Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2021

Кыргызcтандын климаты: Сел күчөдү, аба булганды, илдет көбөйдү

0
Кыргызcтандын климаты: Сел күчөдү, аба булганды, илдет көбөйдү

Дүйнө жүзүндө климаттын өзгөрүшү кооптонууларды жаратууда. Окумуштуулардын айтымында, бул процесс Борбор Азияны, анын ичинде Кыргызстанды да кыйгап өткөн жок. Анын үстүнө соңку жылдары байма-бай катталган сел, жер көчкү өңдүү табигый кырсыктар, кургакчылык ансыз да пандемиядан жүдөгөн өлкөнүн экономикасына сокку болууда. Адистер бул көйгөйдүн баары Кыргызстандын экология боюнча моюнуна алган милдеттенмелерин жүзөгө ашырууга тоскоол болуп жатканын белгилешет.

Табигый кырсыктар

Сел жана анын кесепеттери

Жаратылыш кырсыктары алып келген чыгым

Табигый кырсыктар жана миграция

Климаттын өзгөрүүсүнүн экономикага таасири

Бишкек абанын булганышы боюнча быйыл да алдыда

Абанын булганышы калк саламаттыгы үчүн канчалык кооптуу?

СОР-26 саммити жана кыргыз бийлигинин иш-аракеттери

 

Кыргызстанда табигый кырсыктар көбөйүүдө

Кыргызстанда быйыл сел жана суу ташкындары көп болду. Селдин айынан 10 адамдын өмүрү кыйылды.

Лейлектеги Ак-Терек айылынын тургуну Жыргалбек Момунов быйыл үй-жайын сел алып кеткен соң Чүй бооруна көчүп келүүгө аргасыз болгон.

Жыргалбек буга чейин айылдын мечитинде имам болчу. Андан тышкары, автоунаа оңдоп, бал челек кармап тирилик кылчу. Үйүн селге алдыргандан кийин болгон оокатынан кол жууган. Учурда Чүйдүн Беловодское айылында батирде жашап, "Дордой" базарынын жанында автоунаа оңдоп иштейт.

“Быйыл сел өтө катуу жүрдү. Бир эмес, үч жолу каптады. Биринчи селде ӨКМдин (Өзгөчө кырдаалдар министрлиги-ред.) балдарынын жардамы менен тазалаганбыз. Үйдүн жанында дамба бар эле, экинчи селге туруштук бере албай калды. Андан тазалаганча болбой, үчүнчү сел каптап, үйдү жашоого жараксыз кылды. Мурда сел мынча катуу жүрчү эмес. Быйыл жаанчыл болду. Мурда сайдын тээ төрүнөн башталса да, сел аз келчү. Бул жылы сайдын бери жагынан эле катуу келди. Сактап калган анча-мынча оокатыбызды бул жакка алып келип, батирде жашап жатабыз”, - дейт Жыргалбек Момунов.

Ак-Терек айылынын дагы бир тургуну Абдикундуз Исаковдун да тамын, тамаркасын сел каптаган. Ал 45 жашка чыкканча мындай селди көрбөгөнүн айтып берди:

“Июнда Ак-Терек айылында жаан аябай катуу жаады. Аксакалдардын айтуусунда, биздин айылда акыркы жүз жылда мындай катуу сел жүрбөптүр. Анын кесепетинен айылда жалпы жонунан 26 үй-бүлө жабыр тартты. Алардын ичинен 10 үй-бүлө өтө катуу зыян тартып, үй-жайсыз калды. Алардын катарында мен да бармын. Там-ташыбызды, бак-дарак, тамаркабызды толук суу жууп кетти. Эч нерсебиз калган жок. Азыр ар жерде батирлеп, баш калкалап жүрөбүз”.

Ак-Теректин селден жабыр тартып, жашоо-шарты, тиричилик булагы жок калган 27 кожолугуна өкмөт Кадамжайдагы кыргыз-өзбек чек арасына жакын аймактан жер тилкесин бөлүп берген.

Абдикундуз Исаковдун айтымында, бул жаңы конушка Лейлектин селден жабыркаган башка айылдарынын тургундары да келип, жалпысынан 75 кожолук отурукташканы турат.

“Өкмөт селден жабыр тарткан актеректик 27 үй-бүлөгө Бүргөндү массивинен 20 сотыхтан жер берди. Баткен районунун Кыштут, Газ айылынан, Лейлек районунун Катраң, Тогуз-Булак, Кулунду жана Лейлек айыл өкмөтүнөн болуп, облус боюнча 75 кишиге үй-жай куруу үчүн жер беришти”.

Ал эми Жыргалбек Момуновдун айтымында, жылда жазда жүргөн селдин кесепетинен жадап бүткөн элеттиктер жашоого ыңгайлуу жер издеп, көчүп кетүүгө аргасыз болууда.

“Айылда 27 үй-бүлө жабыр тартты. Алар колдон келген аракетин кылып, ар кимиси ар жакка кетип жатат. Жерди отура берген менен, кайра жашоо улантышка мүмкүнчүлүк жок болгондуктан, эмне кылабыз анан? Айрыкча селден жабыр тартып жүргөндөрдүн жашоого үмүтү болбой калды”.

Айткандай эле, быйыл актеректиктер селдин азабын өзгөчө тартты. Үч жолу кайталанган апаат айылдагы ондогон там-ташты жарактан чыгарып, бир уландын өмүрүн алган.

Сел жана анын кесепеттери

Быйыл жазында Кыргызстанда нөшөрлөгөн жаан жааган. Мындан улам айрым айылдарда катуу сел жүрүп, там-таш, мал-жандыктарды агызып, эң өкүнүчтүүсү ондой кишинин өмүрүн алган.

Кирген суу Аксы районунда сегиз адамды агызып кеткен. Алардын алтоо бир үй-бүлө мүчөлөрү болгон. Андан тышкары Сузак районунан бир наристенин жана Лейлек районундагы Ак-Терек айылынан бир уландын өмүрүн алды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында Кыргызстанда сел, суу ташкындары жана жер көчкү кырсыктары көп катталат.

Министрликтин Өзгөчө кырдаалдарга байкоо жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин Анализ жана божомолдоо бөлүмүнүн башчысы Даурбек Сакыев байкоолоруна таянып мындай деди:

"Пайыздык көрсөткүчтөргө таянып айта турган болсок, Кыргызстанда кырсыктардын 31% сел жана суу ташкыны. Андан кийинки орунда кар көчкү, жер көчкү, жер титирөө, жер алдындагы суулардын көтөрүлүшү, метеорологиялык жана техногендик процесстер турат. Акыркы он жылдыкта сел жана суу ташкын көп катталып жатат. Андан тышкары, жер көчкү процесси. Мисалы, 2017-жылы 160 жер көчкү болгон, анын ичинен 69у өзгөчө кырдаалдарга алып келген. 2016-жылы октябрь айында кар көбүрөөк жаап, декабрь айында температуранын кескин көтөрүлүп кетишинен улам жер кыртышы жылып, көчкү жүргөн".

Адис Кыргызстанда табигый кырсыктардын көбөйүшүнө климаттык өзгөрүүлөрдүн таасири чоң экенин белгиледи.

"Биздин статистикага таянсак, ар беш же он жылдыкта өзгөчө кырдаалдар катталып турат. Анын ичинен, сел жана жер көчкү процесстери. Мунун баары температуранын жогорулашы жана жаан-чачындын көптүгүнөн болууда. Тагыраак айтканда, 1994, 2012, 2017-жылдары аномалдуу өзгөчө кырдаалдар көбүрөөк катталган", - деди Даурбек Сакыев.

Расмий маалыматтарда, 1990-жылдан берки 30 жылда өлкө аймагында 5770 өзгөчө кырдаалдар катталган. Анын ичинен 2097 кырсык акыркы 10 жылга туура келет.

Жаратылыш кырсыктары алып келген чыгым

2014-жылы Жапонияда климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөттөр аралык эксперттик топ докладын жарыялаган.

Документте Кыргызстандагы табигый кырсыктардын жылдык зыяны 35 млн. долларды чапчып жатканы жазылган. Ал эми өлкө бюджетинен өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу иштерине бөлүнгөн каражат 7 млн. доллардан ашпайт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин баяндамасында жер көчкү менен сел, суу ташкындары өңдүү кырсыктар калкка жана өлкө экономикасына коркунуч келтирип жатканы белгиленген.

Эксперттик топтун изилдөөлөрү 1990-жылдан 2015-жылга чейин Кыргызстандын аймагындагы өзгөчө кырдаалдардын саны алты эсе өскөнүн, материалдык зыян 4,5 эсеге көбөйгөнүн көрсөткөн.

2017-жылдан бери өлкө аймагында 114 катуу сел жүрүп 11 адамдын өмүрүн алган. 74 жер көчкүдөн 34 адам каза болсо, 139 кар көчкү жүрүп 20 киши набыт болгон. Мындан тышкары, калдык сактоочу жайдагы кырсыктан эки киши мерт кеткен.

 

2017-жылы табигый кырсыктар 464,7 млн. сом материалдык зыян алып келген. Ири чыгымдар сел, жер титирөө, суу ташкыны жана жер көчкү жүргөн аймактарга туура келет.

 

2018-жылы өлкө аймагындагы табигый кырсыктардан 236,6 млн. сомдук зыян келтирилген. Бул жылы жаан-чачын көп жаап, сел бир кыйла түйшүк жараткан.

 

2020-жылы табигый кырсыктар келтирген материалдык чыгашанын көлөмү 264,4 млн. сомду түзгөн. Бул жылы өлкө сел, катуу шамал, суу каптоо жана тоо-таштын кулаганынан зыян тарткан.

 

Быйылкы жылдын тогуз айындагы маалыматтар боюнча табигый кырсыктардын материалдык зыяны 491 млн. сомдон ашкан.

Табигый кырсыктардын миграцияга таасири ​

Дүйнөлүк банк быйыл сентябрда климаттын өзгөрүшү боюнча докладын жарыялады. Анда 2050-жылга карата дүйнөнүн алты аймагында 216 млн. киши үй-жайын таштап, коопсуз жай издеп кетүүгө аргасыз болушары айтылат.

Докладда эксперттер абанын ысышынын айынан келип чыккан кургакчылык, өрт, бороон, нөшөрлөгөн жаан жана суу каптоолор жылдан жылга көбөйүп жатканын эске салган.

Документте климаттык миграцияга Чыгыш Европа жана Борбор Азиядан 5 млн. адам кабылышы мүмкүн экени эскертилген.

Эколог, "МувГрин" экологиялык уюмунун өкүлү Каныкей Кадырова Кыргызстанда да климаттык миграциянын көрсөткүчү жыл сайын өсүп баратканын белгиледи.

Анын айтымында, ири шаарларда суук түшкөндө аймактарга же башка өлкөлөргө кетип, күн жылыганга чейин убактылуу жашап келген тургундар болууда.

"Мурда Бишкектин борборунда жашагысы келгендер көп эле. Азыр борборду ыш каптап, аба булгангандан бери элдин баары шаар четине качып жатат. Абанын булганышынан жана суунун тартыштыгынан улам мурда айылда оокат кылгандар аргасыз Орусияга же чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болууда", - дейт эколог.

Адистер абанын ысышы мезгилдик циклге да таасир этип жатканын белгилешет. Кыргызгидромет мекемесининин маалыматында кийинки кезде октябрь айында суук түшүп, кар жаайт, февралдын соңунда аба ысыйт. Жай өтө ысык болуп жылуу аба сентябрга чейин сакталууда.

Климаттын өзгөрүүсүнүн экономикага таасири ​

Илимпоздордун изилдөөлөрү көрсөткөндөй, климаттын өзгөрүшү экономикага да олуттуу кедергисин тийгизет.

ЕККУ академиясынын изилдөөсүндө абанын булганышы калк арасында ар түрдүү илдеттер менен өлүмдүн көп катталышына алып келет. Эмгекке болгон жөндөмдү төмөндөтүп, дарылануу чыгымын жана социалдык төлөмдөрдү көбөйөт.

Абанын курамындагы зыяндуу заттардын өлчөмү (РМ 2.5) 1 мкг/м3 көбөйгөндө дүйнөдөгү мамлекеттердин ички дүң продукциясынын көлөмү 0,8% төмөндөйт.

Белгилей кетчү жагдай, Кыргызстанда абанын булганышынан улам экономика тарткан чыгым боюнча изилдөө жүргөн эмес.

Борбор Азиядагы Америка университетинин "Тянь-Шань" аналитикалык борборунун директору Канат Султаналиев аймакта климаттын өзгөрүшүнөн улам мөңгүлөрдүн аянты кыскарып, суу тартыштыгы жаралат деген пикирде.

"Климаттын өзгөрүшүнүн таасирлери комплекстүү болот. Мисалы, биз энергетикалык мамлекет болгондуктан, гидро мүмкүнчүлүгүбүз төмөндөйт. Нарын дарыясынын жана өзөндөрдөгү суу тартылат. Мөңгүлөрдүн эрип жатканынын таасири 20-30 жылга чейин анча сезилбеши мүмкүн. Андан кийин суу тартыштыгы сезиле баштайт", - деди Султаналиев.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында, күндүн ысышы өлкөнүн айрым аймактарында кургакчылыкты күчөтөт.

" Чөлдүү аймактарда жайыттар куурап, кыртыш деградацияга учурап жатат. Мындай процесстер Баткен облусунда жана Балыкчы шаарынын айланасында байкалууда", - деди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адиси Даурбек Сакыев.

Бишкек абанын булганышы боюнча быйыл да алдыда ​

Бишкек дүйнө шаарларынын арасынан абанын булганышы боюнча учурда 8-орунда турат. Үч жылдан бери кыштын суук күндөрүндө биринчи орунга да чыгып кеткен учурлар катталууда.

Кыргызстанда атмосферага бөлүнүп чыккан зыяндуу газдардын эң көп үлүшү - жылуулук электр станцияларына 67%, кайра иштетүүчү ишканаларга 27% жана тоо-кен өндүрүшүнө 6% таандык.

 

Борбор Азиядагы Америка университетинин "Тянь-Шань" аналитикалык борбору менен ЕККУ академиясы быйыл апрель-август айларында Бишкекти каптаган ыштын себептерин бирге изилдешкен.

Натыйжада "Бишкекте аба негизинен климаттык жагдайдан жана антропогендик фактордон улам булганат" деген жыйынтыкка келишкен.

Айрыкча ЖЭБге кошулбаган жеке турак жайлардын, имараттардын жана ошол эле ЖЭБдин түтүнү, автоунаалар бөлүп чыгарган зыяндуу газдар шаардын абасын булгаган башы себеп катары белгиленген.

Антропогендик фактор - адамдын иш-аракетинен улам келип чыккан жыйынтык.

 

Анализ көрсөткөндөй, акыркы алты жылда көмүр жагуудан чыккан зыяндуу газдар 22% көбөйгөн. Бирок Кыргызстанда көмүргө муктаждык мурдагыдай эле күчүндө.

Абанын булганышы калк саламаттыгы үчүн канчалык кооптуу? ​

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматында Жер шарындагы 7 млн. адамдын өлүмү абанын булганышына байланыштуу.

Аба кирдеген мамлекеттерде жүрөк ооруларына, инсульт, өпкөнүн өнөкөт дарттарына, өпкө рагына жана курч респиратордук инфекцияга чалдыккандардын саны көбөйүүдө.

Кыргызстан да абанын булганышынан жабыр тарткан өлкөлөрдүн катарында.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында, Кыргызстанда балдар арасында астмага чалдыккандар жана дем алуу органдары жабыркагандар соңку жылдары көп каттала баштаган.

Пульмонолог Маметназар Маметазим уулу булганыч аба тери, көз, нерв жана жүрөк ооруларына да себепкер болорун белгиледи.

"Абанын булганганы 2016-жылдан бери сезиле баштады, ошол жылдардан баштап биз маани бере баштадык. Акыркы кезде өпкө оорулары көбөйгөнү байкалууда. Ага коронавирус да кошул-ташыл болду. Өнөкөт өпкө оорусу барлар мурдагыга караганда бат-бат сыркоолоп, ооруканага кайрылууга мажбур болуп жатат. Кирдеген аба тери жана көз ооруларын да козгошу мүмкүн. Анткени ыш былжыр челдерди да жабыркатат. Андан тышкары, нерв оорулары менен жүрөк ооруларына алып келет".

Борбор Азиядагы Америка университетинин "Тянь-Шань" аналитикалык борборунун директору Канат Султаналиев климаттын өзгөрүшү айрым коркунучтуу илдеттерди көбөйтөрүн белгиледи.

"Илимий изилдөөлөр боюнча Тажикстанда безгек оорусу (малерия) катталган учурлар көбөйүп жатат. Безгек чиркейи жылуу климатка ыңгайлашат. Температуранын жогорулашы менен безгек жайылышы мүмкүн. Азырынча түштүк райондордо сейрек катталып жатат. Бирок 20-30 жылдан кийин түндүк аймактарга да келет".

СОР-26 саммити жана кыргыз бийлигинин иш-аракеттери ​

Ноябрдын башында Британиянын Глазго калаасында СОР-26 деп аталган Бүткүл дүйнөлүк климаттык саммит болуп өттү. Пандемияга карабай жыйынга 120 өлкөнүн лидерлери катышты.

Жыйынды Улуу Британия падышалыгынан ханзаада Чарлз "акыркы мүмкүнчүлүк" деп атаса, саммиттин президенти Алок Шарма "жашыл экономика куруп, энергиянын таза булактарына өтүшүбүз керек" деп айтты.

Глазго саммитинде президент Садыр Жапаров климаттын өзгөрүшүн басаңдатуу боюнча Кыргызстандын позициясын билдирди.

"Акыркы жылдары өлкөбүздүн табияты жана калкыбыз климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин кадимкидей сезе баштады. Климаттын өзгөрүүсүн басаңдатууга, глобалдык өнөктүккө, анын ичинде Кыргызстандын 2030-жылга чейинки улуттук аныкталган саясатынын алкагында жоопкерчиликтүү жана ар тараптуу катышууну улантабыз. Кыргызстан 2030-жылга зыяндуу газдардын эмиссиясын 44% кыскартуу максатын коюп жатат. Биздин эсептөөлөргө караганда, климаттын өзгөрүүсүн токтотууга багытталган орто мөөнөттүү чукул чараларды ишке ашыруу 7 млрд. АКШ долларын талап кылат. 2050-жылга чейин Кыргызстан өнүгүүнүн жашыл платформасына жетишүүгө аракет кылабыз. Биз табиятка зыян гана келтирбестен өнөр жай тармагын жана турак жай коммуналдык секторун көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарган энергия булактарынан, биринчи кезекте көмүр жана мазутту колдонуудан арылтып, аны электр энергиясына толук өткөрүү үчүн кичи жана орто ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну баштадык".

Садыр Жапаров сөзүндө мөңгү, суу ресурстарын климаттын өзгөрүшүнөн сактап калуу үчүн тоолуу өлкөлөрдү колдой турган фонд түзүүнү сунуштаган.

"Кыргызстанды кылымдардан бери келе жаткан мөңгүлөрдү, суу ресурстарын жана улуу тоолорду климаттын өзгөрүүсүнөн гана эмес, экономикалык абийирсиз ишмердүүлүктөн сактап калуу өтө маанилүү. Тилекке каршы, Кыргызстанда мындай прецеденттер бар. Ошондуктан, мен дүйнөлүк коомчулукту мындай бизнес практикасына биргелешип каршы турууга чакырам. Климаттын өзгөрүүсүнүн терс таасирине байланыштуу мен айткан көйгөйлөр көп жагынан тоолуу өлкөлөргө мүнөздүү. Аларды чечүү үчүн өкмөттөргө, анын ичинде Кыргызстандын өкмөтүнө тышкы жардамдар зарыл. Буга байланыштуу биз Глазгонун чечимдерине муктаж, өнүгүп келе жаткан тоолуу өлкөлөр үчүн өзүнчө максаттуу каржылоону сунуштайбыз. Атап айтканда, мөңгүлөрдү, токойлорду жана биологиялык көп түрдүүлүктү сактоого, табигый кырсыктарга даярдыкты жакшыртууга, тоолуу аймактарда жашаган жамааттарга, айрыкча аялдарга жана балдарга социалдык-экономикалык колдоо көрсөтүүгө басым жасоо менен, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу боюнча максаттуу программаларды ишке ашыруу үчүн Бириккен Улуттар Уюму алдында атайын фонд түзүүнү сунуштайбыз".

24-ноябрда ЮНЕСКО Кыргызстандын демилгеси менен "Мөңгүлөрдү сактоо" резолюциясын кабыл алды. Гляциологдор соңку 50 жылда мөңгүлөрдүн аянты 6683 чарчы чакырымга же 16-17% кыскарып кеткенин белгилешет. Аны менен катар адистер алдыдагы 50 жылда майда мөңгүлөр эрип жоголуп, чөлкөмдө кургакчылык болот деп коңгуроо кагып жатышат.

 

Быйыл кыргыз өкмөтү өлкө аймагы боюнча онго чукул кичи жана орто гидроэлектрстанцияларды курууга киришти. Энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин айтымында, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча да бир катар мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

"Техника-экономикалык негиздемени өзбек тарапка бергенбиз. Бир жума мурда алар ТЭО боюнча пикирлерин айтты, анын үстүнөн иштеп атабыз. Биз Садыр Нургожоевичтин айтуусу боюнча ким ишти биринчи баштаса, ошону менен иштеше беребиз. Бүгүнкү күндө Өзбекстан менен да, Казакстан менен да, Түркия менен да, Орусия менен да, Кытай менен да талкуулар жүрүп жатат. Ушул өлкөлөр менен Камбар-Ата-1 боюнча өтө тыгыз, байма-бай жолугушуулар, талкуулар болуп жатат", - деди Доскул Бекмурзаев.

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду Бишкектин айланасындагы жаңы конуштарды геотермалдык жылытууга өткөрүү жана калаадагы газ менен жүргөн автоунааларды көбөйтүү боюнча долбоолорду иштеп чыгары кабарланды.

Фонддун жетекчиси Артем Новиков орус компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушкандан кийин долбоор жаңы конуштарда көмүр колдонуунун көлөмүн азайта турганын билдирген. Фонд муну менен катар альтернативдүү энергия булактарын жайылтуу жаатында да иш алып бармай болгон.

Анткен менен кыргыз бийлигинин дарегине "абанын булганышын азайтуу иш-аракеттери жай" деген сындар айтылууда. Өкмөт быйыл 17-ноябрда "Бишкек шаарындагы абаны булгаган көйгөйлөрдү иликтөө, жарандардын ден соолугун сактоо жана аларды чечүү чараларын иштеп чыгуу боюнча чараларды ыкчам кабыл алуу үчүн ведомстволор аралык өзгөчө комиссиясы" деген аталышы узун комиссия түзгөн.

"МувГрин" экологиялык уюму билдиргендей, буга чейин 2019-жылы Жогорку Кеңеш Бишкек шаарындагы абанын сапатын жакшыртуу үчүн атайын токтом бекиткен. Өкмөт 2020-2023-жылдарга карата Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн райондорунун экологиялык абалын жакшыртууга багытталган иш-чаралардын планын да иштеп чыккан.

Бирок мындай чечимдерге карабай, Бишкектин абасын тазартуу үчүн батыл аракеттер байкала элек. Экологдор муну бийлик тараптан көзөмөлдүн жоктугуна байланыштырат.

"МувГриндин" жетекчиси Мария Колесникова "президенттин сөзү менен иши дал келбей жатканын" айтты.

"Энергетикалык кризистен улам электр жарыгын өчүрө башташты. Башкача айтканда, сөз менен иш дал келбей жатат. Глазгодогу климат боюнча жыйында президент 2030-жылга карата зыяндуу газдарды абага бөлүп чыгарууну 44% төмөндөтүп, 2050-жылга карай көмүр кычкыл газы жок жашоого жетишебиз деп жарыялаган. Иш жүзүндө быйыл баарын тескерисинче жасап, калкты ыш бөлүп чыгарган отун жагууга түртүп жатабыз".

"МувГрин" уюмунун дагы бир өкүлү Каныкей Кадырованын айтымында, өкмөттүн борбор калаадагы түтүндү азайтуу боюнча планында 43 иш-чара каралган. Бүгүнкү күнгө чейин анын төртөө гана ишке ашкан.

"2018-жылы өкмөттүн алдында жумушчу топ түзүлгөн. Бишкек шаарында экологиялык абалды жакшыртуу боюнча план турат. Андагы 43 чаранын төртөө эле ишке ашты. Жалпы республика боюнча эч кандай иш жүрө элек. Санитардык-экологиялык инспекциялар барып эле иш кылбаса, башка жумуштар токтоп турат. Борбор калаа болгону үчүнбү айтор, Экология министрлиги Бишкек шаарын эле карап келет".

Быйылкы энергетикалык кризис калк арасында көмүргө болгон талапты кескин жогорулатты. Токтогул ГЭСиндеги суунун тартыштыгынан улам өлкө боюнча электр тогун колдонууга чектөөлөр киргизилди.

Өкмөттүн коңшу мамлекеттерден электр энергиясын импорттоо аракети үзгүлтүккө учурады. Мындан улам Кара-Кече, Алай, Сүлүктүдөгү көмүр кендеринде автоунаалардын узун кезеги пайда болуп, көмүрдүн баасы көтөрүлдү.

Көмүргө болгон талаптын өсүшү бийликтин абаны тазартуу аракетине кайчы келүүдө. Экологдор быйылкы кышта Кыргызстандын абасы дагы булганарын белгилешүүдө.







"СВЯТОЙ ЛЕНИН: сенсация о прогнозах направит Америку и Европу творить добро?!

«Школа вожатых» прошла в школе №7 в Реутове

Инго Экосистема стала победителем национальной премии FinTech Awards Russia

Владимир Путин сенсационно получил ключевое признание от Н А Т О.


Парадоксы двойного стандарта

Захарова: армянам - нота, апшеронцам – «да»

Dior Resort 2025

Торжественная церемония закрытия VII Международного Фестиваля театральных школ стран БРИКС+ на ВДНХ


Max free trial returns just in time for House of the Dragon season 2 this week

America’s Space Infrastructure: So Vulnerable It Destabilizes Geopolitics

Creepy King Charles Painting Is Vandalized by Radical Animal Rights Activists, Gets a Cartoon Face and Speech Balloon!

Kai Havertz’s fiancee Sophia stuns in see-through outfit on hen weekend as fans say Arsenal star is ‘so lucky’


Портативный ТСД корпоративного класса Saotron RT-T70

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Соцфонд выдал проактивно 3,2 млн сертификатов на материнский капитал

Каршеринг BelkaCar запустил летний спецпроект «Умные путешествия»

В Санкт-Петербурге нашли женщину на красной машинке, которая не пропускала скорую помощь


Life is Strange: Double Exposure продолжит историю Макс Колфилд

Состоялся релиз The Case of the Golden Idol на iOS и Android

Take a mystery lover's holiday by solving crime on the Italian Riviera in On Your Tail

В новом трейлере Indiana Jones and the Great Circle Индиана спускается на корабле с горы


Досвідчені садівники обирають великі технічні горщики для своїх рослин і квітів


Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде

Владимир Путин сенсационно получил ключевое признание от Н А Т О.

Более 40 тысяч семей в Москве и области получают ежемесячные выплаты из средств материнского капитала

Золотые часы от Министерства обороны за вклад в развитие Кадетского движения России!


Собирал данные об «Уралвагонзаводе»: Генпрокуратура утвердила обвинение Гершковичу

Инго Экосистема стала победителем национальной премии FinTech Awards Russia

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» и ДЕНЬ РОССИИ: успех России в С В О = мир во всём мире?!

В Нижегородской области фура раздавила водителя, который ее ремонтировал


Золотые часы от Министерства обороны за вклад в развитие Кадетского движения России!

Первое место в рейтинге особых экономических зон России занял технополис «Москва»

На Филевской линии приостановлено движение между «Багратионовской» и «Кунцевской»

Нижегородцы подсчитали, во сколько обойдется школьный выпускной


Испанец Алькарас выиграл Открытый чемпионат Франции по теннису

Испанский теннисист Надаль не сыграет на Уимблдоне

Глава ATP вручил Яннику Синнеру награду первой ракетки мира

Медведев, Кафельников, Федерер, Маррей, Роддик, Агасси поздравили Синнера со статусом первой ракетки мира


На Филевской линии приостановлено движение между «Багратионовской» и «Кунцевской»

Турецкие Сериалы на Русском: Лучшие Рейтинги

Первое место в рейтинге особых экономических зон России занял технополис «Москва»

«Не кричи!»: Елена Север и Филипп Киркоров представили совместный клип и трек


Музыкальные новости

Николай Цискаридзе рассказал, кто сделал Анастасию Волочкову звездой балета

Оркестр, Ансамбль и Рота почетного караула внутренних войск МВД Белоруссии впервые выступят на Фестивале «Спасская башня»

Репосты ВКонтакте отличный способ рекламы Концерта, нового Видео или Песни, Книги!

Полиция готовится «принять» Элджея на концерте в Новосибирске


Золотые часы от Министерства обороны за вклад в развитие Кадетского движения России!

Владимир Путин сенсационно получил ключевое признание от Н А Т О.

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде

Уссурийский ЛРЗ подтвердил соответствие международным стандартам, применяемым на производстве железнодорожной промышленности


Читателей "Чемпионата" пригласили посмотреть матч Евро-2024 на большом экране

Сергей Собянин. Главное за день

"СВЯТОЙ ЛЕНИН: сенсация о прогнозах направит Америку и Европу творить добро?!

Захарова: армянам - нота, апшеронцам – «да»


Быстрые и Удобные Маршрутки Могилев-Минск

Пробки на дорогах Подмосковья оценили в 4 балла утром 13 июня

«Показали эволюцию «Иволг»: В Москве прошла выставка поездов МЦД

Предприятиям Краснодарского края будут поставлять подмосковные масла


Путин обратился с приветствием к участникам Спортивных игр стран БРИКС

Появление российского флота у берегов Кубы напомнило Западу о словах Путина

Россия и Турция обсуждают варианты решения проблем с банковскими переводами

Владимир Путин сенсационно получил ключевое признание от Н А Т О.




«Беспрепятственно уничтожать опухоль»: пять главных вопросов о российской вакцине от рака

В Москве после реконструкции открыли приёмное отделение Морозовской больницы

Не место чихать – самые безопасные для аллергиков округа Москвы

Комнаты психологической разгрузки медперсонала открылись в поликлиниках Москвы


Американский полковник: ВС РФ готовятся к окружению Киева, и Зеленский будет собирать чемоданы

Зеленский исключил возможность компромиссов с Россией

Почему Зеленский не убедил саудовского принца, кража денег РФ, что готовят против России на саммите НАТО: обзор мировой политики 13 июня

Путин готовится отрезать Киев и прогнать Зеленского – американский полковник


Массовыми патриотическими акциями отметили День России на заводах АО "Желдорреммаш"

Росгвардейцы обеспечили безопасность болельщиков во время матча чемпионата России по регби

Сотрудники Росгвардии приняли участие в спортивном празднике МГО «Динамо» в Москве

Путин обратился с приветствием к участникам Спортивных игр стран БРИКС


В Минске сообщили о телефонном разговоре Путина и Лукашенко

В Минске назвали враждебные заявления Пашиняна политической истерикой

МИД Белоруссии назвал слова Пашиняна о Лукашенко "недальновидной позицией"

Армения отозвала посла из Минска, Пашинян потребовал от Лукашенко извинений


Сергей Собянин. Неделя мэра

Сергей Собянин утвердил проект комплексного развития территорий на юге Москвы

Сергей Собянин. Главное за день

Собянин рассказал, как переразметка позволяет улучшить движение на дорогах Москвы


Едят даже птиц. Чем опасны для экосистемы Москвы пришлые испанские слизни

РЭО назвал топ-3 регионов по количеству пунктов приема вторсырья

EcoFlow выпустила новое решение для энергонезависимых путешествий  

На фестивале «Москва — на волне. Рыбная неделя» у Кремля проходили концерты и кулинарные баттлы


Еще шесть выпускников из Воскресенска сдали ЕГЭ на 100 баллов

Нижегородцы подсчитали, во сколько обойдется школьный выпускной

Первое место в рейтинге особых экономических зон России занял технополис «Москва»

На Филевской линии приостановлено движение между «Багратионовской» и «Кунцевской»


Архангельская область испытывает нехватку профессиональных химиков

Мастер и Принцесса: в «Архангельском» вручили «Хрустальную Турандот»

Более 1500 участников отрядов Поморья отправятся в юбилейное трудовое лето

30 лет назад в Архангельске открылась первая на Северо-Западе школа «Диабет»


В Нижнегорском районе Крыма проведен рейд по бывшим мигрантам

Полиция ищет пассажира, упавшего на ребенка с верхней полки

Музыкально-поэтический вечер «Жизнь не кончена, песня не спета»

Севастополь появился на вышитой карте Крыма


Еще шесть выпускников из Воскресенска сдали ЕГЭ на 100 баллов

Турецкие Сериалы на Русском: Лучшие Рейтинги

«Если у российского рубля вдруг случится паническая атака, то беларусский рубль будет метаться как тот зайчик под прицелом»

Цены на нефть слабо снижаются после выхода ключевых докладов и решения ФРС














СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *