Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

"Соодагерлерди тукургандар бар". Бийлик ККМге каршы митингди иликтейт

0

Кыргызстанда базарларда ККМге каршы митингдер уланууда. 2-декабрда Бишкектеги автоунаа тетиктерин саткан "Кудайберген" базарында соода кылгандар иш таштап, акцияга чыкты. Алар да көзөмөл-кассалык машинелерди жоюп, патент системасын калтырууну талап кылышты. Кыргыз бийлиги бул көрүнүштү "уюшулган иш" деп эсептеп, кырдаалды иликтөө үчүн жумушчу комиссия түзгөнү маалым болду.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эки жума ичинде электрондук эсеп-фактураларды жана жол баракчасын иштетүүнү жөнөкөйлөтүүгө тапшырма берди. Салык кызматына контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) пайдалануу үчүн алдыңкы банктар менен чогуу иш алып баруу керектигин айтты.

"Кудайбергендеги" нааразылык

Бишкектин жака белиндеги автоунаа тетиктерин саткан "Кудайберген" базарынын соодагерлери 2-декабрда иш таштады. Ондогон ишкер 2024-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кире турган жаңы салык эрежелеринин шарттарына макул эместигин билдирди.

Атын атагысы келбеген соодагерлердин бири салык төлөөдөн баш тартпай турганын белгилеп, бирок көзөмөл-кассалык машиналарды алууга каршы болгонун мындайча түшүндүрдү:

"Көпчүлүк бизди салык төлөбөйт деп ойлоп жатат. Бирок аныгында андай эмес, ай сайын маалы келгенде салыкка деп акча беребиз. Бизге азыркы тапта иштеп жаткан патент ыңгайлуу. Маселен, товарлардын баарынын акчасын сатып бүткөндөн кийин беребиз. Айрым учурларда сатып алган тетикти 5-10 күндөн кийин көтөрүп келген кардарлар болот, себеби, туура келбей калат, ордуна башкасын беребиз. Кампада жылдап жатып, сатылбай калган товарлар болот, айрымдарын бир жылда бир эле жолу сатыкка чыгарабыз. Биз аларды кайда алып барабыз, анын үстүнө товарыбыз аябай майда. Бизге баш оорутманын кереги жок, "улам бирин эсептеп, баарына отчет тапшырып турасыңар" деп атат. Кокусунан бир кнопкасын баспай калсаң олчойгон айып салат экен. Андан көрө өкмөт шарт түзүп, завод-фабрикаларды курсун".

Бишкектеги "Мадина" базарынын соодагерлери 2-декабрда ишке чыкканы маалым болду. Үстүбүздөгү жумада алар өкмөттүн салык саясатына каршы болуп, эки күн иш таштаган.

Соодагерлердин бири Нурбек Шайбылдаевдин айтымында, 1-декабрда өкмөттүн өкүлдөрү териштирүү болоруна убада берип, президент Жапаровдун атына жазган катты алып кеткен.

Борбор калаадагы базарлардын ишкерлери нааразылыкка чыккандан кийин "Дордойдун" бир соодагери "бейбаштык" беренесинин негизинде кармалып, дагы бир нече адам сурак берген.

1-декабрда Аламүдүн, “Таатан” жана Орто-Сай базарларынын профсоюз башчылары, "Дордойдогу" ишкерлердин бири Урмат Байматов УКМКга сурак берип чыкты.

Аламүдүн базарынын профсоюзунун башчысы Гүлназ Эргешова дагы 1-декабрда УКМК сурак берип чыкканын айтты:

“Нааразылык акциялардын артында ким турат? Эмнеге чыктыңар? Ким уюштурду? деген суроолорду беришти. Дээрлик алты саат бою кызматкерлердин суроолоруна жооп берип, жыйынтыгында өздөрү даярдап берген кагазга кол коюп, анан чыктым. Кол тамгаңды койбосоң чыкпайсың деп айтышты. Биз соодагерлер ККМге каршыбыз, аркабызда бизди сүрөгөн эч ким жок, ишкерлер өзүбүз чыктык. Ар бир жаран өз позициясын билдирүүгө акылуу”, - деди Эргешова.

Бийликтин билдирүүсү

2-декабрда президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразылыкты иликтөө үчүн жумушчу комиссия түзгөнү маалым болду. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына өкмөттүн көзөмөл-кассалык машинелерди колдонуу талабы жөн жерден чыкпаганын жазды.

"Комиссиянын жыйынтыгы менен Министрлер кабинетинин чечими туурабы же базарда отурган соодагерлердин талабы туурабы белгилүү болот. Президент Садыр Жапаров буга чейин "Бир жылда соодасы 8 миллион сомдон ашпагандар бир тыйын төлөбөйт" деген. Бул деген соодасын жаңы баштагандар, акча айлантуусу аздар "бутуна туруп кетсин" деген саясат болчу. Азыр эми "Менин соодам 8 миллиондон ашпайт деген" соодагерлердин соодасы 50-100 миллионго (сом -ред) чейин жеткен фактылар аныкталып калды. Ошол үчүн ККМ колдонгула деген талап болуп жатат. Кыскасы, жыйынтыгын комиссиянын чечиминен кийин жарыялайбыз", - деп жазган Алагөзов.

Азырынча бул комиссиянын курамына кимдер киргени, текшерүү кандай тартипте жүргүзүлө турганы ачык айтыла элек.

Экономист Элдар Абакировдун пикиринде жумушчу топтун катарына тажрыйбалуу экономисттер, активисттер, бул тармакта чоң макала-баяндарды жазган журналисттер жана тажрыйбалуу соодагерлерди кошуу керек деп эсептейт.

Абакиров муну менен катар экспортко багыт алган "Дордой" жана Кара-Суу базарларын сатуудан түшкөн салыктан бошотуу керектигин белгиледи. 

"Бул базарларда көпчүлүк экспортко чыгарат. Алар киреше салыгын төлөйт азыр, бирок алардан сатуудан түшкөн салык алуу болбойт менимче. Мындай эркин соода базарларын ошол эле Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан ачууну каалайт. Коңшу Казакстан канча жылдан бери "Хоргосту" ийгиликтүү иштетип кетүүгө аракет кылып келет, бирок "Дордойдун" көлөмүнө жете элек. Ошондуктан бул базарларды биз мындан ары өнүктүрүп кетүү жолун гана ойлонушубуз керек. Ал эми салык боюнча маселеге келгенде ошол эле Дубай жана Сингапурдун тажрыйбасын изилдеп, кирешеден салык алуу жолун киргизип, иштетип кетсе менимче туура болот. Экспортко багыт алган базарларга мына ушундай мамиле керек".

"Соодагерлерди бирөөлөр тукуруп жатат"

Ишемби, 2-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да соода түзүмдөрүнүн, ири базарлардын, соодагерлердин кесиптик кошуундарынын өкүлдөрү жана мамлекеттик жооптуу органдардын кызматкерлеринин катышуусунда чукул жыйын өткөрдү.

Акылбек Жапаров салык режиминдеги өзгөртүүлөр боюнча коомдо бурмаланган түшүнүктөр барын, буга соодагерлерде маалыматтын жетишсиздиги негиз берип жатканын айтты.

Министрлер кабинетинин төрагасы мына ушундан пайдаланган белгилүү бир күчтөр соодагерлерди тукуруу аракетин көрүп жатканын билдирди.

"Базар экономикасынын жана капиталды алгачкы топтоо доору өтүп жатат. Мамлекет азыр эл үчүн иштейт, колунда барлардын жана коомду паракорлоштуруп, жазасыз калган “тар топтун” кызыкчылыгына кызмат кылбайт. Өкмөттүн бардык кирешелери кимдир бирөөнүн жеке чөнтөгүнө эмес, жаңы инфраструктураны курууга жана жарандардын жашоосун жакшыртууга жумшаларын көрүп турган элдин бийликке ишеними күчтүү. Биз жакырчылык менен күрөшөбүз жана бардык адамдарды жакырчылыктан чыгарабыз. Байлар дагы да байып, кедейлер кедей болуп кете берүүсү мүмкүн эмес. Биз үй-бүлөсүн багуу үчүн иштеген бардык чынчыл адамдарды коргойбуз жана жардам беребиз. Биз алар тараптабыз", - деди Акылбек Жапаров.

Өкмөт башчы эки жума ичинде электрондук эсеп-фактураларды жана жол баракчасын иштетүүнү жөнөкөйлөтүүнү тапшырды. Салык кызматына контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) пайдалануу үчүн алдыңкы банктар менен чогуу иш алып барууну тездетүүгө, тиешелүү органдарды түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө милдеттендирди.

2022-жылдын январында күчүнө кирген Салык кодексине быйыл апрель айында бир катар өзгөртүүлөр кирген. Жаңы режимге ылайык, 2024-жылдын 1-январынан тарта аталган базарларда соода ишине патент берүү жоюлат.

Кара-Суудагы акциядан кийин Мамлекеттик салык кызматы маалымат таратып, аталган базарда иштеген ишкерлер көзөмөл-кассалык машиналарды колдонуудан бошотула турганын билдирген.

Маалыматта салык мыйзамдары боюнча Кыргызстанда стратегиялык объектилерге кирген "Дордой", “Тураталы эл базары” (Кара-Суу-ред.) базарларындагы ишкерлер өзгөчө салык режими менен иштей турганы белгиленген.

Аларга көзөмөл-кассалык машинаны колдонуу да милдеттендирилбейт. Анын ордуна жөнөкөйлөтүлгөн салык системасы сунушталып жатат.

Мындан кийин Кыргызстандагы башка базарларда иштегендер да ушундай жеңилдиктерди берүү жана патент системасын калтыруу талабы менен төрт күндөн бери нааразылык акциясына чыгууда.

"Майда бизнести кыспаш керек"

Соодагерлер Кыргызстанда салык процедуралары татаалдашып, жүгү улам оорлошуп бараткандыктан, жеңил өнөр жай тармагынын экспорттогу атаандаштыгы төмөндөп кеткенин билдиришүүдө. Маселен, Өзбекстан менен Тажикстандын ишкерлеринин кийим-кечени сатып алуусу азайган, алар өздөрүнүн өндүрүшүн күчтөндүрүүгө басым кылып жатат. Казакстан түз Кытай менен иштөөгө артыкчылык берет. Буга байланыштуу, Кыргызстандын тигүү тармагынын негизги рыногу Орусия болуп калган.

Экономист Элдар Абакиров соодагерлердин бул талабын негиздүү деп эсептейт. Анын айтымында, жаңы салык саясаты катардагы соодагерлер үчүн оордук жаратат. Ошондуктан алар үчүн ККМди киргизип, бирок жеңилдиктерди да берүү кажет.

"Аймактагы базарларды караш керек, алардагы соода көлөмү канчалык чоң? Эгер алар майда бизнес менен алектенсе, алар үчүн ККМдин жеңил жолун караштырып, үйрөтүү зарыл. Мисалы жылына жүгүрткөн акчасы 8 миллион сомдон ашпаса кыйналбай турган жеңил жолун көрсөтүп берүү ашыкча болбойт. Балким мобилдик тиркеме аркылуу эле отчет тапшырып коюу мүмкүндүгүн берет чыгаар. Себеби, майда бизнести кыйноого болбойт. Ал эми орто жана чоң бизнес менен сүйлөшүп, кеңешип, салык чогултууну бир нукка салса болот".

Кыргыз өкмөтү 2024-жылдын 1-январынан тарта соода жаатындагы ишкердиктин 12 түрү боюнча патент жоюларын билдирген. Өкмөт жарыялаган жоюлуучу патенттер тизмеги ишкердиктин 12 түрүн камтыйт. Алар 1-январга чейин салык төлөөнүн жалпы же бирдиктүү режимдерине өтүшү керек. Жыл соңуна чейин патент менен иштеген ишкерлер катталган аймагындагы салык органдарына арыз менен кайрылууга тийиш.

Салык кызматы учурда соода иши менен алектенген ишкерлерге жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Салык кызматынын маалыматында, 2023-жылдын он айында 1,7 млрд сомго 780 миңден ашык электрондук патент берилген. Бул ишкер субъектилердин саны эмес, эсептин ичинде патентти бир жолу алып, ошол бойдон токтоп калгандары да болсо, улам-улам узартып жаткандары да бар. Узарткан сайын эсепке кошула берет. Анын ичинен 413 миңи ишкердиктин учурда жоюлуп жаткан 12 түрүнө таандык. Өкмөт салык реформалары көмүскө экономиканы ачыкка чыгарат деген ишеним менен жүргүзүп жатат. Ар бир ишкер өз соодасынын көлөмүнө жараша салык төгүшү керек, сатылып жаткан товардын тарыхы ачык-айкын болушу шарт деген принцип коюлууда.

Мындан улам Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев нааразылыкка чыккан соодагерлердин талаптарын аткаруу болбой турганын, болгону түшүндүрүү иштерин күчтөндүрүү колго алынарын "Азаттыкка" 1-декабрда айткан.

Финансист Бакыт Сатыбековдун баамында, буга чейин ККМди өлкөдөгү бир катар соода борборлору, дүкөн жана өндүрүш ишканалар колдонуп келген. Демек, аны колдонуу анча деле оорчулук жаратпай турганы анык.

"Азыр супермаркет жана гипермаркеттерде, кафелерде, алтургай майда дүкөндөрдө да ККМ чек берилет. Биз кардар катары ага көндүк, бизнес ээлери да кадимкидей ишин ККМ менен алып барууда. Азыр маселе электрондук эсеп-фактурада, микробизнестин баары эле компьютер колдонбойт. Ошондуктан жеңилдетилген тиркемелер, отчет тапшыруунун оңой жолдору каралса болмок. Бирок жеке ишкер катары бул ККМди ийгиликтүү колдонуп кетсе болот. Азыр сатып алуучулар арасында да стимул болушу керек, болосо бул ККМ деле ишкерлердин киреше-чыгашасын толук эсептеп, салыкты ачык чогултууга жол ачып бербейт. Бюджетти гана ойлобой, түшүндүрүү иштерин жакшыртуу жыйынтык берет. Патент бир гана толук көзөмөлдөөгө мүмкүн болбой турган жерлерде киргизилет. Биздин базарларды көзөмөлдөө оор деле эмес. Кандай болгон күндө дагы акырындык менен ачык отчеттуулукка келип, ККМ, ЭТТН, ЭСФ дегенге келгенибиз жакшы чечим болот".

Кыргызстандын бийлиги соңку бир-эки жылдан бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга милдеттендирип жатат. Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) да киргизилди. Буга байланыштуу Бишкек шаарында, башка аймактарда бир нече жолу нааразылык акциялары өткөн.

ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТН – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектелген, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *