Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

200 сом турган продукцияны «каракчылар» 35-40 сомго гана сатышууда №32, 05.05.08

0

Ойлоп табуучулар өлкөбүзгө зор күч
Кандай гана иш болбосун чыгармачыл мамиле жасалмайынча ал өз үзүрүн бербейт. Өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшү да мына ушул чыгармачыл жагдайга байланыштуу. Чыгармачыл адамдар, ойлоп табуучулар өздөрүнүн автордук иштерин ишке ашырууда дайыма материалдык да, моралдык да колдоого муктаж. Бул багытта республикабыздын Мамлекеттик патент кызматы бир топ алгылыктуу иштерди аткарып келүүдө.
Жакында эле Мамлекеттик
патент кызматынын (Кыргызпатент) көргөзмө павильонунда «Кыргызстандын интеллектуалдык менчиги — 2008» аттуу республикалык VII көргөзмөсү болуп өттү. Көргөзмөнүн катышуучуларын вице-премьер-министр Нур уулу Досбол куттуктап сөз сүйлөдү. Ал бул көргөзмө Интеллектуалдык менчиктин Эл аралык жана Улуттук күнүнө, ошондой эле Кыргызпатенттин 15 жылдык мааракесине туш келгендигин белгиледи. «Өлкөбүздүн артыкчылыктуу, стратегиялык багыттарынын бири — адам потенциалын өнүктүрүү болуп эсептелет, бул болсо элдин интеллектуалдык чыгармачылыгын натыйжалуу пайдалануудан көрүнөт. Ушуга байланыштуу мамлекетибиздин экономикалык, социалдык, маданий өнүгүшүн жолго коюуда барыдан мурда интеллектуалдык менчик системасын өнүктүрүү маселеси келип чыгат», — деди вице-премьер-министр.
Нур уулу Досбол өз сөзүндө Кыргызстандын Мамлекеттик патент кызматы интеллектуалдык менчикти коргоо жаатында бирдиктүү өлкө саясатын ишке ашырган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналарын айтып, демек бул көргөзмө Кыргыз Республикасынын каржы бизнесин, өнөр жай өндүрүшүн жана ойлоп табуучулардын кызыкчылыктарын бириктирүүгө, ошондой эле интеллектуалдык менчик объектилеринде патенттик, лицензиялык ишмердиктерди мындан ары да өркүндөтүүгө негиз болорун белгиледи.
— Учурда Кыргызстан интеллектуалдык менчиктин улуттук системасын маалыматтык жактан тейлөөдө заманбап материалдык-техникалык базага ээ. Интеллек-
туалдык чыгармачылыкты укуктук жөнгө салууда өз ишмердигин жетишээрлик жогорку мыйзам дең-гээлинде ишке ашырып жаткан мыкты профессионал кадрлар жоопкерчилик менен иштешүүдө. Кыргызпатент келечекте өлкөнүн интеллектуалдуу өнүгүшүнө кам көрүп, чыгармачыл интеллигенцияны — жаш ойлоп табуучуларды, авторлорду, аспиранттарды, студенттерди, балдардын чыгармачыл жамаатын социалдык да, моралдык да жактан колдоп келүүдө. Бул эң чоң,
маанилүү иштин башаты, демек ага дайыма көңүл буруп баалап-барктап туруу керек. Көптөгөн ойлоп табуучулар эл чарбасынын ар кайсы тармагында колдонулуу менен материалдык да, моралдык да пайда алып келүүдө, — деп айтты өлкөбүздүн вице-премьери.
Ошондой эле ал өз сөзүндө мамлекеттин экономикасынын өнүгүүсүндө интеллектуалдык ишмердиктин ролу чоң экендигин белгиледи. Демек Өкмөт тарабынан жеке ишкердикти, чакан жана орто бизнести, социалдык инфраструктураны өнүктүрүүдө бир топ иштер жасалып жаткандыгы бекеринен эмес.
Кыргызпатенттин директору Надырбек Турганбаевдин бул Мамлекеттик патент кызматынын ишмердиги тууралуу жасаган баяндамасы катышуучулардын көңүлүнө уюп калды. Айтмакчы, «салтанаттын күнөкөрлөрүнөн» тышкары — окумуштуулар, ойлоп табуучулар, рационализаторлор, селекционерлер, инновациялык долбоорлордун демилгечилери, ошондой эле жеке ишкерлер, коммерция, каржы чөйрөлөрүнүн көптөгөн өкүлдөрүнүн көргөзмөгө кызыгып келиши көңүл бурарлык. Демек, илимий изилдөөлөрдү, прикладдык, техникалык иштеп чыгууларды жана башка чыгармачыл ой-тутумдарды каржылоонун өтө эле кедейлигине карабай, инновацияга, ойлоп табуучулукка болгон кызыгуу дагы да болсо күчүндө.
Көргөзмөгө коюлган экспонаттар республикабыз илимий-техникалык жактан артта калды деген айрым адамдардын арык аттап, суу кечпеген кеп-сөздөрүн четке сүрүп койду. Энергияны үнөмдөөгө багытталган электрондук приборлор, машиналар, механизмдер, адам эмгегин жеңилдетүүдө колдонулуучу жарак-жабдык аспаптар, өзүбүздүн эле селекционерлер тарабынан алынган өсүмдүктөрдүн жаңы сорттору мүнөздөмөлөрү, керектөөчүлүк сапаттары боюнча чет өлкөлөрдөн валютага сатылып алынып жаткан продукциялардан ашса ашып түшөт, ал эми эч бир жагынан кем калбайт.
Көргөзмөнү аралап жүрүп биздин ойлоп табуучулардын, чыгармачыл адамдардын ишмердигине, эрудициясына көңүлүм тоюп, ыраазы болсом, бир жагынан бир нерсеге капа болуп турдум. Мына, республикабыз энергетикалык кризиске туштугуп олтурат. Токтогул ГЭСине суу толбой жаткандыктан өлкөбүз боюнча маал-маалы менен электр жарыгы өчүрүлүп, калкты бир топ кабатыр кылууда. Ошол эле учурда шамалды, күндү, шаркырап аккан тоо суусун колдонуу менен энергия булагын иштеп чыгууга мүмкүн болгон ойлоп табылган установкаларды, механизмдерди сериялык өндүрүшкө коё берүүгө эмне үчүн болбосун?! Же болбосо, келечекте гектарынан жүздөгөн центнер дан алууга шарт түзгөн жогорку сапаттагы буудай сортуна ээ болуп туруп, эмне үчүн аны сээп-айдабастан, чет өлкөлөрдөн кымбат баада олчойгон акчага жүз миңдеген тонна буудайды, унду сатып алып келип жатабыз?!
Заманбап илимий жетишкендикти — нанотехнологияны колдонуу менен өзүбүздүн өлкөдө эле турмуш-тиричилик буюмдарын, мыкты материалдарды чыгара алабыз, ага көзүбүз жетип турат, бирок мойнубуз жар бербейт.
Мында биздин ойлоп табуучуларга, чыгармачыл адамдарыбызга күнөө коюуга болбойт. Ал эми Кыргызпатент да аларды издеп таап,
коомчулукка алып чыгып, көргөзмөлөрдү уюштуруп, моралдык да, материалдык да колдоо көрсөтүп, зор иштерди аркалап келүүдө. Кептин баары — экономиканын өнүгүшүн түздөн-түз көзөмөлдөгөн мамлекеттик түзүмдөр тарабынан жетишээрлик көңүл бурулбай келе жаткандыгында. Кептин баары -бекер оокат дегенде эт-бетинен кеткен биздин бизнесмендерибиздин илимди, өндүрүштү өнүктүрүүгө акча жумшоого көңүлдөрү чаппагандыгында, анткени андан пайда көрүүнү көпкө күтүп калышат эмеспи. Кептин баары — мээбизге уялап алган туура эмес ой-пикирде — анткени биз чет өлкөлүк кандай гана товар болбосун, техникабы, азык-түлүкпү, кийим-кечеби, же чарба буюмдарыбы, өзүбүздүн өндүрүштөн чыкканга караганда алда канча сапаттуу, мыкты дегенге көнүп бүткөнбүз!
Мына ушундай туура эмес ой-пикирлерден, көрүнүштөрдөн арылсак, Кыргызпатент аркалап келе жаткан зор иштерге биз да өз көмөгүбүздү кошуп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө бир топ салымыбыз тиер эле.
Айтмакчы, көргөзмө ачылган соң «Каракчылыкка жол жок» деген акция өтүп, Мамлекеттик патент кызматынын павильонунун алдында асфальт жол салууда пайдаланылуучу машина менен алты миң нуска контра-фактылык продукция тебелетилип жок кылынды.
— Бул акция жыл сайын 26-апрелде белгиленүүчү Интеллектуалдык менчиктин улуттук күнүнө карата өткөрүлүүдө, — деп айтты Кыргызпатенттин директору Надырбек Турганбаев. — Республикабызда «каракчылык» аудио, видео продукциялар уятсыздык менен сатылууда. Аны сатуучулар автордук укукту, интеллектуалдык менчик жаатында мыйзамды бузууда. Ырас мыйзам боюнча аларга административдик жаза колдонуу каралган. Бирок мындай чаранын натыйжасы өтө эле аз болууда. Ал эми «каракчылыктан» улам мамлекеттик казына жана авторлор зор зыян тартууда, — деп сөзүн улады Н.Турганбаев.
— Жок дегенде кыргыз авторлорунун дисктерине «каракчылык» кылууну токтотууга болбойбу? Аудио, видео продукцияларды мыйзамсыз сатып жаткандарга катуу чара көрүш керек. Мисалы, мен акыркы дисктеримди чыгарууга көп каражат жумшадым. Анан андан кимдир бирөөлөр пайда көрүшү керекпи? Бир дисктин лицензиялык баасы 200 сом турса, «каракчылар» аны 35-40 сомго гана сатышат, -деп капаланды опера, балет
театрынын ырчысы Үмүт Тилегенова.
— «Каракчылык» продукцияларды сатып албагыла, деп элди дайыма үндөп келебиз. Адамдар азыр бара-бара лицензиялык продукцияларды сатып алууга көбүрөөк ыктап баратышат. Туура кылышат. Кымбат болсо да сапаттуу. Атаандаштыкка туруштук бере албай «каракчылык» продукциялар бара-бара жок болоруна көзүм жетет. Мисалы, жакында эле «Айчүрөк» универмагынын бир бөлүмү контрафактылык продукцияларын өздөрү жок кылды, — деди Коомдук экспертиза ассоциациясынын төрагасы Геннадий Карабанов.
* * *
Ошондой эле тарых музейин-
де Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы тарабынан 26-апрель — Эл аралык жана Улуттук интеллектуалдык менчик күнүнө карата «Өлкөбүздө инновацияны өнүктүрүүдө интеллектуалдык менчиктин ролун күчөтүү маселелери» аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери менен катар эле конференцияда республикабызда машина курууну жолго салуу, авторлорго көмөк көрсөтүү жана алардын укуктарын коргоо, ишканалардын иштеринин илгерилешинде инновациянын зарылдыгы тууралуу сөз болду.
Конференция Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун «Инновацияга ийгилик» урааны жана мамлекет башчыбыз К.Бакиевдин өлкөнү өнүктүрүү стратегиясында инновацияны ийгиликтүү колдонуу керектиги тууралуу милдеттерин ишке ашыруунун чектеринде жүрдү.
Бул салтанатта ПРООНдун өлкөбүздөгү туруктуу өкүлү тарабынан республикабыздын мыкты ойлоп табуучуларына жана чыгармачыл ишмерлерине Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Алтын медалдары тапшырылды. Аларды өзүбүздүн мамлекеттик патент кызматы да кур койгон жок. Ал тургай гуманитардык жана техникалык ЖОЖдордун жаш ойлоп табуучулары да бир катар сыйлыктарга ээ болушту.
Кесиптик майрамына карата республикабыздын Мамлекеттик патент кызматынын кызматкерлерине да мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды.
Бул мекеменин Мамлекеттик патенттик техникалык китепканасынын директору Г.А.Баклыковага «КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери» наамы берилсе, ал эми Мамлекеттик патент кызматынын өнөр жай менчигинин экспертизасы жана селекциялык жетишкендиктер башкармалыгынын эксперти Т.Б.Азыков КР Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланды.
Дайырбек МЕЙМАНОВ,
«Кыргыз Туусу»











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *