Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

Өкмөт менен «Ак Жолдун» ийгилиги бир №32, 05.05.08

0

Ак Жол» элдик партиясынын 3-курултайына чакырылган делегаттар менен КРнын Премьер-министринин, бир катар өкмөт мүчөлөрүнүн Бишкектеги «Достук» мейманканасында жолугушуусу болду.

Алыскы аймактардан келген акжолчуларды электр энергиясы тармагынын учурдагы абалы, тарифтин көтөрүлүшү, жер-жерлердеги электр жарыгын өчүрүү көйгөйү, мугалимдердин эмгек стажысы боюнча мамлекеттин карызы, Токтогул районунун элине электр энергиясы боюнча берилүүчү компенсациялар, өлкөдөгү коррупцияны кыскартуу боюнча иш чаралар сыяктуу ар түрдүү маселелер кызыктырды. Жыйынды «Ак Жол» элдик партиясынын төрагасынын орун басары Эльмира Ибраимова алып барып, министрлердин докладдарынан кийин суроо-жоопторго убакыт бөлүндү. Энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков бир эки айдан кийин электр энергиясынын тарифи көтөрүлүп, ал мурдагы 1 кв.саат үчүн 62,5 тыйындын ордуна 70 тыйынга көбөйтүүгө муктаж экенибизди «сүйүнчүлөдү». Парламенттеги көпчүлүктү түзгөн «Ак Жол» фракциясы менен Өкмөт мүчөлөрүнүн мамлекеттин орчундуу маселелерин чечүүдө жолугушуулардын болуп турушу адатка айланууда. Ал эми делегаттарды азык-түлүк коопсуздугу, жазгы-талаа жумуштарынын жагдайы, апрель айындагы үшүктүн жүрүшү менен мөмө-жемиштердин тартыштыгы күтүлөрү да жыйында козголду.
Өкмөт башчысы инфляциянын өсүшүнө тынчсызданганын билдирди. Кеңири керектелүүчү товарларга болгон жалпы баанын өсүш деңгээли 1-кварталда 6
пайыздан ашкан. Өкмөт менен Улуттук банк инфляцияга каршы пландык иш чараларды кайра карап чыгуунун үстүндө. Социалдык жактан аз камсыз болгон калкты коргоо боюнча аракеттер көрүлүүдө. Инфляциянын жогорулашына ички жана сырткы фактордун таасири бирдей тийгендигинде талаш жок. Нан, ун, чемичке майы, картөшкө сыяктуу негизги азык-түлүктөрдүн жана мунайзаттардын кошуна Казакстанда, Россияда жана дүйнөдө наркынын көтөрүлүшүнө байланыштуу 1-кварталда баанын жогорулашына алып келди. Ошого карабай мамлекеттик бюджетти толтуруу иши ийгиликтүү жүргүзүлүүдө. Маселен, Бажы комитети үстүбүздөгү жылдын 1-кварталында өлкө бюджетине 3 млрд. 880 млн. сом же өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд. 100 млн. сом арбын которгон. Ошондой эле салык кызматы да ийгиликтүү иштеп, мамлекеттик бюджетке 3 млрд. 850 млн.сом же былтыркы ушул учурга салыштырганда 1 млрд. 200 млн. сом кирешелегенин Игорь Чудинов кабарлады.
Жогорку Кеңештин төртүнчү чакырылышы иштей баштаган 10-январдан ушул күнгө чейин Өкмөт сунуштаган 99 мыйзам долбоору каралып, алардын 91и жалпы, 5и биринчи окулушта кабыл алынып, алардын 3ү четке кагылган. Бул 78 күндөгү парламент менен биргеликте иштеген иштин натыйжасы. Тактап айтканда иш жагдай мурдагы жылдарга караганда алда канча натыйжалуу. «Мындай жыйынтыкка «Ак Жол» фракциясынын бардык тараптан колдоосу менен жетиштик», — деп билдирди Өкмөт башчысы.
Назира АЛИЕВА











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *