Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

Активист Жоробеков өзүнө коюлган айыптарды четке какты

0
Активист Жоробеков өзүнө коюлган айыптарды четке какты

Тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан активист Афтандил Жоробековдун бөгөт чарасы бүгүн, 8-декабрь күнү кечинде Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып жатат. Ачык өтүп жаткан сотто Жоробеков өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, кармалышын мыйзамсыз деп эсептей турганын “Азаттыкка” билдирди.

“Баары жомок. Тууну коргоо кылмышпы? Кылмыш эмес. Мен мындан кайтпайм. Кыскача айтканда, бийликти басып алуу деген айып коюп жатышат. Буга чейин райондук милиция, УКМК чакырып, бул жолуңдан кайт, камаласың дешти. Мен кайтпайм дедим. Ага чейин парламент тууну өзгөртүү демилгесинен кайтса, митингге чыкпайм дегем”, - деди Жоробеков.

Афтандил Жоробеков 7-декабрда Бишкек шаардык милициясына суракка чакырылып, андан кийин аны кармап кетишкени белгилүү болду. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “массалык башаламандыктар” беренесинин 3-бөлүгү, “бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен айып тагылганын адвокаты Махабат Мамасалиева “Азаттыкка” билдирген.

Активист 9-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта тууну өзгөртүүгө каршы митинг өткөрүүнү көздөп жаткан. Соцтармактардагы акция тууралуу кайрылууларына байланыштуу 2-декабрда Бишкектин Октябрь райондук милициясына, Улуттук коопсуздук комитетине чакырылган. Ага чейин милиция аны 3-декабрдагы "Туудан колуңду тарт!" автожүрүштөн улам чакырганын жазган. Милиция мерчемделген жерге катышуучулардан мурда келип, аларга эскертүү берген соң автожүрүш болбой калган.

29-ноябрда Жогорку Кеңеш спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов автор болгон мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда чукул кабыл алды. Долбоорго 66 депутат “макул”, сегиз эл өкүлү “каршы” добуш берген. Президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирген.

Социалдык тармактын колдонуучулары мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбооруна каршы флешмоб өткөрүп, “Желегимди жерибе!”, “Желекке тийбе!”, "Туудан колуңду тарт!" деген постторду жарыялап, президент Жапаровдун Фейсбуктагы расмий баракчасынын алдына да пикир жазышкан.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *