Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

Орусияда окуучу кыз мектепте ок атып, классташынын өмүрүн кыйды

0
Орусияда окуучу кыз мектепте ок атып, классташынын өмүрүн кыйды

Орусиянын Брянск шаарындагы №5 гимназиясынын сегизинчи классынын окуучусу классташтарын көздөй туш келди ок атканда бир кыздын өмүрү кыйылып, төрт окуучу жараат алды.

Жергиликтүү милиция билдиргендей, жабыркагандардын биринин абалы оор. Окуядан кийин кылмышка шектүү өз жанын кыйганы маалым болду.

ТАСС маалымат агенттиги жазгандай, 14 жаштагы окуучу кыз атасынан куралы менен мектепке барып, туш келди аткылаган. Анынн себеби белгисиз. Телеграм-каналдар кылмышка барган кыз бир топ убакыттан бери классташтарынын басмырлоосуна кабылып келгенин кабарлашты.

Мектептеги окуучулар жана мугалимдер коопсуз жакка эваукацияланып, алар менен психологдор иштешүүдө. Окуу жайдын имараты курчоого алынды. Адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголду.

Полиция кыздын атасы кармалып, суракка алынганын билдирди.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *