Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

Консоттун төрагасы Эмил Өскөнбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө

0
Консоттун төрагасы Эмил Өскөнбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Конституциялык соттун төрагасы жана башка кызмат адамдары кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелип жатканын билдирди. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы 8-декабрда маалымат таратты.

Ага ылайык, Конституциялык соттун төрагасы жана башка кызмат адамдары судьялардын чет өлкөлүк иш сапарлары үчүн берилген чакыруу каттарын жашырып, аны менен өздөрү жана жакындары чет өлкөгө чыгышкан.

Атайын кызмат бул фактылардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча кылмыш ишин козгоду.

Конституциялык сот УКМКнын билдирүүсү боюнча комментарий бере элек.

2021-жылы 5-майда күчүнө кирген Баш мыйзамга ылайык, Конституциялык палата жоюлуп, Конституциялык сот түзүлгөн. Бул мекеме Конституцияны расмий чечмелеп берет, мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын Конституцияга ылайык келиши тууралуу иштерди, бийлик бутактарынын ортосундагы компетенциялар жөнүндө талаштарды карайт, Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбооруна корутунду берет.

Тогуз судьядан турган Конституциялык сотко Эмил Өскөнбаев 2022-жылы февралда төрага болуп шайланган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *