Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

ККМ акция: Соодагерлер алты ай патент менен иштейт

0

Бишкекте базарларда иштегендердин митинги уланды. 5-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта, Ош базарынын аймагындагы “Берекет Гранд” соода борборунун жанында көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы митинг өттү. 

Соңку бир аптадан бери уланып жаткан нааразылыктан улам президент Жапаров "Дордой" базарына барып, ишкерлерге жолукту.

"Кытайдан келген товардын баары өтпөйт"

5-декабрда Бишкектеги “Дордой Моторс” базарында жана Бишкектеги гүл саткан дүкөндөрдө иштеген 150дөн ашык соодагер акцияга чыкты. Алар Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ), товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонууга каршы нааразылык билдиришти. 

Патент системасын калтыруу талабы менен Ош базарына караштуу “Берекет Гранд” соода борборунун жанында, Нарында митинг өттү. 

Бул күнү "Дордой" жана анын тегерек-четиндеги базарларда соода кылган ишкерлер да кайрадан иш ордун бекитип, чогулушту.

Бул күнү алар менен жолугуу үчүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров келери айтылган. Бирок анын ордуна прездиент Садыр Жапаров өзү барып, чогулгандардын мүдөөсүн укту.

Нааразы болгондор жаңы салык саясаты алар үчүн ыңгайсыз экенин айтып, атын атабаган соодагерлердин бири патент системасын калтыруу керектигин мындайча түшүндүрдү.

"Биз айласыз чыгып атабыз. Эки дипломду кучактап, бирок балдарды багуунун айласы кылып Орусияда миграцияда 25 жыл жүрүп, ушу базарга чыктык. Базардагылардын баарынын жашоосу сонун деп ойлошот, бирок биз Бажы биримдигине киргенден бери кыйналып келебиз. Ар бирибиздин башыбызда кредит, карыз бар. Андан көрө бажыны жакшы текшергиле, маселен биз биринчи ошол жерге төлөйбүз, андан келип кампага, ордубузга төлөйбүз. Акыры келип бизден товар алган кардарлар салык төлөп атат, ошону менен бир товар үчүн төрт жолу салык берилүүдө. Дүңүнөн саткандар үчүн ККМ туура келбейт. Бизге патентти калтырыңыз. Сиз президент катары ишке киришип атканда бир ишти бүтүрүү абдан чоң бюрократия менен коштолот дедиңиз эле, ошону жок кылыңыз. Биз иштейбизби же кагаз толтуруп эле жүрөбүзбү? "Жеке ишкер деген күбөлүк алып, отчет тапшырбайсыңар" деп атат. Кана, антпей эле отчет тапшыргыла деп жатпайбы. Ансыз да жер салыгын, ижара акысын, коопсуздукту карагандарга төлөп атабыз", - деди соодагер.

"Дордойдун" "Кербен" базарында орду бар соодагер да президент Жапаровго кайрылып, азыр Орусиядан келип, товар алгандар кыйла азайганы үчүн соода солгундап кеткенин айтты.

"Отуз жыл Кытайды байыттык, эми кезек Өзбекстанга келди. Биз коңшулардан товар ташып атабыз, андан сырткары Казакстандын "Хоргосу" бар. Кытайдан келген товардын бешөө жакшы өтсө, калган жыйырмасы өтпөйт. Жеңил өнөр-жайга өзүнчө, Кытай, Түркиядан келип иштеп аткан тигүү фабрикаларына өзүнчө салык системасын караштыргыла".

Жыпаргүл Өмүралиева "Дордой" жаңыдан 1996-жылы ишин баштап атканда соодага аралашкандардын бири. Ал 2010-жылга чейин мамлекетке бардык социалдык төлөмдөрдү, патентти төгүп келгенин, бирок ооруп бейтапканага кайрылганда анын төлөмдөрү тууралуу маалымат жалпы базадан табылбай калганын айтты:

"Пенсияга да чыга албай, айлам жоктугунан базарда отурам. Башка мамлекетке кетейин десем, мени эч ким албайт жумушка. Азыр күндөн күнгө базардын иши солгундап атат, мисалы мен беш күндөн бери соода кыла албай отурам. Азыр биз төгүп аткан патенттин 800 сомун мамлекетке түз түшкөндөй кылып койсо эле мамлекеттин кирешеси кыйла көбөйөт. Азыр балдарынын бактылуу балалыгын көрбөй төрт баласын бала бакчага киргизип коюп, муздак контейнерде соода кылып жаткан жаш үй-бүлөлөр бар. Бир контейнерди төрт киши ижарага алып, айына 18 миң төлөшөт, мына ошол ижарага бергендер салык төлөсүн. Канчалаган жаштарыбыз ден соолугунан айрылып атат, алар эртең эне же ата болушу керек. Биз патент менен калабыз, ККМдин кереги жок".

 

"Салык кызматы өзү даяр эмес"

 

Чогулган эл менен жолугуу үчүн барган президент Садыр Жапаров чогулган элдин арыз-муңун уккандан кийин базардагы соодагерлерге июль айына чейин патент менен иштеп турууга уруксат берилгенин айтты:

“Келерки жылдын июль айына чейин азыр кандай болсо, ошол шартта иштеп тура беришсин. Мен өкмөттү, салыкчыларды топтоп, силерден делегаттарды кошуп, кеңешебиз. Анан чечим кабыл алабыз. Июль айына чейин патент менен иштеп тургула”, - деди президент.

Садыр Жапаров салыктагы реформаларды июль айына чейин токтото туруу тапшырмасын бергенин айтып, чогулган элдин алдында көзөмөл-кассалык машинелерге (ККМ) каршы нааразылык акцияларын уюштурууга кызыкдар топтор барын, алар “революция кылуу ниетин көздөп”, соодагерлерди курал кылып жатканын билдирди.

“Силерди курал кылып колдонуп, 30 жылдан бери үч жолу революция кылгандар “бүгүн да революция кылсак экен, кайра мурункудай жашоодо жашасак экен” дегендер бар. Бул саналуу гана күчтөр, силер билбейсиңер. Мен силерди чыкканыңар үчүн күнөөлөгөн жокмун. Өзүңөрдүн укугуңарды коргоп чыгышыңар керек, үнүңөр угулбай жатса кыйкырып жеткиришиңер керек дегендей... Бизде кимдер даярданган, эл көп чыкса, ошол жерден пайдаланып кетсек экен дегендер боюнча маалыматтар бар. Саналуу үч-төрт топ бар”, - деген Садыр Жапаров кайсы күчтөр кызыкдар экенин ачык айткан жок.

Бирок соодагерлер арасында бул жүйөнү четке каккандар болду.  Сөз алгандардын бири алар өздөрү эле чыгып атканын айтты:

“Бизди үчүнчү күчтөр пайдалана албайт. Алардын кереги да жок”.

Андан тышкары Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Салык кызматынын жетекчиси Алтынбек Абдувапов, “Дордой” ассоциациясынын негиздөөчүсү, коомдук ишмер Аскар Салымбеков да барган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 4-декабрда соңку кырдаал тууралуу “Азаттыктын" суроосуна өкмөт ККМ аппараттарын жана электрондук эсеп-фактураларын берүү процессин жеңилдете турганын, эки апта ичинде эрежелер каралып чыгарын айткан.

Ал Борбор Азияда электрондук эсеп-фактурасы жана коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) колдонулбаган Кыргызстан жалгыз экенин айтып, мындай жагдай товарларды экспорттоого кедергисин тийгизип жатканын белгилеген.

“8 миллион сомго чейин бир тыйын да төлөбөгүлө. ККМ коюп, товарды каяктан алганыңар боюнча электрондук эсеп-фактурасын берип койгула деп жатабыз. Товарлар Кыргызстандан башка жакка чыгып кетип жатса, реэкспорт үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп бердик. Эгер ал товар өлкө аймагында калса, салык төлөнүшү керек. Биз салыкты орто жана ири бизнестерден алалы деп жатабыз. Биз муну былтыр киргизмекпиз. Бирок президент Садыр Нургожоевич тапшырма берип, даярдык көрүү үчүн мөөнөт бердик. Бул жаңы жылдан баштап ишке кирип жатат”, - деген Жапаров.

Кыргызстанда өткөн жумадан бери базарларда соода кылгандар ККМ системасын киргизүүгө каршы иш ташоо коштолгон нааразылык акциясын өткөрүп жатышат. 

4-декабрда Бишкектеги “Дордой Моторс” базарынын соодагерлери, Токмоктогу  “Булак” базарынын соодагерлери да ККМге каршы чыгып, патент системасын калтырууну талап кылышкан. 

29-30-ноябрда Оштогу Кара-Суу жана Бишкектеги “Дордой”, “Мадина”, Орто-Сай базары, 1-декабрда борбордогу “Аламүдүн”, Оштогу, Таластагы, Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы базарлардын сатуучулары митингге чыгышкан. 2-декабрда ушундай эле талап менен Бишкектеги автоунаа тетиктерин саткан “Кудайберген” базарынын соодагерлери иш таштаган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *