Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

Грузияда жоголгон активисттин дайыны Орусиядагы тергөө абагынан чыкты

0
Грузияда жоголгон активисттин дайыны Орусиядагы тергөө абагынан чыкты

Октябрдан бери Грузияда дайыны чыкпай жаткан орусиялык активист Рафаил Шепелев Нижний Тагилдин тергөө абагында отурганын «Первый отдел» укук коргоо долбоору билдирди. Ага террордук уюмга мүчө болуу жана терроризмди актоо айыбы тагылды.

12-октябрда Шепелев Тбилисидеги үйдөн чыгып кеткен бойдон жоголгон. Достору ал Грузияда 2021-жылдын сентябрынан бери жашап жүргөнүн жана Орусияга кайтуу ниети болбогонун айтып беришкен.

Укук коргоочулар аныктагандай, активистти алдап Цхинвал районуна чакырып, ошол жерден кармашкан. Жикчил Туштүк Осетияда орун алган аймакта орусиялык аскерлер жайгашкан.

Ошондон кийин Шепелевди майда бейбаштык үчүн административдик берененин негизинде Владикавказга жөнөтүшкөн. Убактылуу кармоочу жайда отурган кезде терроризмге байланышкан беренелер менен күнөө тагылды.

Екатеринбург шаарында туулуп-өскөн Шепелев "Артподготовка" кыймылынын мүчөсү болчу. Активист Орусиядагы нааразылык акцияларында бир нече жолу кармалган.

Ушул өңдүү окуя жакында Кыргызстанда да болгон. Орусиялык «Солчул блоктун» активисти Лев Скорякин октябрдын ортосунда Бишкекте жүргөн жеринен уурдалып, кийин Москвада тергөө абагына камалганы ачыкка чыккан. Адвокаттары ал жабык жайда кыйноолорго туш болгонун айтышкан. Скорякин 2021-жылдын декабрында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) Москвадагы  бөлүмдөрүнүн биринин жанындагы

"ЧКисттин күнү менен!" деген акция үчүн бейбаштыкка айыпталып, 7 жылга колонияга кесилиши ыктымал.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *