Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

«Коомдо адам сынып калбаш үчүн күрөшүш керек» 26.06.09

0

А.Атамбаевдин шайлоо алдындагы үгүттөө штабынын жетекчиси Бакыт БЕШИМОВ:

— Мисалы, «Жогору жак ошону кылып жатат, мен эмне үчүн ошону кыла албайм»,- дегендейби?

— Адам мындай ойлонот да, «Жогору жактагылар деле ошону жасап жатпайбы, мен дагы ошондой кылсам эмне болмок эле», — деп. «Азыр жырткычтардын заманы, мен дагы жырткыч болом», — дейт. Эгерде моралдык баалуулуктарга өтө берилген таза адамдар бийликте болсо мындай болбойт эле. Шапак уулу 16-кылымда «Туугандуу бийде ыйман жок, ыймандуу бийде тууган жок», — деп айткан. Эгерде бир жамаатка иштемчил, жакшы бир адам келсе бүт жамаат иштейт, көтөрүлөт, бир шүмшүк келсе, бүт жамаат бузулат. Мындайларды көрүп эле жатпайбызбы. Эгерде жетекчиликке кең пейил, төрөпейил, ыймандуу адам келсе мамлекеттин бактысы. Мен Малайзиянын жетекчисине Вахапкирге абдан суктанам. Ал Малайзияны баткактан сууруп чыгып, алдыңкы мамлекет кылды. Мөөнөтү бүтүп отставкага кетип жатканда миллиондон ашык адам көчөгө чыгып «Бийликтен кетпеңиз», — деп ыйлашкан. Мына, ал кандай гана бактылуу лидер. А биз кантип жашап жатабыз? 18 жылдан бери эки үйбүлөдөн кантип кутулабыз деп эле жүрөбүз. Биз адаштык, аябай адаштык. Адашканын мен сизге айтып берейин. Президент Бакиевдин 2005-жылы берген убадаларын эле карап көрүңүз. Бирди айтып жатат, таптакыр тескери нерсени жасап жатат. Ошону көрүп туруп анан кантип мектептердеги, Жогорку окуу жайлардагы абалды жакшы жагына бурасыз? Мүмкүн эмес да. Ошондой эле үйбүлөдө да…

— Айтсаңыз, үйбүлөдө сиз кандай атасыз?

— Бул жагынан мен бир топ эле бактылуумун, педагогдордун үйбүлөсүндө чоңойгом. Апамдын дагы, атамдын дагы айтканы айткандай болчу.

— Өспүрүм кезиңиздеги, жаш кезиңиздеги принциптериңиз кандай эле?

— Азыр деле ошондой. Мен алыскы Алайдын Күлчөсүндө төрөлүп-өстүм. Бала кезимде айрыкча таенем мага өтө таасир эткен. Ал киши өтө сулуу жана ою өтө терең адам эле. Ушунчалык жүрөгү таза, кенен аял болгон да. Дайыма айтчу: «Адамга ар дайым жакшылык жасаш керек, бирок, жакшылык жасаганда кайра бир нерсени күтпөгүлө», — деп. Атам педагог катары мен үчүн жөн эле ата эмес, жүрөгүмдө абдан терең орун алган окутуучум болгон. Тилекке каршы, атамдын өтүп кеткенине отуз беш жылдай болду. Бирок, азыркыга чейин Кыргызстандын кайсыл гана жерине барбайын жолуккан адамдар: «Бизди сиздин атаңыз окуткан, абдан жакшы мугалим, жакшы адам болгон», — дешип айтып калышат.

— Кайсыл предметтен окутчу эле?

— Алгач кыргыз тил, адабиятынын мугалими болгон, андан соң педагогика боюнча, кийин кыргыз эл педагогикасы боюнча диссертация жазып, изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Чынында эле менин алгачкы аброюм атамдын атына байланыштуу болгон. «Жолчубектин баласы жакшы эле адам болуш керек», — деп атамдын аброюн эске алып турушаар эле. Сиз суроону үйбүлө, баланы тарбиялоого бурбадыңызбы? Айткандай эле, үйбүлөдө моралдык баалуулуктар абдан жогору болушу керек. Ошондо гана балдар жакшы тарбияланат деген бекем ишенич болот. Бирок, бул жерде бир маселе турат да, балдарыңызды өтө чынчыл, адилеттүү үйбүлөдө тарбиялаган менен, алар мына мындай жырткыч коомго барганда оор болот. Азыркы заманда чынчыл, таза адамдар артта калды. Азыр алдыңкы катмарда уурулар, калпычылар, жамандыкты эңсеген, жамандык жасаган адамдар жүрүшөт. Биздин коом ушундай болуп калды. Ошондуктан, балдарыңызга бакты-таалайды кааласаңыз адилетүүлүктүн негизинде эр жүрөк, чыдамкай, салмактуу тарбиялашыңыз керек. Анткени, чындыкты табыш көп учурда өтө оор, коркунучтуу дагы. Адилеттүү болуш биздин коомдо өтө кыйын. Жолдон тайбас үчүн, адам болуш үчүн мен айткан касиеттер болуусу абзел. Адамдын бардыгында тең Кудай көкүрөгүнө салган баалуулуктар болот, бирок, адамдын өзүнүн эрки болбосо ал баалуулуктар жокко учурайт. Ошон үчүн коомдо адам сынып калбай бекем болуш үчүн күрөшүш керек. Эптеп-септеп жүргөн, бирөөнүн көзүн карап, бирөөнүн босогосун сагалап жүргөн адамдардын көбөйүшү алардын алсыздыгынан. Чынчыл, адилеттүү болгону менен кайраттуу эмес…

— Ушул жерден бир суроо пайда болуп жатат да. Жумуш орундарына квоталар берилип, мамлекеттик кызматтарга жаштар конкурс аркылуу вакансияларга барышат. Бирок, алар бир аз иштегенден кийин жетекчилери, орун басарлары, бөлүмдүн начальниктери ошол жаштарды сындырып, жумуштан чыгарышат. Ал орунга өздөрүнүн туугандары, тааныштары келип отурат. Акыркы убакта көңүлү, ишеними, психологиясы сынган жаштар чын эле коомдо көбөйүп кетти. Алар аргасыз дипломун катып коюп, ар кандай жолдор менен кара жандын камын көрүүдө. Ошол билимдүү, илимдүү жаштардын эртеңкисине кепилдик берип, ушундай ишенбөөчүлүктүн сазынан кантип алып чыгууга болот? Ошол жумуш орундарына кайсыл бир чөнтөктүүнүн мээси жок баласы барып отурбагандай, кантип мындай нерседен тазаланып, арылса болот?

— Эки кыймыл кошулуш керек. Биринчи, Элдик кыймыл — тазалануу, таза коом. Экинчи, бийлик — таза бийлик деген кыймыл болушу керек. Эгерде ошол таза бийлик, таза коом деген эки бийлик күчүнө кирсе мамлекеттеги абал оңолот. Сиз белгилегендей, бизде шагы сынган адамдар көп. Ошон үчүн биздин коомубуз дагы аксак. Аксак болгондон кийин биздин мамлекетибиз дагы алдыга жылбай жатат. «Мен Кыргызстан үчүн», — деп мекенибизге күйгөн, «Мен мекеним үчүн», — деп жашаган идеологияны каалайт элем. Азыркы учурда тескерисинче, «Кыргызстан мен үчүн» деген идеология үстөмдүк кылып, мекенибизди туш тараптан өз атуулдары талоонго алышууда. Чет мамлекеттерге жерлерин сатып, жер байлыгын бекер берип, бүт байлыгыбызды тонотуп… Өзүңүз карап көрүңүзчү, канча адамдар байлыкты алып качып кетишти. А биздин коом өксүп калды. Азыр баарыбыз бир нерсеге баш катырып жатабыз «Ушул үйбүлөдөн кантип кутулабыз?»-деп. Ошондуктан, ылдый жактан дагы, өйдө жактан дагы ушундай кыймыл болушу керек, мындай кыймылдардын күчөп баратканын мен байкап жатам жана ишеничим мурдагыдай эле бекем.

— Сиздердин көтөргөн ураандардын алдындагы чакырыктар эмнеге багытталмакчы?

— Коомго жаңы адамдар келиш керек. Жаңы дегеним, башка бир адамды сырттан алып келүү эмес, ою өзгөчө, пейили таза адамдар керек болуп жатат. Биз бул бийликке агрессивдүү, одоно мамиле жасабайбыз. Буга чейин да жасаган эмеспиз. Сын-пикир айттык, түшүнсө түшүнөт, түшүнбөсө өздөрүнө. Шайлоо алдындагы компаниябыздын ураандары негативдүү эмес. Жалаң алдыга үндөгөн, адамдын ички дүйнөсүн козгогон, жалпы рухубузду жогору көтөргөн чакыруулар болуп жатат.

— Тазалануу эмнеден башталат?

— Көп эле коомдор барып-барып ар кандай себептер менен бузулат.

— Бул табигый нерсеби?

— Табигый нерсе десем деле болот. Тазалануу эмнеден башталат? Ошол бузулган коомдун ичинде кайсыл бир учурда жаңы уютку, жаңы лидер пайда болот. Алар башкача жашагысы келет. Алар жаңыча ой жүгүрткүсү келет. Алар оор таймашуудан кийин гана жалпы коомго өз идеологиясын жайылтат. Мына, динди эле алып карайлы. Мухаммад пайгамбардын тарыхын билесиз. Ал Кудайдын айткан кайрылуусун элге жеткирүү үчүн абдан кыйналган. Душмандар менен салгылашкан. Бирок, ага карабастан Ислам дүйнөлүк дин болуп калбадыбы. Христиандарды алгыла, ошол эле Иса пайгамбарды. Ал өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүнө чейин улуу баалуулуктарды элге таратам деп жүрбөдү беле. Чынын айтканда, заматта эле адамдардын ички дүйнөсүн козгоп жиберүү мүмкүн эмес, ал үчүн күрөшүү керек. Ушул күрөштүн негизинде гана ийгилик болот. Биз дагы ушул жолдобуз. Буюрса, биздин идеологиябыз элдин идеологиясы болот. Анткени, биз элге жакшылыкты каалап, элибиз бактылуу болсун деп күрөшүп жатабыз. Колубузда болсо теңдик, адилеттүүлүк, чындык, тазалык сыяктуу өтө жогорку баалуулуктар болушу керек. Өзгөчө бир нерсени белгилеп кетейин, биз чынында эле Кудайга ишенген адамдарбыз. Мен мисалы, Кудайдын сотуна гана ишенем.

— Демек, сиздер элге жеткире турган идеологиянын өзөгүн Ислам дини түзгөнү жатабы?

— Жок. Өзөгүн мусулманчылыктын негизги баалуулуктары түзөт. Жамандык жасаба, уурулук кылба, бирөөнүн байлыгына көз артпа дегендей.

— Азыр чынында эле заманга, бийликке, жашоосуна, тагдырына нааразы болгон адамдар көбөйдү. Дейл Карнегинин «Дин -бул, адамдарды сооротуучу курал»,-деп айтканы бар. Азыр адамдар динден алыстап кетти. Ал турсун өлкө башчыбыз деле Алланы оозанганын уга элекмин. Чынында эле дин адамдарды сооротуп, анан кандайдыр бир ишенимге жетелөөчү багыт боло алабы?

— Дин биздин күндөлүк турмушубузда дагы, жашообузда дагы руханий пайдубал болушу керек. Эгерде, ошондой баалуулуктарды бийик тутуп жүрсөк, коомубуз дагы бактылуу болот. Ансыз жырткыч коомдо жашай беребиз. Мында турмуштун дагы, өмүрдүн дагы мааниси кетип жатпайбы. Бири — бирин алдагандар көбөйүп, уурулар жайылып алар эркиндикте жүрсө, калганы кечке талаада жүрүп тапканы зорго бир күндүк ичип-жегенине жетсе… Ушундай адилетсиздиктерден улам жашоо тереңдигин, мазмунун жоготууда. Адамдар «Эмне үчүн бул жашоодо жашап жатам», — деп өзүлөрүнө суроо беришет. Бир эле курсак тойгузуу үчүнбү? Кудай бизди айбанаттардан моралдык баалуулуктар менен айырмалантып жараткан. Ошон үчүн адамбыз. Ошон үчүн сүйүү, чындык, адилеттүүлүк деген нерселерди издейбиз, умтулабыз. Болбосо биздин айбандан айырмабыз кайсы эле? Мен интернеттен атайын дискуцияны баштап, темасын «Мен Мекенимдин бактылуу болушун каалайм», — деп атадым. Анткени, бул жарыкчылыкта бардыгыбыз бир гана нерсени эңсейбиз. Турмуш максаттарыбыз, жолдорубуз, көз караштарыбыз ар кандай болгону менен, бардыгыбызды бириктирген бир нерсе бар, ал — ар бир Адам бактылуу болгусу келет. Туурабы?

— Туура…

— Ошондуктан, канчалык бактылуу адамдар көбөйсө, өлкөбүз дагы ошончо тынч болот. Бактылуу адамдардын жүзүнөн нур чачырап, көздөрүнөн жылдыз төгүлүп, жылмаюсу ички дүйнөсүнүн күзгүсү болот. А биздин мамлекетте азыр көз жашы кургабаган, жүзүн муң басып, «Эртеңим эмне болот?» — деген бечара кембагалдардын ыйы басылбай келатат.

— Айтыңызчы, бактылуу болуш үчүн адамдар бакытты өздөрү издеш керектир..?

— Бакытка жетиш үчүн адамдар эң негизгиси моралдык баалуулуктарды издешибиз керек. Өзүбүз издешибиз керек, бир жерде отуруп алып күтпөшүбүз керек… Ар бир адам Кудайга дагы, моралдык баалуулуктарга дагы өз жолу менен барат.

Маектешкен Азима АКУНОВА











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *