Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

“Шымын чечип тийишти”. Коомдук транспортто кыздар көргөн ыдык

0
“Шымын чечип тийишти”. Коомдук транспортто кыздар көргөн ыдык

Сиздин окуучу же студент кызыңыз күн сайын коомдук транспорт менен окууга барат дейли. Адатта сиз кыз бала үчүн эл топтолгон жер коопсуз деп ойлойсуз. Бирок көпчүлүк автобус же маршрутка ичинде кыз-келиндер билинбеген, айтылбаган ыдыкка кабыларын анча этибар албайт. Мындай тийишүү айрыкча өспүрүм кызга оор тийиши мүмкүн.

Бишкектик журналист Александра Титованын “Аялдама” китебинде мына ушул көрүнүш тууралуу баяндаган. Китепте кыздардын жана аялдардын коомдук транспортто туш болгон чыныгы окуялары түстүү сүрөттөр менен коштолгон.

Китептеги айрым окуяларды кыскартып, каармандардын ысымын өзгөртүү менен жарыяладык.

АИДА: МАҢДАЙЫМДА ТУРУП ШЫМЫН ШЫПЫРЫП...

"Анда мен 13 жашта элем, 6-класста окучумун. Эң жакын курбум экөөбүз корей тил курсуна барчубуз. Ошол күнү маршрутканын ичи бошоп калган. Биз алдыңкы катарда отурганбыз. Отургучтардын жөлөнгөн жери бийик болгондуктан, артта жашынып отурган адамды байкаган эмеспиз. Бир маалда жаныбызга бейтааныш эркек жакындап келип, дароо тиземди кармалай баштады. Бутумду мыжыгып, колу акырындан өйдө көтөрүлө баштады. Көз карашы коркунучтуу, экен. Мен болгон күчүм аны бир тептим. Ал шымын чече салды да, жыныс мүчөсүн айланта баштады. Коркуп кеттим. Маршрутка токтогондо ал шыпырылган шымын өйдө кылбай, чуркап түшүп кетти.

Мен ошондо ыйлап жиберсем, баарын унчукпай карап отурган курбум "Аны өзүң азгырдың да, эмнеге мындай кыска юбкаларды киесиң?", - деп жатпайбы. Мага бул сөз катуу тийди, мындай сөздү күткөн эмесмин. Кыш болгондуктан калың колготки, юбка, куртка кийип, моюн орогуч тагып алгам. Азгыра тургандай жылаңач эмес болчумун. Ата-энеме бул окуя тууралуу айтып бердим, бирок алар деле олуттуу кабыл алган жок "психтер толтура" деп коюшту. Убакыт өткөндөн кийин гана күнөөм жок экенин түшүндүм. Бул уяла турган окуя эмес, ушундай нерселер туура эмес экенин адамдар түшүнсө дейм”.

ГҮЛНАЗ: МАРШРУТКАДАН ТИЙИШИП, ЧААП ЖИБЕРЕ ЖАЗДАГАН

"Мен 15 жашта элем, жыртык шымдар мода болуп жаткан. Мен ошол күнү жаңы шымдуу болуп, маршруткага түшкөм. Жанымда 40 жашка чейин, экинчиси андан да улуу эки киши отурган. Жашыраагы кызуу болчу. Телефон чукулап бараткам, аңгыча бирөө мени шымымдын жыртыктарына колун салып, сыйпалап, кытыгылап кирди. Тиземдеги рюкзакты өйдө алып карасам, жашыраак киши кармалап жатыптыр. "Эмне кылып жатасыңар?" деп сурадым. Ал "Мындайды кийбей эле койсоң болмок, сен кызсың да, өзүң азгырып жатпайсыңбы" деп жооп берди. "Мага тийбеңиз" десем жинденип кетип, урганы жүрөт. Ызы-чуу чыгып, берки жашы улуу байке мага асылган кишини маршруткадан кууп чыккан".

 

ТОЛГОНАЙ: КОЛУН БУТУМДУН ОРТОСУНА СОЙЛОТТУ

"Кыш. Аялдамада автобусту көпкө күтүп туруп, токтогондо салонго кирдим, адаттагыдай эле эл толтура экен. Мен алардын катарына кошулуп, кысылып турдум. Бир маалда артыма бирөө сүйкөнө баштады, бирөө-жарымдын сумкасы тийип атат окшойт деп бир аз жылдым. Болбой эле жармашып жатты. Бир маалда бирөө колун эки бутумдун ортосуна сойлотуп жиберди. Карасам бейтааныш эркек экен. Жиним менен колун кагып салдым - кыйкырып, сумка менен бетке чапкым келди. Бирок жардам сурап, аны транспорттон түшүрүп салууну айткандан корктум. Жылып отуруп, отургучтардын аркасына туруп алдым, ал мага ушул жерден тийише алмак эмес. Башка кыздарга да асылат деп ойлогом, бирок ал түшүп калды. Өзүмдүн аялдамамдан түшүп, үйгө баратканда өзүмдү ушунчалык кир, ыпылас сездим. Жолдо өпкөлөп ыйлап, эч токтоно албай койдум. Ошондогу абалым эч эсимден кетпейт. МЕН ӨЗҮМДӨН ЖИЙИРКЕНГЕМ. Жуунуп жатканда терим кызарганга чейин жышындым, анын колунун изи денемде калып калгандай сезилди. Кээ бирөөлөр мындай учурда кыздарды күнөөлөп, "өздөрү азгырат" дешет. Албетте, мында менин күнөөм жок. Мен анда узун жынсы шым, кышкы куртка кийип жүргөм. Кокус ал киши кичинекей кыздарга тийишсе эмне болот эле? Ушундай акмактар тийишкенде башкалардан жардам сурагандан тартынбагыла".

ТРАНСПОРТ КООПСУЗ БОЛУШУ КЕРЕК

Александра Титова коомдук транспортто балдарга, өспүрүмдөргө жана аял кишилерге ыдык көрсөткөн эркектердин жазасыз калганы аны “Аялдама” китебин жазууга түрткөнүн айтты:

“Жашоомдун бир мезгилинде коомдук транспортто ыдыкка кабылгандар тууралуу жазгым келди. Өзүмдүн Инстаграм баракчамда сурамжылоо жүргүзүп, эки күн ичинде 45 окуя топтодум. Менин баракчам анчалык деле белгилүү эмес, ошондуктан, аз убакыт ичинде ушунча киши жазганы таң калтырды. Ыдыкка көбүнчө өспүрүмдөр жана балдар кабылганын байкадым. Ошондо мен китеп жазуу идеясы пайда болду. Аймактарга китепти жайылтып, адамдар көп чогулган жерде таратып, алардын окушун кааладым. Кээ бир окуялар милицияга чейин жетип, сүрөт, видеолорду далил катары көрсөтүшкөн. Бирок алар буга көңүл бурбай, арыздарды кабыл алышкан эмес жана кайдыгерлик кылып коюшкан. Күнөөлүүлөрдү жазалаган, сабак болорлук окуялар болмоюнча, эч нерсе өзгөрбөйт. Биз коом катары резонанс жараткан окуяларды бөлүшүп, айтып, коопсуз коомдук транспорт үчүн күрөшүп жатканыбызды көрсөтүшүбүз керек”.

“Аялдама” китеби үч тилде жазылган. Аны онлайн вариантта да окууга болот. Окурмандардын бири Алтынай Исабекова “Аялдама” китебинин жарыкка чыгып жатканы коомдо бул маселеге көңүл буруу жаратат деген ойдо:

“Тилекке каршы, бул китептеги окуялар биздин күнүмдүк турмушта кездешип жатканы абдан өкүндүрөт. Ыдык көргөндөрдүн окуяларын бир китепке бириктирип, көйгөйдү чагылдырып жатканы үчүн Александрага ыраазчылык билдирем! Анткени көпчүлүгү мындай окуяларга көңүл бура бербейт. Жада калса биз өзүбүз дагы көңүл бурбай калган учурлар болот. Бизди бирөө кармалап, колун тийгизсе бат эле унутуп калабыз. Себеби, мындай көрүнүштөр дайыма болгондуктан, тилекке каршы, адамдар ага көнө баштайт”.

Ал эми Арууке Асылбекова аттуу Бишкектин тургуну коомдук резонансты колдоп, милициядан сексуалдык ыдыкка кабылган иштерди олуттуу кароону талап кылуу менен, коомдук транспортту ар бир адам үчүн коопсуз кылса болорун белгиледи:

“Жакында эле маршруткада кетип жаткам. Мас абалындагы эркек киши колумду бекем кармап, арт жакка отургузууну аракет кылган. Байкап турсаң, мындай көрүнүштөр күнүмдүк жашоодө көп кездешет жана чектен чыгып кеткен учурлар арбын. Ар бир адамдын жеке мейкиндиги бар. Тилекке каршы, биздин коом бул терминди дагы деле аңдап түшүнө элек”.

25-ноябрда дүйнө жүзү боюнча 16 күндүк гендердик зомбулукка каршы активдүүлүк акциясы башталды. Бул акция аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун алдын алууга жана жоюуга чакырат.

Ыдык көрсөтүү же харассмент – кимдир бирөөгө болгон олдоксон тамаша, кыймыл-аракет, жест, үн чыгаруу, мазактоо, сексуалдык ыдык көрсөтүү. Ыдык көрсөтүү жумушта, көчөдө же социалдык тармактарда болушу мүмкүн.

Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индексинде (WPS) Кыргызстан ушул тапта 95-орунда. Бул Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эң төмөнкү көрсөткүч.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *