Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

Темирболот Абыкеев Кара-Суу районунун акими болуп дайындалды

0
Темирболот Абыкеев Кара-Суу районунун акими болуп дайындалды

Президент кол койгон тескемеге ылайык, Темирболот Абыкеев Ош облусунун Кара-Суу районунун акими болуп дайындалды.

38 жаштагы Абыкеев буга чейин Оштун Чоң-Алай районунун акими болуп турган. Ага чейин Нарын облусунун Кочкор районунун акими болуп иштеген.

Президенттин дагы бир тескемеси менен Жакыпбек Субагожоев Кара-Суу районунун акими кызматынан бошотулуп, Оштун Ноокат районуна аким болуп бекитилди.

Темирболот Абыкеев Кочкор районунда туулган. Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин тууганы. Ал эми 57 жаштагы Субагожоев Кара-Сууга жетекчи болуп быйыл апрелде дайындалган. 

Кыргызстандагы эң чоң район Кара-Сууда 2021-жылдагы маалымат боюнча 448 миңден ашуун адам жашайт, 16 айыл өкмөт жана бир шаар бар. (BTo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *