Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

Кыргызстандын эгемендүүлүгүн дүйнөнүн 130 мамлекети тааныган №32, 05.05.08-ж.

0

◄◄◄
Кыргызстандын эгемендүүлүгүн дүйнөнүн
130 мамлекети тааныган

5-май — Кыргыз Республикасынын Конституция күнү
Кыргызстан: Көчмөндөн эгемендүү мамлекетке чейин
Менин оюмча, Кыргыз мамлекетинин пайда болушун, өнүгүшүн жана азыркы учурун үч этапка бөлсөк болот: I этап (б.з.ч. 201-1924-ж. чейин); II этап (1924-1990-жж.); III этап (1991-жылдан бүгүнкү күнгө чейин).
I этап. Сыма-Цяньдын «Тарыхый жазмалар» эмгегинде (б.з.ч. 201-ж.) кытайлык кыргыздарды «Гегундар» деп аташкан. Этноним кыргызды биринчи эскерүү болгон.
Тарыхка кайрылсак. 758-жылы Энесай кыргыздары убактылуу уйгур каганатына баш ийишкен. Бирок, 840-844-жылдары Борбордук Азиядагы саясый бийлик толугу менен Энесай кыргыздарына өткөн.
875-999-жылдары Ош менен Өзгөн аймагындагы кыргыздар Саманид мамлекетине баш ийишкен. X кылымдын экинчи жарымында XIII кылымдын башына чейин Чүй жана Талас региондорун толугу менен Караханий мамлекети башкарган. XI кылымдын 30-жылдары Орто Азиянын бир катар региондору Огуз түрк Сельжук мамлекетине баш ийген. Ушул мезгилден 1213-жылга чейин Баласагын региону, азыркы Түндүк Кыргызстан, Кара кытай мамлекетине каралган.
VI кылым Кыргыз мамлекетинин тарыхында өзгөчө орунга ээ. Энесайдагы кыргыз каганаты XIII кылымга чейин өкүм сүргөн. 1218-жылы Чыңгызхандын уулу Жуучу менен салгылаштан кийин Кыргыз кагандыгы жоюлган.
XVI кылымдын акырынан XVIII кылымдын 60-жылдарына чейин Энесай кыргыздары Алтын хан мамлекетине саясый көз каранды болушкан. 1710-1876-жылдары Орто Азия, анын ичинде Ош жана Алай Кокон кагандыгына баш ийишкен.
1855-жылдын 17-январынан ысык-көлдүк кыргыздар Россиянын букаралыгына өтүшкөн. 1868-жылы бул прецедентке таянышып, Чүй жана Теңир-Тоо кыргыздары Кокон кагандыгынан бөлүнүп, Россиянын курамында болушту. 1876-1917-жылдары Фергана облусу түзүлгөн. 1918-1924-жылдары көп улуттуу мамлекет Түркестан АССРине биригишкен.
Ошентип, бизде «көчмөн кыргыз мамлекети» болгон. Бирок, мамлекеттин цивилизациялык критерийлери жок эле: эгемендүүлүк (өлкөнүн ичиндеги жогорку бийлик жана эл аралык байланыштардагы көз карандысыздык), ошондой эле туруктуу аймак (чегара алкагындагы бүт аймагы кол тийгис жана бөлүнгүс).
II этап. 1924-жылдын 14-октябрында ВЦИКтин токтомуна ылайык Кара-Кыргыз автономиясы түзүлгөн. Миң жылдык аралыктан соң, кыргыздардын аймактары биринчи жолу мамлекеттик укуктук автономияга биригишти.
1925-жылдын майында РСФСРдын ВЦИКинин токтомуна ылайык ККАО Кыргыз автономия облусу деп жаңыча аталган; 1936-жылы 5-декабрдан Кыргыз ССР статусуна ээ болгон. СССРдин мамлекеттик федеративдик түзүлүш принциби бир гана нерсени билдирген: эгемендүүлүк жана эл аралык субъекттүүлүк 100% борбордук бийликке жана анын туу чокусундагы компартияга
таандык экендигин далилдеген. Анткени, Кыргыз ССРи федеративдик мамлекеттин гана субъектиси болгон. 1978-жылдагы Кыргыз ССРинин Конституциясынын 73-беренесиндеги эл аралык байланышка тиешелүү укуктар (мисалы: республиканын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн башка өлкөлөрдө ачуусу), практика жүзүнө ашыруучу эффективдүү механизми болгон эмес жана эгемендүүлүктүн формалдуу конституциялык калканычы болгон эле.
Социалисттик мамлекеттин жана укуктун маңызы пролетариаттын диктатурасы, кийинки этабында жалпы элдик мамлекетке айланмак. Ошол учурдагы Кыргыз ССРине пайдалуу жактарына көз чаптырсак: экономиканы, билимди, илимди, маданиятты мамлекеттик деңгээлде башкаруу тажрыйбасына ээ болгондугунда. Укуктук система чөйрөсүндө болсо, конституциялык мыйзам чыгарууну өздөштүргөндүгүндө.
III этап. 1991-жылдын 31-августунда Кыргызстан эгемендүү мамлекет катары пайда болгондугун Декларацияда жарыялады. Юридикалык негизине кайрылсак, 1991-жылдын 8-декабрындагы КМШны түзүү жөнүндөгү келишимине ылайык: СССР эл аралык укуктун субъектиси жана саясый чындык катары жоюлду. Бирок, КМШ уставынын (1993-ж.) 1-беренесинде баса белгиленгендей: шериктештик мамлекет эмес жана ага мамлекеттерге үстөмдүк кылуучу укугу берилбейт. КМШга мүчө мамлекеттер тең укуктуулук статусуна ээ.
2008-жылга карата Кыргызстанды дүйнөнүн 130 мамлекети де-юре таанышты, 30дан ашык өлкөлөрдө дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөр ачылды, республика БУУнун жана дагы 84 кадыр-барктуу эл аралык уюмдардын мүчөсү болду. Кыргызстан эл аралык укуктун анык субъектиси экендигинин далили мына ушунда. Республика тынчтык жолу менен марксисттик-лениндик социалисттик коомдук экономикалык формациядан, цивилизация тибиндеги мамлекетке өткөндүгүндө. Тике айтсак: Түрк мамлекеттеринин биримдигине жол ачылды. Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркмения, Түркия жана Өзбекстан 300 миллионго жакын элди бириктирип, Адриатикадан Кытайга чейинки аймакты камтыйт эмеспи. Аталган мамлекеттер өздөрүнүн тышкы саясый жана экономикалык мамилесин кеңейтип, маданиятын жана тилин байытып, дүйнөлүк цивилизацияга бараандуу салымын кошуусу керек. Өлкөлөрдүн интеграциясы эл аралык укуктун 10 фундаменталдуу принцибине таянышы абзел, өзгөчө: эгемендүү тең укуктуулук принцибине. Бул табигый нерсе, анткени XXI кылымдагы жаңы дүйнөлүк тартип укуктун үстөмдүгүндө, адамдардын укуктарынын жана эркиндиктеринин кепилдигинде, демократиянын көп партиялуулугуна жана адамзаттын бакубат турмушун идеалдуу тынчтык менен камсыз болушунда.
Дүйнөлүк укуктук практиканы анализдесек, байыркы коомдо мамлекеттин кереги жок эле. Ал эми социализм учурундагы теоретиктер: бара-бара мамлекет жоюлуп, коммунисттик коом өзүн-өзү башкарат дешкен. Азыркы учурда, социалдык типтеги мамлекет болушу керек дегенибиз туура. Кыргызстандагы рыноктук экономиканын негизин түзүү: «жеке менчик кол тийгис жана ыйык», күчтүү мамлекетке таянганда гана турмушка ашат. КР Конституциясынын (2007.21.10) 1-беренесинде айтылгандай: Кыргызстан эгемендүү мамлекет. Президент Конституциянын, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин кепили (42-берене). Саясый режим либералдуу, адам укугу, мамлекеттин ички ишине кийлигишпөө принцибинин негизинде эл аралык укуктун объектиси.
Күчтүү мамлекетти түзүүнүн стратегиялык багыты мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бутактарына бөлүштүрүлүшүн бекем сактоо. Конституциянын 54-беренесине таянсак: Жогорку Кеңеш партиялык тизме боюнча беш жылдык мөөнөткө шайлануучу 90 депутаттан турат. Можаритардык-пропорционалдык системадан, 100% пропорционалдык системага өтүп, парламентти дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн деңгээлинде түзүүдө, Кыргызстандын Президенти К.Бакиевдин чечкиндүүлүгү колдоого татыктуу.
Жыйынтыктоочу түйүн. Логикага сыйган акыркы конституциялык реформалар, бийлик үчүн саясый күрөш менен байыркы кыргыздардын бүгүнкүгө чейин сакталган уруулук байланыштарын ажыратты. Учурунда ошол уруулук карым-катнашка таянып кыргыз мамлекети сакталбадыбы. Ошол уруулук мамилени көздүн карегиндей сактабасак, маңкурттарга айланабыз!
Э.БЕЙШЕМБИЕВ,
юридика илимдеринин доктору, Кыргыз-Түрк «Манас»
университетинин профессору, Кыргызстандын илим жана
техника боюнча мамлекеттик
сыйлыгынын лауреаты











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *