Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

Ишкерлерге бут тоскон айыл өкмөт башчысы өзү ким? №32, 05.05.08

0

Биздин жергиликтүү бизнесмендер арасында да бир топ эле ири инвестициялык дол-боорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү барлары жетиштүү. Бирок, ошол эле учурда алардын өз инвестицияларын жумшап, өндүрүш уюштуруу аракеттерине жергиликтүү чоң жана майда чиновниктер тарабынан бут тосулуп жатканы эч кандай логикага жатпайт. Алардын суранганы да бирөө эле -мамлекет башчысынын талаптарында көрсөтүлгөндөй мыйзамдарга ылайык шарттарды түзүп берүүнү мындай кой, жөн гана бут тоспоо. Таң калычтуубу? Ооба. Журналист катарында бул окуя менен алгач таанышканда мен да таң калмак түгүл алгач ишене албай турдум.

Борборубуз Бишкектен алыс эмес жайгашкан Ысык-Ата районундагы Жер-Казар айылында жайгашкан «Алга» айыл чарба кооперативинде (АЧК) болуп өткөн ушул окуяны алалы.
«Би-Старт» ЖЧКсы жана «Би-Пласт» ЖЧКсы акыркы мезгилде дээрлик банкрот болгону калган «Алга» АЧКсынын пайчыларынын мүлктүк пайларын учурдагы мыйзамдарга ылайык рыноктук бааларда сатып алат. Натыйжада «Би-Старт» ЖЧКсы 54,19%, «Би-Пласт» ЖЧКсы 21,4% мүлктүк пайлардын ээси болуп калышат.
2007-жылдын 25-мартында учурдагы аракеттеги мыйзамдарга жана кооперативдин уставына ылайык өткөрүлгөн «Алга»
АЧКсынын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда бир нече маселе каралат. Анда бир катар маселелер менен катар эле «Би-Старт» ЖЧКсы жана «Би-Пласт» ЖЧКсы кооперативдин мүчөлөрүнөн алардын мүлктүк пайларын сатып алышкандыгына байланыштуу аталган эки фирманын кооперативге мүчөлүккө алуу боюнча арыздарын канааттандыруу чечими кабыл алынат. Башкача айтканда алар «Алга» АЧКсынын толук кандуу мүчөлөрү болуп калышат. Баса, пайчылардын доосу боюнча Ысык-Ата райондук сотунун 2007-жылдын 27-февралында кабыл алынган чечимине ылайык, ошол эле жалпы чогулушта кооперативдин Кеңешинин, Текшерүү комиссиясынын жана Башкармалыгынын мурдагы курамдары кайта чакыртылып алынып, жаңы курамдары шайланган. Муну алдын-ала айтканыбыздын себеби — «Би-Старт» ЖЧКсы жана «Би-Пласт» ЖЧКсы менен мамилелерге байланыштуу кийинки чечимдерди «Алганын» ушул мыйзамдуу шайланган жаңы жетекчи органдары кабыл алышкан.
Ошентип, 2007-жылдын 16-апрелинде кооперативдин Кеңеши «Би-Старт» ЖЧКсынын жана «Би-Пласт» ЖЧКсынын аларга тиешелүү мүлктүк пайлардын эсебинен мүлк бөлүп берүү боюнча арыздарын карап, аларды канааттандыруу чечимин кабыл алат. Натыйжада «Би-Старт» ЖЧКсына №3 уйкана, №4 уйкана, мал туугузуучу бөлүгү, 2 музоокана, музоолор үчүн клетка, СТФга өтүүчү жай, анын дарбазасы, тоют кампасы, эски СТФдагы бастырма, гараж, машина-трактор мастерскаясы, трактордук бригаданын жайы, асфальтталган кырман (жалпысынан 616 423 сом суммадагы) жана «Би-Пласт» ЖЧКсына №1 уйкана, №2 уйкана, мал туугузуучу бөлүгү, ветеринардык-санитардык тосмо, ветлаборатория жана СТФга өтүүчү жай (жалпысынан 206 442 сом суммадагы) тиет.
Мындан тышкары ошол жогоруда айтылган кыймылсыз мүлктөр жайгашкан жер участогу «Алгага» жеке менчик укугунда тиешелүү экендиги Ысык-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгында кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде 2007-жылдын 31-декабрында № 24912 болуп катталган
жана аны тастыктаган «Ч» сериясындагы №119953 мамлекеттик акт берилген.
Мына ушундан кийин аталган фирмалар инвесторлорду тартып келип өндүрүштөрдү уюштуруу боюнча иш башташкан. Алардын мындай аракеттери жергиликтүү бийлик башчылары, атап айтканда Узун-Кыр айыл өкмөт башчысы Ш. Акматов жана райондун акими Б. Кененбаев тарабынан колдоо гана табат деп ойлошкон. А буга ишенүү үчүн олуттуу себептер да жетиштүү болгон. Анткени аталган эки фирма райондогу айыл өкмөттөрүнүн жашоочуларына буга чейин эле көптөгөн жардамдарды берип келген. Мисалы, Кант шаарына балдар аянтчасын куруп берип, Милянфан, Биринчи май, Узун-Кыр айыл өкмөттөрүнө ар бири 170 миң сомдук күрөшүүчү килемдерди, андан тышкары спорттук формаларды, инвентарларды сатып берген. Райондук ички иштер бөлүмүнө оргтехника, Милянфан айыл өкмөтүндөгү мектепке 3 компьютер белек кылган. Люксембург айыл өкмөтүндөгү жаңы конушка канализация өткөрүп, андан тышкары мурдагы Кант районунун аймагындагы балдарга 1-июнда 1ден балмуздак жана 1ден оюнчук белек кылууну салтка айландырышкан. Мунун өзү эле бул фирмалар райондун аймагында мыйзамдуу негиздерде олуттуу иш жүргүзүүгө ниеттенишкенин көрсөтүп турбайбы.
Алгач эч кандай бут тосуулар болбоочудай сезилгендиктен ишкерлер чоң долбоорлорду түзүшүп, айыл өкмөтүнүн аймагында 6 завод курушмак болушат. Пластик труба, газопенобетон блокторун, кирпич, томат пастасын, италиялык жабдуулары бар темир-бетон буюмдарын, өсүмдүк майын чыгаруучу заводдор болмок. Алдын-ала макулдашуулардан улам 3 заводдун жабдуулары ташылып келип, жабдууну берген фирманын адистери тарабынан монтаждалып да коюлган.
Бирок, мына ушул жерден жергиликтүү чиновниктер тарабынан түшүнүксүз аракеттер башталды. Аталган эки фирма жеке менчик укугунда аларга таандык болгон объектилерде өндүрүш уюштуруу аракетин көрө баштаганда өздөрү үчүн күтүүсүз тоскоолдукка кабылышты. Анткени «Алга» АЧКсы аталган фирмаларга объектилерди берүү боюнча чечим чыгарган менен бул боюнча бүтүмдөрдү нотариус тарабынан тариздешпеген. Натыйжада Ысык-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы ал участоктор аймагында жайгашкан Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн мүлк үлүштөрүнүн эсебинен берилген имараттар менен курулуштар жайгашкан жерлерди бөлүп берүү боюнча чечимисиз кыймылсыз мүлккө справкаларды жана техникалык паспортторду бербей койгон.
Ошондуктан аталган фирмалар «Алга» АЧКсы менен бүтүмдөрдү анык деп таануу
боюнча доо арыз менен Чүй райондор аралык экономикалык иштер боюнча сотуна кайрылууга аргасыз болушкан. Сот судья П. Жумагуловдун төрагалыгы астында бул доо арыздарды кароо менен 2007-жылдын 8-ноябрында аларды толук көлөмдө канааттандыруу чечимин кабыл алган.
Мына ушундан кийин мыйзам бузуулар табылбаган соң, ошол эле айыл өкмөт башчысы Ш. Акматов менен райондун акими Б. Кененбаев бул инвесторолорго өндүрүш уюштуруу үчүн уруксат берүүгө жардам көрсөтүшү керек болчу. Бирок, тилекке каршы, алар чиновниктик бут тосууларын андан ары улантышты.
«Би-Старт» ЖЧКсына Президент К. Бакиев айткандай, шарттарды түзүп, документтерди тариздөөдө жардамдарды берүүнүн ордуна курулушу башталып, Кытайдан жабдуулары алынып келип калган кирпич цехин бузуу боюнча коркутууларын башташат. А чынында мында мамлекеттин же жергиликтүү жашоочулардын кызыкчылыктарына терс таасирин тийгизе турган мыйзам бузуу да жок. Болгону аким Б. Кененбаев кол коюп койсо
баары чечилгени турат. Мына ушул акимдин бир кол коюусу бир жылдан ашык убакытка созулуп келет.
Өзү жетектеген Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн аймагында болуп жаткандыктан анын башчысы Ш. Акматов болсо инвесторлорду коргомок түгүл, кайра аларды акимге жамандап жаткандай. Анан да 2007-жылдын 14-декабрында өзү түзгөн комиссиянын актысын карап чыгуу менен кирпич цехин бузуу боюнча чечимин чыгарат. Бул, албетте, парадокс.
Мына ушундай бут тосуулардан улам эки фирма алып келмек болгон заводдордун бири кошуна Казакстандын Астанасында курулуп иштей баштаса, дагы экөөсү Тараз шаарында иш баштаганы турат.
Эгерде иши токтотулуп турган сметалык баасы 90 млн. долларлык 3 завод ишкерлер пландаштыргандай иштей башташса, быйыл эле 150 млн. сомдук продукциялар чыгарылып, райондун бюджетине 50 млн. сом суммада салыктар жана башка төлөмдөр түшмөк. Баса, Узун-Кыр айыл өкмөтүнө ишкерлер балдар бакчасын да куруп берели дешип, Ш. Акматовдон макулдугун алалбай жүрүшөт. Атүгүл ал гуманитардык жардамдардан да баш тартып жатканы таң калычтуу. Же ошончолук эле айыл өкмөтү өнүгүп кетип, социалдык маселелердин баары чечилип, өздөрүнүн ашыкча каражаттарын кайда жушаганды билишпей жатышабы?
Андай деле эмес. Ушул айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан карьерден кеткен жол азыр автомашиналар жүрмөк түгүл, тракторлор зорго өтчү абалда. Жогоруда аталган инвесторлор бул жолду асфальттап берүү милдетин да өзүнө алышкан. Албетте, ишканалар ишке киргизилген учурда экени ар бир адамга түшүнүктүү.
Мүмкүн Ш. Акматовдун айыгышып каршы болуп жатканында олуттуу себептер бардыр? Бул суроого да жооп издеп көрөлү. Экологиябы? Алып келине турган технологиялык жабдуулар экологиялык экспертизадан өткөрүлгөн. Айыл өкмөтүнүн аймагында кытайлар ушундай эле кирпич заводун куруп иштетип жатышат. Баса, алар заводду айыл чарба багытындагы сугат жерге куруп алышкан. А бул болсо мыйзам бузуу болуп саналат. Ушундай эле мыйзам бузулуу менен салынган 2 кирпич заводу Милянфан айыл өкмөтүнүн аймагында турат. А аталган фирмалар өздөрүнө жеке менчик укугунда таандык болгон обьектилер турган жерге линия коё алышпай жатышат!
Ш. Акматов ар кайсы инстанцияларга арыздарды жазганга да маш болуп калды окшойт. Бирок, алардын бардыгынан майнап чыга элек. Анткени алар ишкерлердин аракеттеринен мыйзам бузууларды табышкан жок, табышпайт дагы. Анткени мыйзам бузуунун өзү жок болсо кайдан тапмак? Бул боюнча
жооптор да бар.
Чиновниктердин мына ушундай түшүнүксүз жоруктарынан кийин аталган эки фирманын жетекчилери аргасыздан алардын себептери бирөө гана — мүмкүн пара берүүнү талап кылуу болсо керек, эми ошого барууга аргасыз болобузбу деген ойго да келип жатышат.
Мына ушундай окуялар кызып жаткан учурда, кокусунан болдубу, же жогорудагы окуялардын уландысыбы, айтор 2007-жылдын 31-октябрында Бишкектин Ибраимов көчөсүндө жайгашкан «Синдбад» кафесинин жанынан белгисиз бирөөлөр «Би-Пласт» ЖЧКсынын башкы директору Б. Кыдыкеевага тиешелүү «Порше-Каен» автомашинасын өрттөп жиберишкен. Буга байланыштуу жабыр тартуучунун арызынын негизинде Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү А. Мандыбаев тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 174-статьясынын 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча Улан аттуу белгисиз бирөөгө карата кылмыш иши козголуп өндүрүшкө алынган. А бирок натыйжа азырга чейин жок…
Баса, инвесторлорго бут тосуп жаткан айыл өкмөт башчысы Шаадатбек Ильясович Акматовдун ким экенин билели деп анын өмүр баянына кызыгуу менен адамды ойго сала турган төмөнкү бир фактыны аныктадык. 1992-жылдын 21-сентябрында «Алга» колхозунун балдар жана уландар спорттук мектебинин машыктыруучулар кеңешинин жыйыны болуп өткөн. Анда бир гана маселе — Кант райондук сотунан Бакыт Чотунбаев менен Шаадатбек Акматовду түзөтүү иштерин өтөп жаткан жеринен мөөнөтүнөн мурда бошотуу өтүнүчү каралган. Көрсө, Ш. Акматов аталган экөөсү 1991-жылддын 17-сентябрында Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 148-статьясы боюнча тоногондук үчүн 2 жылга түзөтүү иштерине соттолгон экен. Анан булардын машыктыруучулары аларды жаза өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотуу өтүнүчүн жиберип жатышпайбы.
Мен, албетте, бул фактыны мисал келтирүү менен эч кандай жыйынтык чыгаргым келген жок. Ар бир адам жаңылышы мүмкүн. Ошондой эле ар окурман макаладагы фактылардан өзүнүн жыйынтыгын чыгарып алар. А бирок, бир жергиликтүү деңгээлдеги бул чиновник Ш. Акматовдун дагы башка жоруктары да чыгып жатпайбы. Биз жогоруда айтканыбыздай, кытайлар иштетип жаткан жана айыл өкмөт башчысы коргоп жаткан кирпич заводуна айдоо жер ижарага берилген. Ижара акысы үчүн завод ээлери айына 10 миң кирпич бермек болушкан. Бирок, Ш. Акматов ал завод өткөн жылы 4 ай иштеди деп алардан 40 миң кирпич алган. Ошол эле мезгилде жергиликтүү жашоочулар завод 8 ай иштегенин айтып жатышат. Демек, алардыкы туура болсо, 80 миң кирпич алышы керек эле. Чынында бул дагы анча көңүл бурчу нерсе эмес. Мындан да кызыгы, ошол эле 40 миң кирпич айылдагы клубду ремонттоо үчүн жеке адам Таалай Мала-баевге берилген. Ш. Акматовдун эмне себептен аны тандап алганы белгисиз, себеби биринчиден, мындай учурда сөзсүз өткөрүлүүгө тийиш болгон тендер өткөрүлгөн эмес, экинчиден, Малабаевдин курулуш иштерин жүргүзүүгө лицензиясы жок.
Баса, Т. Малабаевдин өмүр баянында Ш. Акматовдукуна окшош бир жагдай бар экен. Малабаев да Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан убагында шарттуу түрдө 3 жылга эркинен ажыратылууга соттолгон.
Ушундан улам Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевдин жарандарды күч түзүмдөрүнө жана салык кызматына ишке алууда талаптарды катуулатуу чараларын көрүү боюнча жакындагы демилгеси эске түштү. Ал мыйзам долбоору азыр палатанын кароосуна киргизилгени жатат. Менин оюм боюнча ушундай эле чектөөлөрдү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эң төмөнкү звеносу болгон айыл өкмөттөрүнө карата да киргизүү зарыл. Антпесе андайлар ар кандай жолдор менен өтүп кетишип, анан биз мамлекеттин мыйзамдары боюнча эмес, криминалдык түшүнүктөр боюнча жашап калып жүрбөйлү.
Макаланы жыйынтыктап жатып төмөнкүлөрдү да кошумчалай кеткибиз келет. Азыр рынок мезгили. А рынокто өлкөнүн экономикасын негизинен жеке ишкерлердин жеке менчик ишканалары түзөт. Мисалы, дүйнө жүзүнө белгилүү фирмалар өнүккөн мамлекеттердин экономикасына гана салым кошушпастан, социалдык проблемаларын чечип, маданиятын көтөрүп, ал өлкөлөрдүн атагын да чыгарып жатышпайбы. Ошондуктан өнүккөн өлкөлөрдө жана алардын катарына кошулууга умтулган өлкөлөрдө азыр бизнесмендер үчүн бардык шарттарды түзгөнгө аракеттерди көрүшөт.
А бизде өкүнүчтүүсү — бизнесмендер кандайдыр-бир ишти баштоодон мурда анын аягы кандай бүтөрүн билишпейт жана ага карата жергиликтүү чоң жана кичине чиновниктердин мамилеси кандай болорун билүүгө аракеттенип баш катырууга аргасыз. Мында бизнесмендин аракеттери өлкөнүн Президенти Курманбек Бакиевдин экономикабызга инвестиция тартуу чакырыгы менен дал келип жатса да. Президент ушундай инвестицияларды жумшагысы келген инвесторлорду тартуу, өзгөчө азырынча анча өнүкпөй жаткан аймактарга тартуу тапшырмасын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынан талап кылууда. Ошол эле мезгилде жергиликтүү чоң жана кичине чиновниктер элдин кызыкчылыктарынан мурда өздөрүнө гана түшүнүктүү болгон жеке кызыкчылыктарын ойлоо менен сырттан инвестор издеп таап, алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, аларды ар кандай жеңилдиктер менен кызыктыруу аркылуу өз аймактарына тартуунун ордуна өздөрү келген инвесторлорго бут тосууну улантышып жатышат. Бекеринен азыр Бүткүл дүйнөлүк банктын «Бизнес жүргүзүү» долбоорунун эксперттеринин корутундусуна ылайык биздин өлкө бизнес жүргүзүүгө шарттардын түзүлүшү боюнча акыркы орундардын биринде турбаса керек.
Мырзакат Тыналиев,
«Кыргыз Туусу»











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *