Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

"Кудайберген" базарынын сатуучулары ККМге каршы митингге чыкты

0

Бишкектеги автоунаа тетиктерин саткан “Кудайберген” базарынын соодагерлери Көзөмөл-кассалык машинелерге (ККМ) каршы нааразылык акциясына чыгышты. Бүгүн, 2-декабрда сатуучулар ишин токтотуп, ККМди колдонууга каршы экенин айтып, патент системасын калтырууну талап кылышты.

Кыргызстанда акыркы жумада базарларда соода кылгандар ККМ системасын киргизүүгө каршы нааразылык акциясын өткөрүп, айрымдары иш таштап жатат. 29-30-ноябрда Карасуу жана "Дордой", "Мадина", Орто-Сай базары, 1-декабрда борбордогу Аламүдүн жана Оштогу, Таластагы, Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы базарлардын сатуучулары митингге чыгышты.

Алар өкмөттүн жаңы салык саясатына каршы экенин билдирип, патент системасын калтыруу талабын коюп жатышат.

Базарлардагы митингдерден соң милиция өкмөткө талабын айткан айрым сатуучуларды кармап, айрымдарын камакка алганы маалым болду. Кээ бир сатуучулар Улуттук коопсуздук кызматына сурак берип чыгышты.

Салык кызматы Кыргызстанда стратегиялык объектилерге кирген базарлардагы ишкерлер өзгөчө салык режими менен иштей алат деген негиз менен "Дордой" жана Кара-Суу базарларына салыктын бул түрү менен иштөөсүнө уруксат берилерин жарыялаган. Мындан кийин башка базарлардын сатуучулары да ушундай жеңилдикти жана патент менен иштөө системасын калтырууну талап кылышкан. Бирок экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев "Азаттыкка" курган маегинде башка базарларга мындай жеңилдик берилбей турганын айтты.

Кыргызстандын бийлиги соңку бир-эки жылдан бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга милдеттендирип жатат. Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) да киргизилди. Буга байланыштуу Бишкек шаарында, башка аймактарда бир нече жолу нааразылык акциялары өттү.

ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектелген, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ.(BTo/ZKo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *