Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

Президенттин Оштогу өкүлү тууну алмаштырууга негиз жок экенин айтты

0
Президенттин Оштогу өкүлү тууну алмаштырууга негиз жок экенин айтты

Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев мамлекеттик тууну алмаштырууга негиз жок экенин, желектин азыркы көрүнүшү жакшы экенин билдирди. Бул тууралуу ал 6-декабрда облуста 10 айдын ичинде аткарылган жумуштар боюнча басма сөз жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Кыргызстанда желекти өзгөртүү демилгеси коомдо талкуу жаратты. Тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга коюшкан. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген.

Жаңы сунушталган вариантта кызыл түстөгү туунун ортосундагы күндүн нуру толкун сымал эмес, түз берилген жана нурлар өзүнчө бөлүнгөн. Түндүктүн элесиндеги үч чамгарак төртөө болуп өзгөргөн.

Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда көпчүлүк добуш менен чукул кабыл алган.

Президент Садыр Жапаров буга чейин “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирген.

Социалдык тармактын колдонуучулары желекти өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбооруна каршы экенин билдирип, флешмоб өткөрүп жатышат. Фейсбукта “желегимди жерибе”, “желекке тийбе” деген постторду жарыялап, Садыр Жапаровдун Фейсбуктагы, Инстаграмдагы расмий баракчасынын алдына да пикирлерин жазып жатат. 

Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. (BTo/DSh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *