Варшава НАТОдон жардам сурады
Польша НАТОну кеңешке чогулуп, Беларус менен миграциялык кризисти конкреттүү кадамдар менен жөнгө салууга чакырды.
Латвия Беларуска жакын аймакта аскердик машыгуу өтөрүн жарыялады. Батыш Орусиянын Украинага кол салуу коркунучу өскөнүн эскертти. Киев Беларус менен чек арасын күчөтүлгөн тартипке күзөтүп жатат.
"НАТО азыр жөн эле карап турганы жарабайт"
Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий чек арада кысым күчөп бараткандыктан НАТОну кеңешүүгө чакырды. Аскердик союздун келишимине ылайык, ага мүчө мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүнө, саясий көз карандысыздыгына жана коопсуздугуна коркунуч туулган учурда өз ара жардамдашуу боюнча кеңешке чогула алат.
“Азыр жөн эле камтамалыкты айтып коюу жетишсиз болуп турат. Альянстын ар бир мүчөсүнүн конкреттүү кадамы керек", – деди поляк премьер-министри Матеуш Моравецкий жергиликтүү маалымат агенттиктерине жасаган кайрылуусунда.
Ал эми ушул эле күнү Улуу Британиянын коргоо министри Бен Уоллес Польша көңүл сыртында калбастыгын, азыр НАТОнун мүчөлөрү бири-бирине колдоо көрсөтүүгө милдеттүү экенин билдирди:
"Биз Орусиянын иш-аракети бир эле Европада эмес, бүткүл дүйнөдө арам ойлуу болуп жатканын таанышыбыз керек. Ал көп өлкөлөрдө туруксуздук жаратууда. Бул тынчыбызды алып, жалпы коопсуздукка коркунуч туудурат. Европа менен НАТО кызыл чектен өтүүгө болбой турганын эскертип, ага так жана чечкиндүү жооп берүүгө тийиш. Бул узак чатактагы эң маанилүү жол – күчтүү бойдон туруу. Биздин миңдеген аскерлер Чыгыш Европада жайгашкан. Алар көбүнчө Польша менен Эстонияда турат. Биздин НАТОдогу ал союздаштарды дайыма колдоп келебиз",- деди Бен Уоллес.
Ал эми Латвия Беларус менен чектешкен аймагында аскердик машыгуу өткөрөрүн, буга Минск себеп болгонун айтты. Коргоо министри Артис Пабрикс аскердик машыгуулар 12-декабрга чейин созулуп, ага 3 миңдей аскер катышарын жарыялады.
Рига дагы кошумча күч, колдоо күтөт
Латыш президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Далюс Кулиесюс ага кошумча НАТОдон колдоо суралганын айтты:
"Биз НАТОдон кошумча жардам алуу үчүн конкреттүү критерийлерди макулдаштык. Мында НАТОнун негиздерин аныктаган Вашингтон келишиминин тиешелүү беренелери иштейт. Эгер жагымсыз багытта коркунуч күчөсө кандай чаралар зарыл болорун талкууладык".
Ошол эле кезде 15-ноябрда Латвиянын кошунасы Литвада Балтика өлкөлөрүнүн саммити башталды. Вильнюстагы бул жыйында Беларус аны менен чектеш өлкөлөргө жасалма түрдө түзүп жаткан миграциялык кысымдын максаты жана кесепеттери талкууланды. Анда Польша менен Балтика өлкөлөрүнүн макулдашылган аракеттери да каралды.
Украинага туулган коркунуч
Ал эми Батыштын атайын кызматтары 15-ноябрда Орусиянын Украинага аскердик кол салуу коркунучу өскөнүн эскертти. Бул тууралуу билдирген британдык Financial Times басылмасы чалгын маалыматтары быйылкы кышта же жазда болушу күтүлүп жаткан коркунуч былтыр жазында Орусия украин чек арасына аскерлерди топтоштургандан дагы коркунучтуу экенин Киевге эскерткенин жазды.
Бирок Орусиянын президенти Владимир Путин Москванын Украинага каршы жаңы аскердик агрессияга даярдыгы тууралуу маалыматтарды четке кагып, кайра Киевдин өзүн айыптады:
"Украин президенти “Байрактарды” колдонгонун жигер менен айтты. Ал деген учкучсуз учуучу аппарат аскер аба күчтөрүнө кирет. Аны алар чатактуу тилкеде колдонуп жатышат. Бул Минск келишимине каршы келет. Бирок ага эч ким көңүл бурган жок. Евробиримдик түшүнүксүз бир нерсе айткан болду. АКШ болсо аны колдоду. Украин расмилери биз "Байрактарды" пайдаландык жана дагы пайдаланабыз" деп айтышты. Ал эми Кара Деңизде пландан тышкары машыгууларды башташты. Алар бизди сак болушубузду текшерип жатышат көрүнөт. Биз кыраакылыкты жоготпойбуз", - деди Путин.
Соңку эскертүүлөргө байланыштуу жана Беларустан Украинага мигранттар агымы болушу мүмкүн деген шек менен Киев бул багыттагы чек араларын кайтарууга кошумча аскерлерин жайгаштырды.
Быйыл жайында Беларус баштаган миграциялык кризис Евробиримдиктин мүчөлөрү Польша, Латвия жана Литвага коркунуч жаратып, бул өлкөлөр чек араларын кайтарууну күчөтүлгөн тартипке өткөргөн. Быйыл жайдан бери Беларустан Евробиримдиктин чек арасын күч менен кесип өтүүгө 7 миңден ашуун аракет катталганын Польшанын Коргоо министрлиги жакында жарыялады.
Жакынкы Чыгыштан ташылып келинген мигранттар Беларустун аймагы аркылуу чек араны бузуп кирүүгө далалат жасап, буга өбөлгө түздү деп Евробиримдик Минскини айыптоодо.