Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

Быйыл жарым жылда 1163 адамга пробациялык көзөмөл өкүмү чыгарылган

0
Быйыл жарым жылда 1163 адамга  пробациялык көзөмөл өкүмү чыгарылган

Жогорку соттон "Азаттыкка" маалымдашкандай, 2023-жылдын биринчи жарым жылында сот чечими менен 1163 адамга пробациялык көзөмөл колдонулган. Пробациялык көзөмөл былтыр 2188 адамга, 2021-жылы 2896 адамга өкүм кылынган.

Маалыматта пробациялык көзөмөл колдонулган адамдардын саны гана ачыкталары, чечим кандай кылмышка колдонулганы боюнча маалымат жоктугу жазылган.

Оор кылмышка айыпталган адамдарга да соттор пробациялык көзөмөл өкүмүн чыгарганы коомчулукта Селекцияда келиндин кулак-мурду кескиленген окуясынан кийин катуу сынга алынган.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев парламентте пробациялык көзөмөлгө алууга уруксат берген мыйзамды кайрадан карап чыгууга чакырып, былтыр 16 жашка толо элек бала менен сексуалдык аракеттерге барган (жашы жете электерди зордуктаган) 88 адам пробация менен жазадан кутулуп кеткенин айтып чыккан.

Пробация тууралуу мыйзам Кыргызстанда 2017-жылы кабыл алынып, 2019-жылдан тарта иштей баштады. Анда пробация - кайсы бир оор эмес кылмыштарды жасаган, кылмышка аргасыздан барган, жаза мөөнөтү беш жылга чейин чегерилген айыпталуучулардын социалдык көмөк алуусуна, түзөлүүсүнө, социалдашуусуна, коомго кайрадан кошулуп, мыйзамсыз иштерге барбоосуна шарт түзүүчү комплекстүү чаралар экени айтылган.

Мыйзам ишке киргенден кийин Юстиция министрлигинин алдында пробациялык көзөмөлдү ишке ашыруучу атайын департамент түзүлгөн. Аталган департамент сот чечими аркылуу пробацияга чыгарылган айыпталуучулар менен иштейт.(ZKo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *