Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

Кыргыз Туусунун» басма сөз борборунда №32, 05.05.08

0

Малды жасалма уруктандырууга жабдуулар табылды
Кыргызстан дыйкандар жана фермерлер партиясынын төрагасы Куттубек Асылбеков жана К.И.Скрябин атындагы агрардык университетинин биринчи проректору Мукамбет Ногойбаев «Кыргыз Туусу» гезитинин маалымат борборунда басма сөз жыйынын өткөрүштү. Аталган партиянын жетекчилиги республикада асыл тукум малды көбөйтүү максатында жасалма уруктандыруучу жабдууларды Кыргызстанга ташып келүүгө россиялыктар менен келишим түзгөн. Санкт-Петербург шаарынан чыгарылган БИОМЕД-4 микроскобу уруктун кыймылдуулугун, сапатын текшерүүчү сейрек каражат катары абдан баалуу. Наркы 15 миң сом. Экинчиси, Москва шаарынын «НПО ГЕЛИЙМАШ» ачык акционердик коому менен аталган партиянын жетекчилигинин ортосунда өндүрүшкө, айыл чарбасына колдонуучу дьюара аппаратын сатып алууга да келишим түзүлгөн. Анын баасы 35 миң сом. Бул аппарат асыл тукум уруктун сапатын бузбай сактоочу каражат катары колдонулат. Мындай жабдуулар союз кезинде колдонулуп келген. Андан кийинки 16 жылдан бери аны алып келүүгө эч ким кызыккан эмес. Мурдагылары эскирип, колдонуудан чыккандыктан азыр
дээрлик Кыргызстанда жок. Учурда, маселен, уйдун сүттүүлүгү абдан төмөндөп, дээрлик үч литрден ашпай калган учурлар арбып баратат. Россиялыктар Кыргызстанга жардам иретинде жогорудагы жабдууларды эң арзан баада сатууга убада беришкен. Ал эми малды жасалма уруктандыруучу ветеринардык адистерди Кыргыз агрардык университетинин алдындагы үч айлык курстан даярдап жатышат. Мындай ийги ишти
жайылтуу максатында 2008-жылдын 10-февралында К.И.Скрябин атындагы кыргыз агрардык университетинде өткөн республикалык дыйкандар жана фермерлердин 9-курултайында резолюция кабыл алынган. Курултайга Өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, КРнын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин өкүлдөрү жана «Ак Жол» элдик партиясынын делегаттары катышышкан. Ал резолюцияны кабыл алууда КРнын Президенти К.Бакиевдин 2007-жылдын 16-майындагы № 249 «2007-2010-жылдарга карата өлкөнү өнүктүрүү стратегиясы тууралуу» жарлыгында фермерлер, дыйкандар үчүн 20 млн. сом кредит бөлүү каралган. Бирок мал тукумун асылдандыруу үчүн жасалма уруктандырууга атайын республикалык бюджеттен каржы которула элек. Ошондуктан ички резервдерге таянып, айыл өкмөттөрүнө каражат караштыруу жүктөлгөн. Фермерлер уруктандыруу үчүн жабдуу аппараттарын өтө көп сурашат. Жогоруда аталган резолюциянын төртүнчү бөлүмүндө малды асыл тукум уруктандырууну уюштуруу максатында республика боюнча 150 аймакта кошумча бөлүм ачуу жана ал үчүн керектүү техникалык жабдуулар менен камсыздоо белгиленген.
Зооветеринардык тейлөөлөр үчүн кошумча 220 бөлүм ачуу талабы коюлган. Мына ошол резолюциянын негизинде Кыргызстан дыйкандар жана фермерлер партиясы жогорудагы аппараттарды ташып келүүгө даяр. Бул тууралуу республиканын айыл өкмөттөрүнө кабарлоо зарылчылыгы жаралды. Жогорудагы БИОМЕД-4 микроскобу жана дьюара аппараты уй, кой, чочко, жылкы ж.б. үй жаныбарларынын баарын жасалма у руктандырууга колдонуучу каражат болуп эсептелет. Андан тышкары малдын жугуштуу дарттарынын алдын алуу үчүн профилактикалык иштерге пайдасы зор.
— Биздин университеттин алдындагы үч айлык курста ветеринардык адистерди окутуп, чыгаруу аракеттерине жергиликтүү жетекчилер чоң маани берүүлөрү керек. Айлык акынын аздыгынан элет жергесиндеги зооветеринарлар башка жумуштарга кетип жатышкан учурда, окутуу акысын болгону 3000 сомдон өйдөлөткөн жокпуз. Ал айыл өкмөтүнүн эсебинен каржыланууга тийиш. Жатакана менен да камсыз болушат, деп билдирди профессор Мукамбет Дайырович. Айрыкча быйыл ушул маселенин орчундуулугун Өкмөт, тийиштүү министрликтер терең талдап, мындай кесиптиктер боюнча окутууну мамлекеттик бюджеттен каржылоонун аракетин көрүп жатышат. Андан тышкары алыскы аймактарга ветеринар, фельдшер, санврач сыяктуу депозиттик дарыгерлерди даярдап берели деген сунуш киргизүүдөбүз. Акыркы жылдардагы республикадагы массалык мал оорулардын жайылышы тууралуу кабарчылардын берген суроолоруна Куттубек Асылбеков төмөндөгүдөй жооп берди:
— Азыркы күндө малдын саны көбөйүп баратканы менен сапаты төмөндөдү. Көзөмөлгө алынбай, асыл тукум чарбаларына көңүл бурулбай калды. Тажрыйбалуу кадрлар чет мамлекеттерге небак кетип калышкан. Эттин сапаты начар эле болуп жөн калбай, андан жугуштуу дарттар таралууда. Биз күн сайын сүт, эт азыктарын керектебей коё албайбыз. Андыктан өмүр бою шаарда туулуп өскөндөрдөн деле малдын оорусу табылып жатышы кооптонууну жаратпай койбойт. СПИДден сактанса болот, ал эми малдын сакайтууга кыйын дарттары адамдын генефондуна чейин таасирин тийгизип жатпайбы.
Мал чарбасына керектүү жогорудагы жабдууларды сатып алууну каалаган айыл өкмөттөрү Кыргызстан дыйкандар жана фермерлер партиясынын дарегине кайрылышса болот. Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 20/43. телефондору: 93 87 85, 0773 93 53 69 К.Асылбеков.
Нарынкүл Назаралиева,
«Кыргыз Туусу»











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *