Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

Бишкекте автобус коюп кеткен аял ооруканада каза тапты

0
Бишкекте автобус коюп кеткен аял ооруканада каза тапты

6-декабрда Бишкек шаарындагы эл ташыган муниципалдык автобус жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден коюп кеткен аял бир күндөн кийин ооруканада каза тапты. Ал "Тез жардам" менен бейтапканага жеткирилгенин Бишкек шаардык жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы ырастады.

Мекеменин басма сөз катчысы Тилек Исаевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, окуя Лермонтов жана Көлбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Кылмыш иши козголуп, иликтөө-тергөө иштери жүрүп жатат. Автобус айып жайына киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Маркумдун тек-жайы тууралуу маалымат берилген жок.

Эки күн мурун Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде муниципалдык автобус менен троллейбус кагылышкан. Жүргүнчүлөр арасында жабыркагандар болгон эмес. Эки транспорт тең айып токтотмого киргизилип, айдоочулардан түшүндүрмө алынганы кабарланган.

Бишкекте муниципалдык автобустар көбөйүп, айрым айдоочулар жол кирени электрондук карта менен төлөөгө каршы болуп жумуштан кеткен. Шаардык транспорт башкармалыгы сынак жарыялап, автобус жана троллейбус үчүн жаңы айдоочулар ишке алынган.

Социалдык тармактарда айдоочулар тажрыйбасыз болуп, жол эрежесин бузуп жатканы тууралуу билдирүүлөр тараган. Айрымдары жолду билбей, башка тарапка өтүп кеткен учурлар тууралуу да видеолор тараган. (ZKo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *