Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

Өзбекстанда уюшкан кылмыштуу топторго каршы рейд уланууда

0
Өзбекстанда уюшкан кылмыштуу топторго каршы рейд уланууда

7-декабрда Бухарада кримдүйнөгө байланышы бар 38 киши кармалганы кабарланды. Андан мурда Ташкентти тескейт делген Аббосхон Хожаев жана белгилүү блогер Бузрук Бузруков дагы колго түшкөнү маалым болгон.

Хожаев буга чейин маңзат өндүрүүгө жана жайылтууга айыпталып камалып чыккан. Бул жолу ал опузалап акча талап кылууга шек саналып жатканы кабарланды. Ал эми блогер Бузруков криминал дүйнөсүндө таанымал экенин "Озоди" радиосу жазды. Ал бейбаштыкка шектелүүдө.

Андан тышкары "Бахти Ташкентский" деген каймана ат менен белгилүү Бахтияр Кудратуллаев 15 суткага камалганы маалым болду.

Ал "маңзатты мыйзамсыз даярдаган, сактаган" жана "ири өлчөмдөгү акча опуза кылган" деп айыпталууда.

2-декабрда Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо боюнча жапырт рейддер өткөрүлүп жатканын билдирген. Ал эми Ички иштер министрлиги өлкө аймагында 40 күндүк акция өткөрүлөрүн жарыялаган.

КМШда “Салимбай” жана "Салимбай байбача" деген каймана ат менен таанымал ишкер Салим Абдувалиев 1-декабрда кармалганы маалым болгон.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *