Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жөлөкпул менен камсыздалат №32, 05.05.08

0

Премьер-министр Игорь Чудинов Кыргыз Республикасынын Президентинин «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине социалдык колдоо көрсөтүүнүн кошумча чаралары жөнүндөгү» жарлыгын ишке ашыруу боюнча Өкмөттүн токтомуна кол койду.

Жарлыкка ылайык КРнын Өкмөтү төмөндөгүдөй чечимдерди кабыл алды:
— Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына; 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейинки курчоого алуу мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген, «Ленинградды коргогону үчүн» медалы менен сыйланган адамдарга жана «Курчоодогу Ленинграддын тургуну» белгиси менен сыйлангандарга; экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлерде, геттолордо жана башка мажбурлап кармоо жерлеринде туткунда болгон мурдагы жаш өспүрүмдөргө — 2000 сом өлчөмүндө бир жолку кошумча акчалай жөлөкпул төлөнөт.
— Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө; Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы каарман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызмат өтөгөндүгү үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйлангандарга; Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз зомбулук менен мобилизациялоого дуушар болгон жана кийин акталган жарандарга — 500 сом өлчөмүндө бир жолку кошумча акчалай жөлөкпул төлөнөт.
Аталган токтом менен жөлөкпулдарды төлөөнүн тартиби да бекитилди.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине жөлөкпулдарды пенсияны кайсыл ведомство берип жаткандыгына карабастан, жарандардын жашаган жериндеги райондук социалдык коргоо органдары аркылуу төлөө жана 2008-жылдын 1-августуна чейин каржы министрлигине жөлөкпулдардын төлөнгөнү жөнүндө отчётту берүүсү тапшырылды.
Жаңы кабыл алынган чечимдерге байланыштуу Өкмөттүн 2000-жылдын 14-мартындагы №134, 2000-жылдын 3-апрелиндеги №179, 2004-жылдын 31-майындагы №409, 2005-жылдын 1-апрелиндеги №148, 2007-жылдын 4-майындагы №149 токтомдору күчүн жоготту деп таанылды.
А.ЭСЕНОВ











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *