Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Игорь Чудинов Токтогул суу сактагычына тийиштүү көлөмдөгү сууну топтоо боюнча жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2008-2009-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине даярдоо боюнча чаралар жөнүндө токтомго кол койду.
Бул документ 2008-2009-жылдарда экономиканын тармактарынын жана калктын электр энергиясы менен күйүүчү майга болгон керектөөлөрүн камсыз кылуу, министрликтерди, мамлекеттик комитеттерди, административдик ведомстволорду жана республиканын аймактарын алдыда болуучу от жагуу мезгилине карата өз убагында даярдоо максаттарында кабыл алынды.
Белгилеп кетүүчү нерсе, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, отун-энергетикалык комплекстин ишканалары 2007-2008-жылдардын күзгү-кышкы мезгилин декабрь-февраль айларында узакка созулган суук болуп тургандыгына карабастан, канааттандырарлык өткөрүштү. Тилекке каршы, аба ырайынын катаал шарттары, өлкөбүздүн экономикасы менен калкынын отун-энергетикалык ресурстарга болгон керектөөлөрүн иретке келтирбегендик, электрди керектөөнүн режимдерин башкаруунун натыйжалуу механизминин жоктугу, жылуулук менен камсыз кылуунун сапатынын начарлашы жана аймактар боюнча электр энергиясына болгон керектөөлөрдүн белгиленген лимиттеринин сакталбашы өлкөбүздө электр энергиясын керектөөнүн өсүшүнө алып келгендиги анык.
Өткөн жылытуу мезгилинде электр энергиясын колдонуунун өсүшүнө жана Токтогул гидроэлектрстанцияларынын каскаддарынын толугу менен пайдаланылышына байланыштуу Токтогул суу сактагычындагы суунун кору 2008-жылдын апрелине карата эң акыркы чекке — 6,5 млрд. куб.м.ге жеткен. Токтогул суу сактагычындагы түзүлгөн татаал кырдаалды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү суу-энергетикалык кырдаалды турукташтыруу жана 2008-2009-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине карата экономиканын тармактары менен калкты даярдоо боюнча республикалык штаб түздү. Муну менен бирге Токтогул суу сактагычына сууну топтоо жана 2008-2009-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине карата экономиканын тармактары менен калкты даярдоо боюнча сунуш кылынган иш чаралардын планы бекитилди.
Бекитилген иш чаралардын планын жүзөгө ашыруу максатында министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, административдик ведомстволорго, аткаруу бийлигинин кээ бир органдарына, облустук мамлекеттик администрацияларга, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, «Көмүр» мамлекеттик ишканасына, Кыргыз турак-жай коммуналдык кошунуна, «Электрстанциялары», «Кыргызстандын Улуттук электр тармагы», «Түндүк электро», «Ош электро», «Чыгыш электро», «Жалал-Абад электро», «Кыргызмунайгаз» жана «Бишкек жылуулук тармагы» ачык акционердик коомдоруна тиешелүү тапшырмалар берилди.
Д.ӨМҮРЖАНОВ
«Дефицитный продукт». В Севастополе малогабаритки стали дороже, Симферополь продемонстировал падение стоимости квадрата
Выставка славянских истоков «В бессмертье уходит всеведенье литер простых»
Театр и Культура, Россия и Дети: 15 мая театр кукол Ульгэр представил спектакль «Мүнгэн мүшэдүүд» в стенах Художественного музея для первых классов гимназии №29 Улан-Удэ