледи.
АКШ жана Европанын расмий адамдары Украинанын чыгыш чек арасында орус аскерлеринин активдүүлүгүнө тынчсыздануу билдирип келатышат.
"Орусиянын кырдаалды курчуткан чагымчыл же агрессивдүү аракеттери кабатырлануу жаратат", – деп айтты 15-ноябрда Баш катчы украин тышкы иштер министри Дмитро Кулеба менен Брюсселдеги пресс-конференцияда.
Өткөн ишембиде АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен француз тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан менен телефон сүйлөшүүсүндө Орусия украин чек арасындагы аскердик активдүүлүгүн күч алдырууда деген кабарларды талкуулаган. Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Нед Прайс 14-ноябрдагы билдирүүдө Блинкен Вашингтон Киевдин аймактык бүтүндүгүн тайбастан колдоорун кайталаганы белгиленди.
Өткөн аптада Блинкен Москва кошуна өлкөгө байланыштуу дагы бир "олуттуу ката" жасабашы керек деп эскерткен.
Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилер 7 жылдан бери бир топ райондорду көзөмөлдөп келатышат. 12-ноябрда Европа Биримдиги кырдаалга байкоо салып жатканын билдирген.
Орусиянын президенти Владимир Путин Москва аскердик чабуулду караштырып жатат деген Батыштын божомолдорун четке кагып, Украина менен АКШнын Кара деңиздеги аскердик машыгуусун агрессивдүү кадам деп сыпаттады.
Столтенберг 15-ноябрда андай машыгуу "коргонуу мүнөзүндө жана ачык өткөнүн" билдирди.
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
В Московском регионе более 62 тысяч семей распорядились материнским капиталом через банки
Яндекс, А.С. Пушкин, Святой Ленин ведут следствие. Настоящая сенсация! 225 лет А.С. Пушкину.
В Подмосковье сотрудники Росгвардии спасли пожилого мужчину, который оказался один дома и плохо себя почувствовал
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг
Композитор АНИКА ДАЛИНСКИ выпускает двенадцатый альбом в двух жанрах - Поп и Шансон
«К очереди присоединялась другая»: Тимати раскрыл успех своего бизнеса
Бурятский Театр кукол Ульгэр в Улан-Улан-Удэ показал в Этнографическом музее народов Забайкалья перед детьми и родителями в семейный праздник сказку Колобок - Новости и Культура, Дети и Россия