Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

Алматы: Шинжаңда камалгандардын туугандары Кытай консулдугуна киргизилген жок

0
Алматы: Шинжаңда камалгандардын туугандары Кытай консулдугуна киргизилген жок

Шинжаңда камакта жаткандардын туугандары 4-декабрда Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдына пикетке чыгышты. Туугандарынын бошотулушун талап кылган жарандар дипломатиялык мекемеге кирүүгө аракет жасашканда, казак полициясы алардын жолун тосту.

Пикетке чыккандардын айтымында алардын консулдуктун алдында акция уюштуруп жатканына 1000 күн болду. Алар “Кытай Шинжаңда геноцидди токтотсун"” деген ураанды чакырышты.

2017-жылдан бери Шинжаңда жүз миңдеген казак, кыргыз, уйгур жана башка аз улуттар «кайра тарбиялоочу лагерлерде» кармалып турганы кабарланып келет. Расмий Бээжин бул жайларды «кесипке үйрөтүүчү борборлор» катары мүнөздөп жүрөт.

Астана расмий Бээжиндин Шинжаңда жүргүзүп жаткан саясатын Кытайдын ички иши деп эсептейт. Казакстандын бийлиги Шинжаңдагы казактар мекенине «дипломатиялык жолдор» аркылуу кайтып жатканын билдирген.

Кытайдын Казакстандагы элчиси 2021-жылы Шинжаңда кармалгандар “Кытайдын жарандары экенин жана алар өлкө мыйзамдарын бузганын” айткан. Бул билдирүү акциянын катышуучуларынын нааразылыгын күчөтүп, алар дипломатты өлкөдөн чыгарууну талап кылышкан.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *