Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

Депутат Эмил Жамгырчиевдин соту 18-декабрга жылды

0
Депутат Эмил Жамгырчиевдин соту 18-декабрга жылды

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин иши боюнча соттук отурум 18-декабрга жылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди.

Буга Жамгырчиевдин адвокаттарынын Конституциялык соттун чечими менен таанышуу үчүн убакыт сураганы негиз болгон. Отурумда прокурор Жамгырчиевдин ишин кайра тергөө үчүн прокуратурага өткөрүп берүүнү өтүнгөн, бул боюнча чечим кабыл алына элек.

Депутатка козголгон кылмыш иши кайра жанданып, соттук отурум 7-декабрда Биринчи Май райондук сотунда каралмак.

Ага козголгон кылмыш иши быйыл 26-июлда токтотулган. Анда судья Тажибаева адвокаттын “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүмү боюнча Конституциялык сотко кайрылуу өтүнүчүн канааттандырган. Бул беренеде депутатты Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга парламенттин макулдугун алуу тартиби каралган. Конституциялык сот өтүнүчтү карап чыкканга чейин кылмыш иши токтотулуп турган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2020-жылдын 20-октябрында ошол кездеги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Каржы полициясынын) жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев жана өкмөттүк аппараттын башчысынын мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратов пара алууга айыпталып кармалганын кабарлаган.

Мурдараак анын аты аталган мекеменин Чүй облусундагы башкармалыгында Кытайдан 2018-жылы ташылып келе жаткан контрабандалык өрдөк этине байланыштуу козголгон кылмыш иши жана 50 миң долларлык пара боюнча окуяда аталган. 

50 миң долларлык пара тууралуу айыптоолорду Жамгырчиев адегенде "ыплас ушак" деп атаган, кийин мамлекетке 20 миллион сом төлөп, үй камагына чыккан. Өзгөчө көп өлчөмдө пара алууга шек саналып Жамгырчиев менен кошо кармалган Калмуратов дагы үй камагына чыгарылган. Экөө тең кийин Жогорку Сотто акталган.

Былтыр 6-декабрда Башкы прокуратура аларды актаган сот чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылганы, иш боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу өтүнүч келтирилгени белгилүү болгон.

Жогорку Сот Эмил Жамгырчиевге жана Бактыбек Калмуратовго козголгон ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра тергөө тууралуу Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырганын мекеменин басма сөз кызматы 11-январда билдирген.

Жамгырчиев Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин өзбек тарапка өтүшүнө каршы добуш берген саналуу депутаттардын бири.

Маселе парламентте каралып, добуш берилгенден кийин былтыр 27-ноябрда УКМК аны Казакстанга өтүп баратканда чек арадан кармап, кайра коё бергени маалымдалган, 1-декабрда атайын кызмат депутаттын дайыны белгисиз экенин билдирген.

Кийин 11-январда Жамгырчиев парламент жыйынына келген жана чек арадан өзүн эч ким кармабаганын журналисттерге билдирген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *