БШК соттун Момбеков боюнча чечимине макул эмес
Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык адиминистративдик сотунун Социал-демократтар партиясынан депутаттыкка талапкер Рыскелди Момбеков боюнча чыгарган чечимине макул эмес.
Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады. Боршайкомдун сот чечимин добуш берүү бүткөндөн кийин кайра кайтарууну талап кылган арыз менен кайрылары кабарланды.
Бүгүн, 27-ноябрда Рыскелди Момбековдун талапкерлигин сот калыбына келтиргенин саясатчы "Азаттык" радиосуна өзү кабарлаган.
БШК Момбековдун талапкерлигин жасалма диплом тууралуу маалыматтан кийин 24-ноябрда жокко чыгарган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Момбеков 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин бүткөнү тууралуу жасалма диплом алганы тууралуу БШКга маалымат берген.
Аталган университеттин адистери да архивдик материалдарда диплом берилгенине далил болчу документтер жок экенин билдиришкен.
2021-жылы кабыл алынган жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер жогорку билимдүү болушу керек. "Ата Мекен" партиясы аталган норма адамдын конституциялык укугун чектейт деп Конституциялык сотко кайрылган.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо эртең, 28-ноябрда болот. Жогорку Кеңештеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат. Бүгүн, 27-ноябрда үгүт өнөктүгү токтоду.
2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы элдин нааразылыгынан улам жокко чыгып, өлкөдө бийлик алмашкан. Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы мөөнөтүнөн бир жыл ашык иштеди. (BCh)