Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

Сүлүктүдө депутаттар Ильяскожо Ажибаевди наамынан ажыратты

0

Сүлүктү шаардык кеңеши кримтөбөл Камчы Көлбаев менен түшкөн сүрөтү интернетке жарыяланган Ильяскожо Ажибаевди буга чейин берилген “Сүлүктү шаарынын ардактуу атуулу” наамынан ажыратуу чечимин чыгарды. Шаардык кеңештин кезексиз жыйынына катышкан 19 депутаттын 16сы бул сунушту колдогону белгилүү болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык кеңештин депутаттарынын бири 4-декабрда ырастады.

Мындай чечимди кабыл алууга Сүлүктү шаарынын тургундарынын кайрылуусу себеп болгон. Алардын шаардык кеңешке жолдогон катында “жакында уюшкан кылмыштуу топтордон баш тартканы боюнча видео кайрылуу жасагандардын арасында Ильяскожо Ажибаев да бар экени, анын кримтөбөл Камчы Көлбаев менен түшкөн сүрөтү жарыяланганы үчүн” аны наамдан ажыратууну суранышкан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 25-ноябрда айрым адамдарды уюшкан кылмыштуу топтордон баш тарттыруу боюнча иштер жүргөнүн кабарлап, төрт кишинин видео кайрылуусун жарыялаган. Алардын катарында Ильяскожо Ажибаев да болгон. Ал кылмыштуу дүйнөгө тиешеси болбогонун, “Дед Хасан” жана “прокурор” деген каймана аты жок экенин" айткан.

Ильяскожо Ажибаев – Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаевдин атасы. Анын атайын операция учурунда жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаев менен түшкөн сүрөтү интернетке жарыяланып, коомчулуктун талкуусуна түшкөн.

Депутат Ажибаев анын үй-бүлөсүнүн Көлбаевдер менен эч кандай байланышы жок экенин “Азаттыкка” билдирген.

Улуттук коопсуздук комитети Сүлүктү шаарындагы көмүр казган айрым ишканалардын сатуудан жана экспорттоодон коррупциялык схемалары аныкталганын 10-ноябрда билдирген. Текшерүүнүн жыйынтыгында ондой ишкананын салыгы кайра эсептелип, 250 миллион сомдой салыктын 80 миллион сомдон ашыгы өндүрүлгөн.

"Азаттыктын" "Сүлүктү: салыктан качкан "көмүр мафиясы" аттуу иликтөөсүндө атайын кызмат кылмыш ишин козгоп, казынага 48 млн 275 171 сом төктүргөн “Рио Групп” ишканасына Илияскожо Ажибаевдин аялы Асилхан Макамбаеванын тиешеси бар экени айтылган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *