Хайитхон Хусан кызы парадзюдо боюнча эл аралык мелдеште алтын алды
Кыргызстандын парадзюдо боюнча курама командасынын мүчөсү Хайитхон Хусан кызы Жапонияда өтүп жаткан эл аралык мелдеште алтын медал алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Кыргызстандык спортчу 4-декабрда 48 килограммга чейинки салмак ченинде чейрек финалда монголиялык Токтобаяр Сувд Эрденени, жарым финалда аргентиналык спортчу Ледесма Дуре Рокиону утту.
Ал эми финалдык беттеште жапониялык Хангаи Шизукини жеңип, алтын медал алды.
23-октябрда Кытайда өткөн Пара Азия оюндарында да Хангаи Шизукини финалда утуп, чемпион болгон. (GT)