Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

Газа: Волкер Түрк ырайымсыз кылмыштар тобокелдигин эскертти

0
Газа: Волкер Түрк ырайымсыз кылмыштар тобокелдигин эскертти

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волкер Түрк Газа тилкесинде "ырайымсыз кылмыштар" тобокелдиги тууралуу эскертип, тараптарды андай аракеттерге барбоого чакырды.

“Гуманитардык уюмдарда иштеген кесиптештерим кырдаалды акыр заманга теңеп атышат. Мындай абалда мыкаачылык тобокелдиги жогору болот”, -  Түрк бул көрүнүштү алдын алуу зарылдыгын белгиледи.

Шаршембиде Израилдин аскерлери менен ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобу Газанын түштүгүндөгү Хан-Юнис шаарында катуу салгылашканы кабарланган.

Акыркы бир нече күндөгү бомбалоолордон улам анклавдагы палестиналыктар түштүк тарапка качкан. БУУ элге толуп калган башкалкалоочу жайларда санитардык шарттар жок болгондуктан, ар кандай илдеттердин жайылуу коркунучун эскерткен.

Түрктүн айтымында, “2,2 миллиондой тургундун 1,9 миллионго жакыны жер которууга аргасыз болду, Газанын түштүгүндөгү улам тарып бараткан жана эл батпай калган, санитардык шарттар жок жайларда башпаанек табууга мажбур”.

БУУнун жогорку өкүлү Израилдин расмий адамдары жана ХАМАСтын өкүлдөрү жасаган “гумандуулукка жатпаган, тукуруучу билдирүүлөрү” ырайымсыз кылмыштарды жасоого шыкакчы катары каралышы мүмкүн экенин белгиледи.

“Мындай риторика кандай кесепеттерге алып келерин тарыхтан билебиз”, - деди Волкер Түрк.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *