Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

Кыргызстанда бир жумада 500дөй мас айдоочу кармалды

0
Кыргызстанда бир жумада 500дөй мас айдоочу кармалды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) кызматкерлери тарабынан акыркы бир жумада 494 айдоочу мас абалында рулга отурганы аныкталды. Жалпысынан жол кыймылынын эрежеси бузулган 20 миңден ашуун учур катталган.

Булардын ичинен 386 айдоочу унаасын тийиштүү документтери жок айдап жүргөнү үчүн айып пулга жыгылган. 1136 айдоочу жөө адамдарды өткөрбөй койгон, дээрлик 4 миң айдоочу ылдамдыкты ашыра айдаганы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылды.

1 863 унаа айып токтотмосуна киргизилген.

Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жыл башынан берки тогуз айдын жыйынтыгында мас абалында унаа айдаган айдоочулардын саны былтыркы тогуз айга караганда 13% азайганын билдирген.

Кыргызстанда быйыл 8-марттан тартып жол эрежесин бузгандарга жаза күчөтүлгөн. Анын ичинен мас абалында рулга отургандар бир жылдан үч жылга чейин айдоочулук күбөлүктөн ажыратылат. Айдоочулук күбөлүгү жок машине айдагандар жети күнгө камалып, бир жылга рулга отуруу укугунан ажыратылат. Жол эрежесин үч жолу кайталап бузган айдоочулар кайрадан сынак тапшырууга жөнөтүлөт.

Жол эрежелерин бузганы үчүн төлөнүүчү айып пулдар да көбөйгөн. (ZKo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *