Өзбекстанда кримтөбөл, "мыйзамдагы ууру" кармалды
Өзбекстандын укук коргоо органдары "Салимбай байбача" деген каймана ат менен таанымал ишкер Салим Абдувалиев 1-декабрда кармалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганы кабарланды. "Бахти Ташкентский" деген лакап аты менен белгилүү кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү, 52 жаштагы Бахтияр Кудратиллаев да кармалган.
Мындан тышкары күч кызматкерлери кримчөйрөдө "Кара Гафур" атыккан дагы бир ишкер Гафур Рахимовду да издеп жатканы айтылууда.
Азырынча расмий Ташкент бул кармоолор тууралуу маалымат бере элек.
"Салимбай байбача" кармалганы кабарланды
КМШда "Салимбай" жана "Салимбай байбача" деген каймана ат менен таанымал ишкер Салим Абдувалиевди 1-декабрда укук коргоо органдары Ташкенттеги үйүндө кармаганын "Эльтуз" өзбек сайты жазып чыкты. Маалыматта аны менен кошо жанындагы адамдарды укук коргоо органдары автобус менен үйүнөн алып кеткени кабарланды.
Кийинчерээк ушул эле сайт 73 жаштагы Абдувалиевдин абалы кескин начарлап кеткенин, "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилгенин кабарлаган. Тамчылатма (капельница) ийне сайылгандан кийин аны дарыгерлер үйүнө жөнөтүшкөн. Бирок жолдон аны тартип сакчылары кармап, Ташкенттин ички иштер башкармалыгына жеткирилгени айтылууда.
Дүйшөмбүдө Kun.uz сайты өз булагына таянып, Өзбекстандын укук коргоо органдары Абдувалиевге карата тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын жазды. Укук коргоо органдары азырынча Салимбай Абдувалиевдин кармалышы боюнча маалыматтарды тастыктай элек.
Бирок Daryo.uz сайты Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Шахрух Гиёсов менен байланышып, ишкердин камалышы тууралуу кабарга комментарий сураган. Өзбек аткаминер: "Биз тактап, расмий маалыматтарды берип жатабыз. Кабар чыкса эле жарыялайбыз", - деп жооп берди. Ал ошондой эле жакын арада кырдаал расмий маалыматта ачыкталарын билдирди.
"Салимбай байбача" катары таанылган Салим Абдувалиев Борбор Азияда таасирдүү криминалдык төбөл катары белгилүү. Буга чейин Wikileaks сайты Салим Абдувалиевдин орус президенти Владимир Путин менен жакшы байланышы бар деген маалымат тараткан. Тергөөнүн документтерине таянып, алгач жумуштан айдалган, кийинчерээк өлтүрүлгөн ФСБнын полковниги Александр Литвиненконун өлүмүндө орус президенти Путиндин жана өзбек криминалынын изи бар экенин да жазган.
АКШнын Википедия сайтында Салим Абдувалиев жөн гана мамлекеттик кызматкер, жеке ишкер эле эмес, бийликке түздөн-түз таасир этүү аркылуу Өзбекстанда майлуу-сүттүү кызмат орундарын сатууга адистешкен криминалдык аталык катары да сыпатталып жүрөт.
Абдувалиев 2017-жылдан бери Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары жана өлкөнүн Күрөш ассоциациясынын төрагасы болуп иштеп келген.
2018-жылы өзбек олигархы "Салимбай байбачаны" Кыргызстандын "тиреги" деп мактаган кишилер тартылган видео тарап, катуу талкууга алынган. Бир мүнөткө жетпеген видеодо өзбекче чапан жана баш кийим кийген эки адам орус тилинде "Салимбай байбача" кыргыз эли менен бирге экенине сыймыктанышарын жана ал киши Кыргызстандын "тиреги" экенин айткан, президент Сооронбай Жээнбековду колдоорун билдиришкен. Өзбекстандык олигарх эки өлкөнүн достугу бекемделе беришин каалаган.
"Кара Гафур" изделүүдө
Мындан тышкары күч кызматкерлери дем алышта кримчөйрөдө "Кара Гафур" атыккан дагы бир ишкер Гафур Рахимовду издеп жатканы кабарланды. Ал Ташкенттеги үйүндө жана дачасында табылбаганы, Өзбекстандан чыгып кетиши мүмкүндүгү айтылууда.
Өзбекстанда криминалдык төбөлдөрдүн бири катары аты чыгып жүргөн ишкер жана мурдагы мушкер Рахимов 2018-жылы Эл аралык бокс ассоциациясынын (AIBA) президенти болуп шайланган. Бирок Эл аралык Олимп комитети Рахимовдун биротоло кызматтан кетишин талап кылган. Аны Кошмо Штаттарынын Рахимовду кылмыш чөйрөсү менен байланышта деп санкция салганы менен негиздеген. 2019-жылы ал федерациянын башчылыгынан биротоло кеткен.
Белгилей кетсек, Шавкат Мирзиёев 2016-жылы президенттин милдетин аткара баштаганда Интерпол "уюшкан кылмыштуу топтун лидери" делген Гафур Рахимовду издөөнү токтоткон.
Бирок Рахимов биринчи жолу АКШнын Финансы министрлигинин санкциялык тизмесине 2012-жылдын 23-февралында киргизилип, "Евразиядагы кылмыштуу синдикаттын" лидерлеринин бири катары таанылган. Документте Рахимов Борбор Азиядагы баңгизат соодасына аралашкан өзбекстандык криминалдык лидер катары сыпатталат.
Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.
"Бахти Ташкентский" кармалды
2-декабрда Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо боюнча жапырт рейддер өткөрүлүп жатканын билдирген. Ал эми Ички иштер министрлиги өлкө аймагында криминалдык кырдаалды жакшыртуу боюнча 40 күндүк акция өткөрүлөрүн жарыялаган. Ал 31-декабрга чейин уланары кабарланууда. Акциянын алкагында Фергана облусунда ар кандай кылмыштуу топтордун 20дан көп мүчөсү кармалганы маалым болду.
Алсак, 27-ноябрда эрежесиз мушташ менен машыккан, Инстаграмда 1,3 миллион катталуучусу бар Хумоюн Тухтамуродов кармалган. Ал "бандиттик топ түзүүгө аракеттенип, ыкчам кырдаалга терс таасирин тийгизген адамдарды тегерегине чогултуп, Кокон шаарында эки адамга күч колдонуп, окуя болгон жерден качып кеткени" айтылды.
Буга чейин Ташкенттин шаардык ички иштер башкармалыгы "Саидазиз медгородок" атыккан кримтөбөл Саидазиз Сайдалиевдин да кармалганын расмий билдирген. Алар жарандардан "опузалап акча талап кылган, рейдерлик кылган" деп айыпталган.
Ошондой эле "Бахти Ташкентский" деген лакап аты менен белгилүү кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү, 52 жаштагы Бахтияр Кудратиллаев кармалды. Бул тууралуу шаардын ички иштер башкармалыгына таянып Kun.uz сайты 4-декабрда жазды. Ал "маңзатты мыйзамсыз даярдаган, сактаган" жана "ири өлчөмдөгү акча алууга опуза кылган" деп айыпталууда.
Ташкентте полициянын атайын рейди 26-ноябрда казакстандык ырчы Jah Khalibдин концертиндеги тополоңдон кийин башталган. Анда билеттерди сатып алып, бирок концертке кирбей калганы үчүн жаалданган күйөрмандар Улуттук гвардиянын кызматкерлерине каршылык көрсөтүшүп, бычакталганы кабарланган.
Башаламандык учурунда кеминде бир кызматкер оор жараат алганын "Азаттыктын" өзбек кызматы билдирген.
Кыргызстандагы операция
Кыргызстанда "кримтөбөл" деп таанылган, 49 жаштагы Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.
9-октябрда атайын кызмат аны менен байланышта болгон 40тан ашуун адам кылмыштуу топтун мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 млрд долларлык активдер камакка алынганын билдирген.
УКМК көп өтпөй 225тен ашык мамлекеттик кызматкердин уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бардыгы аныкталганын маалымдаган.
Алардын ичинен 133 кызматкер Камчы Көлбаев менен, 92 адам Райымбек Матраимов менен жашыруун байланышта иштешкени аныкталып, алардын жетимиштен ашыгы кызматтан алынган.
Атайын кызматтан маалыматына ылайык, бажы кызматында 85 кызматкердин уюшкан кылмыштуу топко байланышы аныкталып, 50 чактысы кызматтан алынган.