Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

Баткенде аткезчилик күч алганы айтылды

0
Баткенде аткезчилик күч алганы айтылды

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү кабарлагандай, жыл башынан бери укук коргоо органдары облуста 262 аткезчилик фактысын аныктады. Анын ичинен “Баткен” бажысында 204 бажы эрежелерин бузуу фактылары аныкталып, 4 млн 724 сом айып пул өндүрүлүп, мамлекетке 3,5 млн сомдон ашык бажы төлөмдөрү төлөнгөн. Ал эми УКМК 58 учурду аныктап, бюджетке 167 млн 483 миң 212 сом өндүрүлгөн. Бул тууралуу облустук бийликтин жыйынында айтылды. 

Маалыматка караганда, акыркы мезгилде Тажикстан менен көзөмөлдөө-өткөрүү пункттары расмий түрдө жабык болгондуктан, коңшу мамлекеттин чек арага жакын аймактарында айрым товарларга талаптар көбөйгөн. Буга байланыштуу аткезчилик да күч алды жана эки тараптан тең жарандар аткезчиликке аралашып жатат. 

Жыйында район жетекчилерине координациялык кеңешме өткөрүп, чек ара аймактарына кошумча постторду коюу, мобилдик топторду тузүү, көзөмөлдү күчөтүү, аткезчилик менен алектенген жарандар менен иш алып баруу, аларга укуктук чара көрүү,  түшүндүрүү иштерин да жүргүзүү милдети тапшырылды.

30-ноябрда атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында аткезчилик кайра жанданганын, чек ара маселеси толук чечилмейинче коңшу өлкө менен чек ара ачылбай турганын айткан.

2021-жылы апрель айында кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда 36 кыргызстандык курман болгону, тажик тараптан 19 адам каза болгону расмий жарыяланган.

Бул кагылыштан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын толугу менен бир тараптуу жапкан. Бирок аткезчилик токтобой жатканы айтылууда. (JsA)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *