Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

Израил Газа тилкесин бомбалоону улантууда

0
Израил Газа тилкесин бомбалоону улантууда

Израил менен ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган топ) радикал тобунун ортосунда ок атышууну токтотуу жана туткундарды айырбаштоо боюнча баш-аягы бир жумага созулган макулдашуудан кийин жанданган согуш аракеттери 2-декабрда уланды.

Франс-пресс агенттиги бомбалоодон улам Газа тилкесин боз чаң каптаганын жазды.

ХАМАС радикал тобу көзөмөл кылган Газадагы Саламаттык сактоо министрлиги 1-декабрдагы аткылоодон 200гө чамалуу киши өлгөнүн маалымдады.

Тараптар ок атышпоону токтотуу келишимин бузганы үчүн бири-бирин айыпташты.

Эл аралык уюмдар жана лидерлер согуштук аракеттердин жанданышын айыпташты.

АКШ ок атышууну дагы токтотуу келишимине жетишүү үчүн аймактагы өнөктөштөрү менен иштеп жатканын билдирди. Өткөн жумадагы баш-аягы бир жумага созулган ок атышпоо келишимине ортомчулук кылган Катар менен Египет аракетин улантып жатканын Франс- пресске билдирген.

Израил менен ХАМАС тобунун ортосунда ок атышууну токтотуу жана туткундарды айырбаштоо боюнча баш-аягы бир жумага созулган макулдашуу мөөнөтү 1-декабрга караган түнү соңуна чыкты.

Макулдашуунун алкагында ХАМАС радикал уюму 80 израилдик аялды жана балдарды, андан тышкары 20 чет элдикти барымтадан бошотту. Чет элдиктердин көбү Израилге убактылуу акча табууга келген таиланддыктар. Аларды барымтадан чыгаруу өз алдынча макулдашуунун алкагында ишке ашты. Израил түрмөлөрүнөн 200дөн көп палестин аялдарды жана өспүрүмдөрдү бошотту.

Бир жума ичинде Газа тилкесине гуманитардык жардам жеткирилди.

7-октябрда ХАМАС куралдуу тобу Израилге кол салып, 1200дөй кишини өлтүрүп , 240тай адамды барымтага алган. Израил армиясы Газа тилкесиндеги радикал топко каршы согуш жарыялаган. Андан бери ХАМАС көзөмөлдөгөн аймактын Саламаттык сактоо министрлиги 15 миңдей киши набыт болгонун билдирип келет. Бул санды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *